Марк 13

13
Ийбадаткананын кыйрашы тууралуу
1Ыйса ийбадаткананын короосунан чыгып баратканда, шакирттеринин бири ага:
– Устат, карачы, бу не деген таштар, не деген имараттар! – деди.
2Ыйса ага:
– Сен ушул заңгыраган имараттарды көрүп турасыңбы? Таш үстүндө таш калбай, мунун баары талкаланат, – деди.
Акыр заман алдындагы кыйынчылык, куугунтуктар
3Ыйса ийбадаткананын тушундагы Зайтун тоосунда олтурганда Петир, Жакып, Жакан жана Идрис Андан өзүнчө минтип сурашты:
4Айтчы, бул качан болот? Ушунун баары ишке ашар алдында кандай жышаан болот? – дешти.
5Ыйса аларга мындай деди:
– Сак болгула, бирөө силерди алдап кетпесин! 6Анткени көп адамдар Менин атымды жамынып келип: «Машаяк менмин!» дешет да, далай адамды алдап кетишет. 7Жакын жерлердеги согуштардын үнүн жана алыс жерлердеги согуштар тууралуу имиш-имиштерди угасыңар. Бирок коркуп, үрөйүңөр учпасын! Андайлар болушу керек, бирок бул акыр заман келди дегенди билдирбейт. 8Бир эл башка элге каршы, бир мамлекет башка мамлекетке каршы согушат. Жер-жерлерде жер титиреп, ачарчылыктар болот! Толгоо башталгандагы азаптар сыяктуу, мунун баары боло турган азаптардын башталышы гана.
9Силер болсо өзүңөргө сак болгула! Силерди сотко беришип, синагогаларда сабашат. Мага ишенгениңер үчүн өкүмдарлар менен падышалардын алдында суракка алынасыңар жана аларга Мен жөнүндө айтасыңар. 10Акыр заман болордон мурда, бардык элдерге Жакшы Кабар жетиши керек. 11Силерди соттоо үчүн кармап, алып жөнөшкөндө, эмнени айтабыз деп алдын ала түйшүк тарпагыла, ошол саатта Кудайдан эмне берилсе, ошону айткыла! Анткени силер эмес, Ыйык Рух сүйлөйт. 12Бир туугандар бири бирин, атасы өз баласын өлүмгө салып бере турган болот. Балдары өз ата-энелерине каршы чыгышып, аларды өлүмгө салып беришет. 13Мен үчүн баарына жек көрүндү болосуңар. Бирок ким аягына чейин чыдаса, куткарылат.
Улуу алаамат
14Жийиркеничтүү арам нерсенин касиеттүү ийбадатканада турганын көргөнүңөрдө#13:14 Дан. 9:27; 11:31; 12:11. (муну окуп жаткан адам өзү түшүнүп алсын), Иудеядагылар тоолорго качсын, 15ким үйдүн төбөсүндө турса, бир нерсесин алам деп үйүнө кирбесин, 16ким талаада жүрсө, кийимин алам деп артына кайтпасын. 17Ошол күндөрү кош бойлуулар менен бала эмизгендердин шору. 18Бул окуялар кыш убагына туш келбесе экен деп сыйынгыла. 19Анткени ошол күндөрдө Кудай ааламды жараткандан ушул убакка чейин болуп көрбөгөн алаамат болот. Мындай алаамат келечекте да болбойт! 20Эгер Жараткан Эге ошол күндөрдү кыскартпаса, анда бир да жан аман калбас эле. Бирок Жараткан Эге Өзү тандап алган адамдары үчүн ошол күндөрдү кыскартып койгон.
21Ошондо силерге бирөө: «Машаяк бул жакта», же «тигил жакта» десе, ишенбегиле. 22Анткени жалган машаяктар менен жалган пайгамбарлар чыгат. Алар, эгер мүмкүн болсо, Кудай тандап алган адамдарды да алдап кетүү үчүн жышаандар менен кереметтерди көрсөтүшөт. 23Силер болсо абайлагыла! Мен силерге баарын алдын ала айттым.
Адам Уулунун келиши
24Ошол алаамат күндөрдөн кийин күндүн бети карарып, ай өз нурун төкпөй калат. 25Жылдыздар кулап, асман күчтөрү кыймылга келет.#13:24-25 Ыш. 13:10; 34:4; Жез. 32:7-8; Жал. 2:10, 31; 3:15. 26Ошондо улуу кудурет жана шаң-салтанат менен булуттарды аралап келе жаткан Адам Уулун#13:26 Дан. 7:13. көрүшөт. 27Анан Ал периштелерди жиберип, алар төгөрөктүн төрт бурчунан Кудай тандап алган адамдарды чогултушат.
Анжир дарагынан алынган мисал
28Анжир дарагынан сабак алгыла. Анын бутактары жумшарып, жалбырагы чыга баштаганда, жай жакындап калганын билесиңер. 29Анын сыңары, ушул окуялардын башталганын көргөнүңөрдө, кыяматтын#13:29 Же: Адам Уулунун. босогодо турганын билгиле. 30Силерге бир чындыкты айтып коёюн: мунун баары ушул муундун тушунда болуп өтөт. 31Асман-жер жок болот, бирок Менин сөздөрүм кала берет.
Ыйсанын келер убагын Кудай гана билет
32Ал кайсы күнү, кайсы саатта келерин Атабыздан башка эч ким билбейт. Ал убак асмандагы периштелерге да, ал тургай Уулуна да белгисиз. 33Ошондуктан абайлагыла, сак болгула! Анткени ал убакыт качан келерин билбейсиңер. 34Бул үйүн таштап алыс сапарга чыгарда кулдарына бийлик берип, алардын ар бирине тиешелүү иш тапшырып, кароолчусуна сак болууну буйруп кеткен киши сыяктуу болот. 35Ошондуктан сергек болгула! Анткени үй Ээсинин качан келерин билбейсиңер. Ал кечинде, же түн жарымында, же таң эрте короз кыйкырганда, же күн чыкканда келип калышы мүмкүн. 36Күтпөгөн саатта келип, уктап жатканыңарда үстүңөрдөн чыкпасын! 37Силерге айтып жатканымды баарына айтам: сак болгула!

ទើបបានជ្រើសរើសហើយ៖

Марк 13: КЫРИ

គំនូស​ចំណាំ

ចែក​រំលែក

ចម្លង

None

ចង់ឱ្យគំនូសពណ៌ដែលបានរក្សាទុករបស់អ្នក មាននៅលើគ្រប់ឧបករណ៍ទាំងអស់មែនទេ? ចុះឈ្មោះប្រើ ឬចុះឈ្មោះចូល