Марк 11
11
Ыйсанын салтанаттуу түрдө Иерусалимге кириши
1Алар Иерусалимге жакындап, Зайтун тоосунун жанындагы Бейтфаге жана Бейтани айылдарына келишти. Ошерден Ыйса эки шакиртин жөнөтүп жатып, 2аларга:
– Мынабу маңдайдагы айылга баргыла. Ага кирериңер менен эч ким мине элек такай байланып турганын көрөсүңөр. Аны чечип алып, жетелеп келгиле. 3Эгер бирөө: «Эмне кылып жатасыңар?» – десе, «Эгебизге керек болуп жатат. Ал муну кайра дароо эле берип жиберет», деп жооп бергиле, – деди.
4Шакирттери барып, такайдын көчөдө, эшиктин түбүндө байланып турганын көрүштү. Аны чечип жатышканда, 5ошол жерде тургандардын арасынан бирөөлөр:
– Эмнеге эшекти чечип жатасыңар? – деп сурашты.
6Шакирттер Ыйса үйрөткөндөй жооп беришкенде, аларды коё беришти. 7Алар эшекти алып келип, кийимдерин үстүнө жапкандан кийин, Ыйса ага минди. 8Көп адамдар кийимдерин жолго төшөп жатышса, дагы башкалары талаадагы дарактардын бутактарын кесип келип, төшөп жатышты.
9Ал эми Ыйсанын алды-артында бараткандар:
– Осанна! Эгебиздин атынан келатканды Кудай жалгасын!
10Дөөт атабыздын келе жаткан падышалыгын Кудай жалгасын!
Көктөгү Кудайга осанна!#11:10 Забур 117:25 – 26. – деп кыйкыра башташты.
11Ыйса Иерусалимге кирип, ийбадатканага барды да, баарын карап чыкты. Анан кеч кирип калгандыктан шаардан чыгып, он эки шакирти менен Бейтаниге келди.
Каргышка калган анжир дарагы
12Кийинки күнү, Бейтаниден келатышканда, Ыйса ачка болгонун сезди. 13Тээ алыстан жалбырактуу анжир дарагын көрүп, жемиши бар бекен деп жакын басып барды. Бирок келип жалбырактардан башка эч нерсе таппады, анткени анжирдин убагы али келе элек болчу. 14Ыйса ошол даракка:
– Ылайым, мындан ары эч ким жемишиңди жебесин! – деди.
Шакирттери болсо муну угушту.
Ийбадатканадагы соодагерлерди кубалап чыгуу
15Ошону менен Иерусалимге жетишти. Ыйса ийбадаткананын короосуна келип, андан соодагерлерди кууп чыга баштады. Акча алмаштыргандардын үстөлдөрүн көңтөрүп, көгүчкөн сатып олтургандардын отургучтарын оодарып салды. 16Эч кимге кандайдыр бир буюмду ийбадаткананын короосу аркылуу алып өтүүгө уруксат бербеди. 17Анан аларга:
– Ыйык Жазууда жазылган: «Менин үйүм бардык элдердин сыйынуучу үйү деп атала турган болот!»#11:17 Ышая 56:7. Силер болсо аны каракчылардын үңкүрүнө айландырып жибериптирсиңер!#11:17 Жер. 7:11. – деп таалим айтты.
18Муну жогорку динкызматчылар менен дин мугалимдери угуп калышты да, Ыйсанын көзүн тазалоо амалын издей башташты. Себеби бүт эл Анын таалимдерине таң калып жаткандыктан, Андан коркушту.
19Кеч киргенде, Ыйса шакирттери менен шаардан чыгып кетти.
Анжир дарагынын мисалы
20Кийинки күнү эртең менен эрте шакирттери баягы анжир дарагынын жанынан өтүп баратышып анын тамыры менен куурап калганын көрүштү. 21Мурдагы окуя Петирдин эсине түшүп:
– Устат, карачы, сен каргап салган анжир дарагы кагайып калыптыр! – деди.
22Ошондо Ыйса аларга:
– Кудайга ишенгиле. 23Силерге бир чындыкты айтып коёюн, эгер ким мына бул тоого: «Ордуңан жыл да, деңизге кула!» деп ичинен шектенбей, айтканындай болоруна ишенсе, анын айтканы аткарылат. 24Силерге айтып коёюн: сыйынганыңарда эмне сурасаңар да, аны алганыңарга ишенгиле, ошондо сураганыңарды аласыңар. 25Ошондой эле сыйынып турганыңарда асмандагы Атаңар каталарыңарды кечирсин үчүн силер да башкаларга кандайдыр бир нааразычылыгыңар болсо, кечиргиле, – деди.#11:25 Китептин аягындагы «Тексттик варианттарды» караңыз.
Ыйсанын бийлиги тууралуу суроо
27Алар кайрадан Иерусалимге келишти. Ыйса ийбадаткананын короосунда жүргөндө, Ага жогорку динкызматчылар, дин мугалимдери жана эл башчылары басып келишип:
– 28Сен буларды кайсы бийлигиң менен кылып жатасың? Мындай бийликти сага ким берди? – деп сурашты.
29Ыйса аларга мындай жооп берди:
– Мен да сиздерге бир суроо берейин, жооп берсеңиздер, анан Мен да кайсы бийлик менен кылып жатканымды айтам. 30Айтыңыздарчы, Жакыя чөмүлдүрүү расмисин өткөрүү бийлигин кимден алды эле: Кудайданбы же адамдарданбы?
31Ошондо тигилер өз ара мындай деп акылдаша кетишти:
– Эгер Кудайдан десек, анда «эмнеге ага ишенбедиңиздер?» дейт – дешти. 32Элден коркконунан «адамдардан» деп да айта алышпады, анткени баары Жакыяны пайгамбар деп эсептешчү. 33Анан Ыйсага:
– Билбейбиз, – деп жооп беришти.
Ыйса да аларга:
– Анда Мен да силерге кайсы бийлик менен кылып жатканымды айтпайм, – деди.
ទើបបានជ្រើសរើសហើយ៖
Марк 11: КЫРИ
គំនូសចំណាំ
ចែករំលែក
ចម្លង

ចង់ឱ្យគំនូសពណ៌ដែលបានរក្សាទុករបស់អ្នក មាននៅលើគ្រប់ឧបករណ៍ទាំងអស់មែនទេ? ចុះឈ្មោះប្រើ ឬចុះឈ្មោះចូល
Kyrgyz New Testament © Bible Society of Kyrgyzstan, 2018