Марк 10
10
Ажырашуу маселеси
1Ыйса ал жактан чыгып, Иудея аймагына келди да, Иордан дарыясынан өттү. Кайрадан көп эл чогулду жана Ал адатынча аларга таалим берди. 2Ошондо фарисейлер бир кынтык табуу ниетинде Ыйсага келишип:
– Эркек аялын коё берсе боло береби? – деп сурашты.
– 3Муса силерге эмне деген осуят калтырды эле? – деди Ыйса аларга жооп берип.
– 4Муса ажырашуу катын жазып берип, аялын коё бергенге уруксат кылган,#10:4 Мыйз. 24:1. – дешти алар.
5Ошондо Ыйса аларга:
– Бул осуятты ал силерге тоң моюндугуңардан улам жазган. 6Бирок Кудай башында адамдарды аял-эркек кылып жараткан#10:6 Башт. 1:27.. 7Ошондуктан эркек ата-энесинен бөлүнүп, аялына кошулат. 8Ошентип экөө бир дене болуп калат! Ушундайча алар эми экөө эмес, бирөө#10:8 Башт. 2:24.. 9Демек, Кудай кошконду адам ажыратпасын, – деди.
10Үйгө киришкенде, шакирттери Ыйсадан бул тууралуу кайра сурашты. 11Ыйса аларга:
– Аялын коё берип, башкага үйлөнгөн адам аялынын көзүнө чөп салган болот. 12Эгер аялы күйөөсүнөн кетип, башкага тийсе, ал да ойноштук кылган болот, – деп жооп берди.
Ыйсанын балдарга батасын бериши
13Колун коюп батасын берсин деп, эл Ыйсага жаш балдарды алып келди. Шакирттери болсо алып келгендерди жемелеп, уруша башташты. 14Муну көргөндө, Ыйса ачууланып мындай деди:
– Балдар Мага келе берсин, алардын жолун тоспогула! Себеби Кудай Падышачылыгы ошондойлордуку! 15Силерге бир чындыкты айтып коёюн: Кудай Падышачылыгын баладай кабыл албаган адам ага эч качан кире албайт.
16Анан балдарды кучагына алды да, аларга колун коюп, батасын берди.
Бай адам
17Ыйса жолго чыкканда, бир киши жүгүрүп келип, алдына чөгөлөп:
– Оо, жакшы устат! Түбөлүк өмүргө ээ болуу үчүн эмне кылышым керек? – деп сурады.
18Ыйса болсо ага минтип жооп берди:
– Эмне үчүн Мени жакшы деп жатасың? Бир Кудайдан башка эч ким жакшы эмес. 19«Киши өлтүрбө, ойноштук кылба, уурулук кылба, жалган күбө болбо, алдап эч нерсе тартып алба, ата-энеңди сыйла»#10:19 Чыгуу 20:12 – 16; Мыйз. 5:16 – 20. деген осуяттарды билесиң да.
– 20Устат, – деди ал, – мунун баарын жаштайыман сактап келатам.
21Ыйса ага карап туруп, мээрим менен:
– Сага дагы бир нерсе жетпейт: бар да, колуңдагы дүнүйөңдүн баарын сатып, түшкөн акчаны бей-бечараларга таратып бер, ошондо байлыгың көктө болот. Анан кел да, Мени ээрчи, – деди.
22Муну укканда, жанагы киши кабагы бүркөлүп, кайгыга баткан бойдон жолуна түштү, анткени ал абдан бай эле.
23Ыйса айланасын кыдырата карап, шакирттерине:
– Байлардын Кудай Падышачылыгына кириши кандай кыйын! – деди.
24Анын айткандарына шакирттери таң калышты. Ыйса болсо сөзүн улантты:
– Балдарым, Кудай Падышачылыгына кирүү кандай кыйын! 25Бай адамдын Кудай Падышачылыгына киргенинен көрө, төөнүн ийне көзүнөн өтүшү оңой.
26Шакирттери андан бетер таң калышып, өз ара:
– Анда түбөлүк өмүргө ким ээ боло алат? – дешти.
27Ыйса аларга карап:
– Адамдын колунан келбегени менен, Кудайдын колунан келет. Кудай баарын жасай алат, – деди.
28Ошондо Петир Ыйсага:
– Мына, биз баарын таштап салып, сени ээрчип жүрөбүз, – деди.
– 29-30Силерге бир чындыкты айтып коёюн, – деди Ыйса аларга, – Мен үчүн жана Жакшы Кабар үчүн үйлөрүн же эркек же кыз бир туугандарын же ата-энесин же балдарын же менчик талаасын таштап чыккандын баарына азыр, ушул убакта, жүз эсе көп үй, бир тууган, эне, бала жана жер кайра берилет, куугунтукка да алынат, ал эми келечекте болсо алар түбөлүк өмүргө ээ болушат. 31Азыр биринчи болуп жүргөндөрдүн көбү акыркы болушат, ал эми азыр акыркылардан болуп жүргөндөрдүн көбү биринчи болушат.
