Марк 12
12
Жүзүмзардагы ижарачылар тууралуу ибарат
1Ыйса аларга ибарат менен сүйлөй баштады:
– Бир киши болуптур. Ал жүзүм тигип, айланасын коргондойт. Жүзүм ширесин сыгып алгыдай чуңкур казып, кароол мунара курат. Анан жүзүмүн багбандарга ижарага берип, өзү бир жакка кетет. 2Жүзүм тере турган маал келгенде, жемишинен алып келгиле деп ижарачыларга бир кулун жөнөтөт. 3Ижарачылар болсо кулду кармап алып, сабап, куру кол кайтарып жиберишет. 4Ошондо ал кайрадан дагы башка кулун жиберет. Ижарачылар болсо бу кулдун башын жарып, кордоп туруп кайтарып жиберишет. 5Ал дагы бир кулун жөнөтөт. Ижарачылар аны да өлтүрүшөт. Башка кулдарын жөнөткөндө да, аларды же сабап, же өлтүрүп салышат. 6Акыры жанындай көргөн уулу калып, ошону жибериш керек болот. Ошондо «уулумдан ийменишээр» деп, аларга уулун жөнөтөт. 7Ижарачылар болсо өз ара: «Бул мураскор, жүргүлө, өлтүрөлү, ошондо мурасы бизге калат!» – дешет да, 8аны кармап алып, өлтүрүшүп, жүзүмдүн сыртына ыргытып салышат. 9Эми жүзүмдүн ээси эмне кылат? Келип, ижарачыларды өлтүрүп, жүзүмдү башкаларга берет. 10«Куруучулар жерип, четке чыгарып койгон таш пайдубал ташы болуп калды. 11Бизди аң-таң калтырган бул ишти Жараткан Эгебиз Өзү жасады»#12:10-11 Заб. 117:22-23. деген сөздү Ыйык Жазуудан эч качан окуган жок белеңер?
12Ошондо бул ибараттын алар тууралуу айтылганын түшүнүштү да, Ыйсаны кармамак болушту, бирок элден коркуп, Аны калтырып кетип калышты.
Салык төлөө маселеси
13Ыйсаны сөзүнөн кынтык таап айыптоо максатында эл башчылары тарабынан жиберилген бир нече фарисейлер менен Ироддун жолун жолдоочулар 14келишти. Алар Ыйсага:
– Устат, сиздин чынчыл экениңизди билебиз. Бирөөгө жагынууга аракет кылбайсыз. Эч кимдин жүзүнө карабай, адамдарга Кудайдын акыйкат жолун окутасыз! Рим падышасына салык төлөгөн болобу же болбойбу? Биз салыкты беришибиз керекпи же бербешибиз керекпи? – дешти.
15Ыйса алардын эки жүздүүлүгүн билип:
– Эмнеге Мени сынап жатасыңар? Бир теңге алып келгилечи, көрөйүн! – деди.
16Алар алып келишти.
– Анын бетиндеги сүрөт менен жазуу кимдики экен? – деп сурады Ыйса алардан.
– Падышаныкы, – дешти алар.
17Ыйса:
– Анда падышаныкын падышага, Кудайдыкын Кудайга бергиле, – деди.
Ошондо алар Ыйсага таң калышты.
Өлгөндөрдүн кайра тирилүүсү жөнүндө суроо
18Ошондо өлгөндөр кайра тирилбейт деп ишенишкен садукей тобундагы адамдар келип, Ыйсага суроо беришти.
– 19Устат, Муса: «Эгер бирөө дүйнөдөн өтүп, артында аялы эле калып, тукум калбаса, анда анын аялын иниси алып, агасынын тукумун уласын», – деп жазып кеткен.#12:19 Башт. 38:8; Мыйз. 25:5. 20Жети бир тууган бар эле. Эң улуусу аял алып, бала көрбөй өлдү. 21Аялын экинчи иниси алып, ал да баласыз өтүп кетти. Анан үчүнчүсү да ошондой болду. 22Ошентип жетинчисине чейин, баары ушундай каза болушту. Эң аягында аял да көз жумду. 23Эми кыяматта кайра тирилишкенде, аял кимисиники болот? Анткени баары тең ага үйлөнүп чыгышпадыбы.
