Элчилер 16

16
Пабылдын Сила жана Тиметей менен бирге кайра сапарга чыгышы
1Пабыл Дербеден өтүп, Листрага келди. Ал жерде Ыйсанын Тиметей аттуу шакирти бар болчу. Анын энеси Ыйсага ишенген эврей, ал эми атасы болсо грек эле. 2Тиметейди Листра менен Икониядагы боордоштор макташчу. 3Аны Пабыл өзү менен сапарга кошуп алгысы келип, ошол жердеги иудейлерге эврей экенин билгизүү үчүн сүннөткө олтургузду. Анткени алар анын атасынын грек экенин билишчү.
4Алар шаардан шаарга кыдырып, Иерусалимдеги элчилер менен жыйын жетекчилеринин чечимдерин сактоону айтышты. 5Ошентип ишенүүчүлөрдүн жыйындары ишенимден кубат алып, күн сайын саны арбып жатты.
Пабылдын батышка барууга аян алышы
6Ыйык Рух Асияда сөз айтууга тыюу салгандыгынан улам, алар Фригия менен Галатия аймактарын аралап, сапарын улантышты. 7Мусия аймагынын чек арасына жакындашканда, Битинияга барууга ниеттеништи, бирок Ыйсанын Руху уруксат бербеди. 8Ошондуктан Мусияны аралап өтүп, Троаска түшүп келишти.
9Ошол жерден түн ичинде Пабыл аян көрдү. Анда бир македониялык киши: «Македонияга өтүп келип, бизге жардам берегөр!» – деп Пабылга жалбарды.
Филипиядагы Лидиянын ишенимге келиши
10Пабыл көргөн аяндан кийин Кудай бизди Македонияга Жакшы Кабар таратууга чакырып жатат деген жыйынтыкка келип, дароо эле ошол жакка бет алдык. 11Троас шаарынан кемеге түшүп, биз түптүз Сематирек тарапка багыт алдык да, эртеси күнү Неапол шаарына жеттик. 12Андан Филипияга жөнөдүк. Филипия – Македония аймагына киргендеги биринчи шаар жана Рим империясынын колониясы. Бул шаарда биз бир нече күн туруп калдык.
13Биз дем алыш күнү шаардын сыртында иудейлер сыйына турган жер бар болуш керек деп ойлоп, дарыянын жээгине бардык. Олтуруп алып, ал жерге келген бир нече аял менен сүйлөшө баштадык. 14Алардын арасында Тиатира шаарынан келген, Кудайга ишенген Лидия аттуу бир аял бар эле. Ал кооз кырмызы кездеме сатчу. Эгебиз анын жүрөгүн жибитип, Пабылдын айткандарына назар салдырды. 15Ал үй ичи менен бирге сууга чөмүлдүрүү расмисинен өткөн соң, бизди конокко чакырды. «Эгер мени Эгебизге ишенди деп эсептесеңер, анда үйүмө кирип мейман болуп кеткиле», – деп өтүнүп атып, бизди калууга көндүрдү.
Көзү ачык кыздан жиндин чыгышы
16Бир күнү сыйына турган жайга баратканыбызда, алдыбыздан көзү ачык бир кыз тосуп чыкты. Бул малай кыз көзү ачыктыгы менен кожоюндарына көп киреше түшүрчү экен. 17Ал биздин аркабыздан калбай:
– Булар Кудай Тааланын кызматчылары, силерге күнөөдөн кутулуу жолун көргөзөт! – деп кыйкырып, ээрчип алды.
18Ал мунусун көп күндөр бою кайталай берди. Ошондо Пабылдын ачуусу келип, кызды кыйкырткан жинге кайрылып:
– Ыйса Машаяктын атынан буйрук кылам: бул кыздан чык! – деди.
