Башталыш 46
46
Жакыптын Мисирге көчүшү
1Ошентип Ысрайыл бүт мал-мүлкүн алып, Бээр-Шевага келип, атасы Ыскактын Кудайына курмандык чалды. 2Кудай түндө Ысрайылга аян берип:
– Жакып, Жакып! – деди.
– Угуп жатам! – деди Жакып.
3– Мен Кудаймын, атаңдын Кудайымын, – деди Кудай, – Мисирге баргандан коркпо. Мен ал жерде сенден улуу эл жаратамын. 4Мен сени менен Мисирге барам да, Өзүм сени кайра алып келем. Дүйнө салганыңда, көздөрүңдү Жусуп өз колу менен жабат.
5Ошентип, Жакып Бээр-Шевадан кетти. Ысрайылдын уулдары атасы Жакыпты, балдарын, аялдарын фараон жиберген арабаларга олтургузуп, алып кетишти. 6Алар Канаанда тапкан бүт мал-мүлкүн алып, Мисирге келишти. Жакып менен анын бүт урук-тукуму чогуу келди. 7Уулдарын, эркек неберелерин, кыздарын, кыз неберелерин – бүт тукумун өзү менен бирге Мисирге алып келди.
Ысрайылдын Мисирге келген укум-тукуму
8Мисирге келген Ысрайыл тукумунун – Жакыптын жана анын уулдарынын ысымдары булар. Жакыптын тун уулу Рубен.
9Рубендин уулдары: Ханох, Паллу, Хесрон, Карми.
10Ысмандын уулдары: Жемуел, Жамин, Охад, Жакин, Сохар, Шабыл. Шабылдын энеси канаандык эле.
11Лебинин уулдары: Гершон, Каат, Мерари.
12Иуданын уулдары: Эр, Онан, Шела, Перес, Зерак. Иуданын Эр жана Онан деген эки баласы Канаанда өлгөн болчу. Перестин уулдары: Хесрон жана Хамул.
13Ысахардын уулдары: Тола, Пува, Иоп, Шимрон.
14Забулундун уулдары: Серед, Элон, Жахлээл.
15Бул Жакып менен Леянын Паддан-Арамда төрөлгөн балдары. Дина да ошол жерде төрөлгөн. Жакыптын ушул уул-кыздарынын жалпы саны отуз үч эле.
16Гаддын уулдары: Сифиён, Хагги, Шуни, Эсбон, Эри, Ароди, Арели.
17Ашырдын уулдары: Имна, Ишпа, Ишпи, Берия жана алардын карындашы Серах. Бериянын уулдары: Хебер жана Малкиел.
18Булар – Жакып менен Зилпанын балдары. Бардыгы – он алты жан. Лабан Зилпаны кызы Леяга күң кылып берген эле.
19Жакыптын аялы Рахелден көргөн уулдары – Жусуп менен Бенжамин. 20Жусуп Мисирден Менаше менен Эпрайымды көрдү. Жусупка буларды Он шаарынын дин кызматчысы Потифердин кызы Асыйнат төрөп берген.
21Бенжаминдин уулдары: Бела, Бехер, Ашпел, Гера, Нааман, Эхи, Рош, Муппим, Хуппим жана Ард. 22Булар Жакып менен Рахелдин урпактары, бардыгы – он төрт жан.
23Дандын уулу – Хушим.
24Напталы жана анын уулдары: Жахсел, Гуни, Жесер жана Шиллем. 25Булар – Жакып менен Билханын балдары. Бардыгы – жети жан. Лабан Билханы кызы Рахелге күң кылып берген эле.
26Жакыптын өзү менен бирге Мисирге келген урпактарынын баары, келиндерин кошпогондо, алтымыш алты жан эле#46:26 … алтымыш жан эле. – 8–25-аяттар боюнча санаганда, баары – 70 адам. 66 кишинин ичине Канаанда өлгөн 2 адам, Жусуптун 2 баласы кирбейт. . 27Жусуптун Мисирде төрөлгөн эки уулун кошкондо, Жакыптын Мисирге келген урпактарынын бардыгы жетимиш адам болду.#46:27 … жетимиш адам болду. – Элчилердин иштери китебинде (7: 14) 75 киши деп жазылган. Ал жерде Жусуптун тукумунан дагы 5 киши кошулуп айтылган.
Мисирде
28«Жусуп бизди Гошенден тосуп алсын» деген кабар менен Жакып Иуданы алдыга, Жусупка жиберди. Алар Гошен жерине келишкенде, 29Жусуп майдан арабасын чектирип, атасы Ысрайылды тоскону Гошенге барды. Анан атасын көрө сала мойнуна асылып кучактап, узакка шолоктоп ыйлады. 30Ысрайыл Жусупка:
– Сенин аман-соо экениңди көрдүм, эми өлсөм арманым жок, – деди.
31Анан Жусуп бир туугандарына жана калган туугандарына мындай деди:
– Мен фараонго барып: «Канаан жеринде жашаган бир туугандарым менен атамдын үй ичиндегилер мага келишти. 32Алар койчулар, мал багышат, ошондуктан майда жана кара малын, колунда болгондун баарын ала келишти», – деп айтайын. 33Фараон силерди чакырып алып, «кесибиңер эмне?» деп сураганда, 34силерди өзүнчө Гошенге жайгаштырсын үчүн, «кулдарыңыз бала кезинен бери мал багып келатат, ата-бабабыз да малчы болгон» дегиле. Себеби мисирликтер койчулардан жийиркенишет.
ទើបបានជ្រើសរើសហើយ៖
Башталыш 46: КЫРИ
គំនូសចំណាំ
ចែករំលែក
ចម្លង

ចង់ឱ្យគំនូសពណ៌ដែលបានរក្សាទុករបស់អ្នក មាននៅលើគ្រប់ឧបករណ៍ទាំងអស់មែនទេ? ចុះឈ្មោះប្រើ ឬចុះឈ្មោះចូល
Kyrgyz New Testament © Bible Society of Kyrgyzstan, 2018