Башталыш 45

45
Жусуптун ачыкка чыгышы
1Ошондо Жусуп өзүн кармай албай, жанында турган кызматчыларына: «Баарың чыккыла!» – деп кыйкырып жиберди. Анан жанында эч ким калбай калганда, ал өзүнүн ким экенин бир туугандарына айтты. 2Анын катуу ыйлаган үнү сырттагы мисирликтерге да, фараондун ак сарайына да жетти. 3– Мен Жусупмун. Атам дагы эле тирүү экен да! – деди ал бир туугандарына.
Бирок бир туугандары анын алдында оозунан сөзү түшүп, не деп жооп берерин билишпеди. 4Жусуп аларга:
– Бери келгилечи, – деди.
Алар жакын келгенде, ал мындай деди:
– Мен Жусупмун, силер Мисирге сатып жиберген иниңермин! 5Мени бул жакка сатканыңарга эми кайгырып, өзүңөрдү жебегиле. Өмүрүңөрдү сактап калыш үчүн, Кудай мени силерден мурун жиберди. 6Элге ачарчылык келгени эки жыл болду. Жер айдалбай, түшүм жыйналбай турган дагы беш жыл бар. 7Кудай жер үстүндө укум-тукумуңарды сактайын, ажайып жол менен силерди куткарайын деп, мени силерден мурун жиберди. 8Мени бул жакка силер эмес, Кудай жиберди. Ал мени фараонго атасындай болгон кеңешчи, анын үйүнө кожоюн, Мисир элине башчы кылды. 9Тезирээк атама барып, ага: «уулуңуз Жусуп „Кудай мени бүткүл Мисирге башчы кылды. Буйдалбастан мага келиңиз. 10Гошен деген жерде өзүңүз, балдарыңыз, неберелериңиз, майда жана кара малыңыз, бардык мал-мүлкүңүз менен орун алып, менин жанымда болосуз. 11Өзүңүз да, үй ичиңиз да, малыңыз да жабыкпаш үчүн ошол жерде сизди өзүм багам, анткени дагы беш жыл ачарчылык болот“ деди», – дегиле.
12Дагы ал:
– Мына, силерге бул сөздөрдү айтып жаткан мен экенимди силер да, иним Бенжамин да көрүп турасыңар. 13Мисирде кандай атак-даңкка ээ экенимди, өзүңөр көргөндөрдүн баарын атама айткыла да, аны тезирээк бул жакка алып келгиле, – деди.
14Анан ал Бенжаминди мойнунан кучактап алып, буркурап ыйлады. Бенжамин да аны кучактап алып ыйлады. 15Анан агаларынын баарын өөп, аларды кучактап алып шолоктоп ыйлады. Ушундан соң, бир туугандары аны менен сүйлөшө башташты.
16«Жусуптун бир туугандары келиптир» деген кабар фараондун сарайына жеткенде, фараон өзү да, кызматкерлери да кубанышты. 17Фараон Жусупка мындай деди:
– Бир туугандарыңа айт, жүктөрүн эшектерине артып, Канаанга кайтышсын. 18Атасы менен бала-чакасын алып, мага келишсин. Мен аларга Мисирдин мыкты жеринен берем. Жерибизде бакубат жашайсыңар. 19Аларга «балдарыңар, аялдарыңар үчүн Мисирден арабаларды алып, атаңарды алып келгиле» деп айт. 20Ал жакта кала турган оокаттарына ичтери ачышпасын, анткени силерге Мисирдин мыкты жерин берем.
21Жакыптын балдары айтылгандай кылышты. Жусуп фараондун буйругу боюнча аларга арабаларды жана жолго азык берди. 22Алардын ар бирине бир сыйрадан кийим, Бенжаминге болсо 300 шекел күмүш жана беш сыйра кийим берди. 23Атасына деп он эшекке Мисирдин мыкты заттарынан жүктөттү. Дагы он ургаачы эшекке атасынын жолу үчүн, дан, нан жана башка тамак-аш да артып жөнөттү. 24Ошентип, бир туугандарын узатып, алар жөнөй берерде: «Жолдо урушпай баргыла», – деди.
25Алар Мисирден чыгып, Канаан жерине, атасы Жакыпка келишти. 26«Жусуп тирүү экен! Ал бүтүн Мисир жерин башкарып жатыптыр», – дешти алар Жакыпка. Жакып селдейип, катып, алардын сөзүнө ишенбеди. 27Балдары атасына Жусуптун айткандарын төкпөй-чачпай айтып беришти. Жакып өзүн Мисирге алып келүү үчүн Жусуп жиберген арабаларды көргөндө, жандана түшүп:
28– Болду, болду, уулум Жусуп тирүү экен! Барып, көзүмдүн тирүүсүндө баламды көрүп калайын! – деди.

ទើបបានជ្រើសរើសហើយ៖

Башталыш 45: КЫРИ

គំនូស​ចំណាំ

ចែក​រំលែក

ចម្លង

None

ចង់ឱ្យគំនូសពណ៌ដែលបានរក្សាទុករបស់អ្នក មាននៅលើគ្រប់ឧបករណ៍ទាំងអស់មែនទេ? ចុះឈ្មោះប្រើ ឬចុះឈ្មោះចូល