Ыйсанын Өз өлүмү тууралуу үчүнчү ирет айтышы
32Ыйса шакирттери менен Иерусалимге кетчү жолдо баратты. Ал таң калып келатышкан шакирттеринин алдында эле. Ал эми алардын артындагылар коркуп келатышкан. Ыйса кайрадан он эки шакиртин жанына чакырып алып, Өзүн алдыда эмне күтүп тургандыгын айтты.
– 33Мына, – деди Ал, – биз азыр Иерусалимге чыгып баратабыз. Адам Уулун жогорку динкызматчылар менен дин мугалимдеринин колуна кармап беришет. Алар Аны өлүм жазасына кесишип, башка улуттагылардын колуна тапшырышат. 34Башка улуттагылар Аны кордошуп, бетине түкүрүшүп, сабашып, акырында өлтүрүшөт. Бирок Ал үчүнчү күнү кайра тирилет.
Жакып менен Жакандын өтүнүчү
35Ошондо Зебедейдин балдары Жакып менен Жакан басып келишип:
– Устат, биздин суранычыбызды аткарышыңды каалар элек, – дешти.
36Ыйса:
– Силерге эмнени аткарып беришимди каалайсыңар? – деди.
37Алар:
– Мындан кийин салтанаттуу улуулугуңа ээ болгон кезде, бирибизди оң, бирибизди сол жагыңа олтура тургандай кыл, – дешти.
– 38Силер эмнени сурап жатканыңарды билбейсиңер, – деди Ыйса ошондо. – Силер чындап эле Мен иче турган азап чөйчөгүнөн ичип, Мен өтө турган чөмүлүүдөн өтө аласыңарбы?
– 39Ооба, – деп жооп беришти алар.
– Мен иче турган азап чөйчөгүнөн ичесиңер, Мен өтө турган чөмүлүүдөн силер да өтөсүңөр, – деди Ыйса, – 40бирок оң же сол жагыма олтургузуу Менин колумда эмес, ал мурдатан кимге даярдалган болсо, ошого берилет.
41Буларды укканда, Жакып менен Жаканга калган он шакирттин кыжыры кайнады. 42Ошондо Ыйса шакирттерин чакырып алып, мындай деди:
– Бу дүйнөдөгү элдердин өкүмдарлары өз элине үстөмдүк кылып, төрөлөрү күч менен бийлик жүргүзөрүн билесиңер. 43Бирок силерде мындай болбосун, тескерисинче, араңардан ким чоң болгусу келсе, силердинкызматчыңар болсун. 44Ким биринчи болгусу келсе, баарыңарга кул болсун. 45Анткени Адам Уулу бирөөлөрдү Өзүнө кызмат кылдырыш үчүн эмес, бирөөлөргө Өзү кызмат кылып, Өз жанын көп адамдардын күнөөсү үчүн кун катары берүүгө келген.
Бартимей сокурдун айыгышы
46Анан Иерихонго келишти. Ыйса шакирттери менен көптөгөн элдин коштоосунда Иерихондон чыгып баратканда, Тимейдин уулу сокур Бартимей жол боюнда кайыр сурап олтурган эле. 47Өтүп бараткандын назареттик Ыйса экенин кулагы чалып калып:
– Оо, Дөөттүн Уулу Ыйса, мага ырайым кылагөр! – деп кыйкыра баштады.
48Көп адамдар ага «унчукпа» деп тыюу салышты. Бартимей болсо ого бетер үнүн бийик чыгарып:
– Оо, Дөөттүн Уулу, мага ырайым кылагөр! – деп кыйкырды.
49Ыйса токтоду да:
– Аны бери чакыргыла! – деди.
Алар сокурду чакырышып:
– Коркпо, тур, сени чакырып жатат, – дешти.
50Бартимей чапанын силкип таштап, ордунан ыргып тура калды да Ыйсага келди.
51Ыйса:
– Сага эмне кылышымды каалайсың? – деди.
– Устатым, – деди сокур, – көзүм ачылса экен!
– 52Бара бер, – деди Ыйса, – ишенимиң сени айыктырды.
Ошол замат сокурдун көзү көрүп калды. Анан ал жолго чыгып, Ыйсанын артынан ээрчип жөнөдү.
ទើបបានជ្រើសរើសហើយ៖
Марк 10: КЫРИ
គំនូសចំណាំ
ចែករំលែក
ចម្លង

ចង់ឱ្យគំនូសពណ៌ដែលបានរក្សាទុករបស់អ្នក មាននៅលើគ្រប់ឧបករណ៍ទាំងអស់មែនទេ? ចុះឈ្មោះប្រើ ឬចុះឈ្មោះចូល
Kyrgyz New Testament © Bible Society of Kyrgyzstan, 2018