Жин ошол замат андан чыгып кетти. 19Кыздын кожоюндары пайдасынан кол жууганын көрүшкөндө, Пабыл менен Силаны кармап алып, борбордук аянттагы башкаруучулардын алдына сүйрөп келишти да, 20аларга:
– Бул эврейлер шаарыбыздын элин дүрбөлөңгө салып жүрүшөт. 21Булар үгүттөп жүргөн нерселер биздин, римдиктердин салтына туура келбейт. Аларды бизге кабыл алууга да, аткарууга да болбойт! – дешти.
Пабыл менен Силанын түрмөдөн бошотулушу
22Топтолгондор Пабыл менен Силага атырылганда, башчылар алардын кийимдерин тыттырып туруп, сабоого буйрук беришти. 23Абдан катуу сабашкан соң, зынданга таштап салышты да, сакчыга жакшылап кайтарууну буйрушту. 24Сакчы аларды түрмөнүн эң төркү бөлүгүнө алып кирип, буттарын кишендеп койду.
25Түн ортосу ченде Пабыл менен Сила сыйынып, Кудайды даңктап ырдай башташты. Түрмөдөгүлөр болсо аларга кулак салышты. 26Бир убакта жер абдан катуу титиреп, түрмөнүн пайдубалы термеле түштү. Ошондо бардык эшиктер ачылып, бүт байлоолору чечилип кетти. 27-28Сакчы ойгонуп кетип, эшиктердин ачылып калганын көрдү. Ал түрмөдөгүлөр качып кетишиптир деп ойлоду да, канжарын сууруп алып, өзүн өлтүргөнү жатканда, Пабыл ага:
– Эй, токто! Биз мындабыз! – деп кыйкырып жиберди.
29Сакчы коркконунан калтырап-титиреп, Пабыл менен Силанын алдына жыгылды. Анан от сурап алып, 30аларды сыртка ээрчитип чыкты да, мындай деди:
– Мырзалар, эмне кылсам куткарылам?
31Эгебиз Ыйсага ишен, ошондо өзүң жана үйүңдөгүлөрдүн баары куткарыласыңар, – деп жооп беришти алар.
32Анан ага жана анын үй-бүлөсүнө Эгебиздин сөзүн айтып беришти. 33Сакчы түн болгонунуна карабай, Пабыл менен Силанын жараларын жууп берди да, дароо бүт үй-бүлөсү менен бирге сууга чөмүлдүрүлдү. 34Анан үйүнө киргизип, дасторкон жайды. Сакчынын үйүндөгүлөрүнүн баары Кудайга ишенип, чоң кубанычка бөлөнүштү. 35Таң атканда, шаар башчылары: «Алиги кишилерди бошоткула!» – деп кароол башчыларынан айттырып жиберишиптир. 36Сакчы бул буйрукту Пабылга жеткизди.
– Шаар башчылары киши жиберип, силерди боштондукка чыгарышсын дешиптир, – деди ал. – Ошондуктан силер тынч эле кете берсеңер болот.
37Бирок Пабыл аларга мындай жооп берди:
– Бизди, Рим атуулдарын, сурак-соту жок, эл алдында уруп-сабап туруп, зынданга салышты. Эми акырын гана чыгарып коюшат бекен? Жок, өздөрү биздин алдыбызга келип, бошотушсун.
38Кароол башчылары бул сөздөрдү кайрадан шаар башчыларына жеткиришти. Пабыл менен Силанын Рим атуулдары экенин укканда, алар коркуп кетишти да, 39келип кечирим сурашты. Анан сыртка чыгарып, шаардан кетип калгыла деп өтүнүштү. 40Пабыл менен Сила түрмөдөн чыгып, Лидияныкына барышты. Ал жерден боордоштор менен көрүшүп, алардын көңүлүн көтөрүп, анан сапарын улашты.

ទើបបានជ្រើសរើសហើយ៖

Элчилер 16: КЫРИ

គំនូស​ចំណាំ

ចែក​រំលែក

ចម្លង

None

ចង់ឱ្យគំនូសពណ៌ដែលបានរក្សាទុករបស់អ្នក មាននៅលើគ្រប់ឧបករណ៍ទាំងអស់មែនទេ? ចុះឈ្មោះប្រើ ឬចុះឈ្មោះចូល