24Ыйса аларга мындай жооп берди:
– Ыйык Жазууларды да, Кудайдын кудуретин да билбегендиктен жаңылып жүрөсүңөр силер, чынбы? 25Анткени адамдар өлүмдөн тирилгенде, аял да алышпайт, күйөөгө да чыгышпайт, алар асмандагы периштелер сыяктуу болушат. 26Ал эми өлгөндөрдүн кайра тирилери тууралуу Мусанын китебинин күйүп турган бадал тууралуу бабынан окуган эмес белеңер? Ал жерде Кудай Мусага: «Мен Ыбрайымдын Кудайымын, Ыскактын Кудайымын жана Жакыптын Кудайымын»,#12:26 Чыг. 3:2, 6, 15, 16. – деген. 27Кудай өлүктөрдүн эмес, тирүүлөрдүн Кудайы! Силер катуу жаңылып жүрөсүңөр.
Улуу осуят
28Ошол жерде дин мугалимдеринин бири бул талашты угуп турган. Ал Ыйсанын аларга жакшы жооп бергенин көрдү да, басып келип:
– Тоораттагы эң биринчи осуят кайсы? – деп сурады.
29Ыйса ага:
– Бардык осуяттардын эң биринчиси: «Ук, Ысрайыл, Эгебиз, биздин Кудайыбыз – жалгыз Эге. 30Ошондуктан Аны чын жүрөктөн, бүткүл жан дүйнөң менен, бардык акыл-оюң менен, бар күч-кубатың менен сүй!»#12:29-30 Мыйз. 6:4, 5. 31Экинчиси бул: «Башкаларды өзүңдү сүйгөндөй сүй!»#12:31 Леб. 19:18. Ушул экөөнөн чоң осуят жок, – деп жооп берди.
– 32Жакшы, устат, – деди дин мугалими, – «Кудай жалгыз жана андан башка жок, 33Аны бүткүл аң-сезимиң, түшүнүгүң жана бүт күч-кудуретиң менен сүйүш керек жана башкаларды өзүңдөй сүйүү бардык өрттөлүүчү курмандыктар менен тартуулардан маанилүүрөөк» деп чындыкты айттыңыз.
34Ыйса анын абдан жөндүү жооп бергенин көрүп:
– Сиз Кудай Падышачылыгынан алыс эмес экенсиз, – деди.
Ушундан соң, эч ким батынып, Ага суроо бере албады.
Машаяк тууралуу суроо
35Ийбадаткананын короосунда таалим берип жатып, Ыйса мындай деп сурады:
– Эмне үчүн дин мугалимдери Машаякты Дөөттүн тукуму дешет? 36Ыйык Рух аркылуу Дөөт өзү:
«Жараткан Эге Эгеме деди мындай:
Кастарыңды бут алдыңа жыкканымча,
Олтура тур, сыйлуу жер – оң жагымда»,#12:36 Заб. 109:1. – деген.
37Демек, Дөөт өзү Машаякты Эгем деп жатса, кандайча Ал кайра Дөөттүн тукуму болот?
Көп адамдар Анын сөзүн кубануу менен угушту.
Дин мугалимдеринен сак болгула
38Ыйса дагы мындай деп таалим берди:
– Узун чапан кийип алып жайкала басканды, базарларда элдин эпилдеп саламдашып турганын, 39синагогаларда алдыңкы орундарда, аш-тойлордо төрдө олтурганды жакшы көргөн дин мугалимдеринен сак болгула! 40Жесирлердин үй-жайын тартып алып, атайын элге көрүнүш үчүн узакка сыйынган ошолор. Алардын жазасы өтө оор болот.
Жесир аялдын зекети
41Ыйса ийбадаткананын зекет сала турган үкөгүнүн маңдайында элдин акча салып жатканын байкап олтурду. Көпчүлүк байлар көп-көптөн салып жатышты. 42Ал эми колунда жок бир жесир аял келди да, эки тыйынын салды. 43Ошондо Ыйса шакирттерин чакырып алып:
– Силерге бир чындыкты айтып коёюн: мына бул колунда жок жесир аял баарынан көп салды! 44Анткени баары өздөрүнөн артканын салышса, бул аял өзү жакыр болуп туруп, колунда болгонун бүт салып берди, – деди.
ទើបបានជ្រើសរើសហើយ៖
Марк 12: КЫРИ
គំនូសចំណាំ
ចែករំលែក
ចម្លង

ចង់ឱ្យគំនូសពណ៌ដែលបានរក្សាទុករបស់អ្នក មាននៅលើគ្រប់ឧបករណ៍ទាំងអស់មែនទេ? ចុះឈ្មោះប្រើ ឬចុះឈ្មោះចូល
Kyrgyz New Testament © Bible Society of Kyrgyzstan, 2018