Элчилер 15
15
Иерусалимдеги кеңеш
Сүннөткө олтургузуу маселеси
1Иудеядан түшүп келген кээ бир адамдар Антахиядагы ишенгендерге: «Эгер Муса пайгамбардын мыйзамы боюнча сүннөткө олтурбасаңар, анда куткарыла албайсыңар», – деп окута башташты. 2Пабыл менен Барнап алар менен бир далайга чейин талашып-тартышты. Акыры антахиялыктар Пабыл менен Барнапка бир нече адам кошуп, бул маселени башка элчилер менен жыйын жетекчилеринин алдында тактоо максатында аларды Иерусалимге жиберүүнү чечишти. 3Ишенүүчүлөр жыйынынын тапшырмасы менен сапарга чыгышкан булар Финикия жана Самария аймагы аркылуу жол жүрүп, андагы ишенгендерге башка улуттагы адамдардын кандайча Кудай жолуна түшкөндөрүн айтып, абдан кубантышты. 4Иерусалимге келгенде, ишенгендер жыйыны, элчилер жана жыйын жетекчилери аларды жылуу кабыл алышты. Пабыл жана анын жолдоштору Кудайдын алар аркылуу эмнелерди кылганын айтып беришти. 5Бирок алардын арасындагы мурда фарисей тобуна киргендери ордунан туруп:
– Башка улуттагыларды сүннөткө олтургузуп, Муса пайгамбардын мыйзамына баш ийүүнү буйруш керек! – дешти.
6Ошондо элчилер менен жыйын жетекчилери бул маселени чечүүгө чогулушту. 7Көптөгөн суроолордон соң, Петир ордунан туруп, мындай деди:
– Агайындар! Мындан бир нече убакыт мурда башка улуттагыларга Жакшы Кабарды жеткирип, ишенимге келтирүүгө Кудай сиздердин араңыздардан мени тандаган эле. Муну сиздер жакшы билесиздер. 8Жүрөктүн түпкүрүндөгү сырларды билген Кудай бизге берген Ыйык Рухту аларга да берүү менен аларды Өзүнө кабыл алганын көрсөттү. 9Ыйсага ишенгендиги үчүн дилин тазалап, биз менен тең кылды. 10Анда эмнеге сиздер Кудайды сынап, биз өзүбүз да, ата-бабаларыбыз да көтөрө албаган оор жүктү Ыйсанын шакирттерине жүктөгөнү жатасыздар? 11Алар деле биз сыяктуу Эгебиз Ыйсанын ырайымы аркылуу ишенимге келип, куткарылышты.
12Петирдин сөзүнөн кийин жымжырттык өкүм сүрүп, Кудайдын Барнап менен Пабыл аркылуу башка улуттардын арасында кылган кереметтүү жышаандары менен укмуштары тууралуу алардын айткандарына кулак төшөштү. 13Алар сүйлөп бүткөндө, Жакып мындай деди:
– Агайын-туугандар! 14Ысман өз сөзүндө Кудайдын башка улуттагылардын арасынан Өз адамдарын тандап, аларга Өзүн таанытып, кылган камкордугу тууралуу айтып өттү. 15Пайгамбарлар китебинде жазылган сөздөр да буга дал келет:
16«“Андан кийин Мен кайтып,
Талкаланган бузулган
Падышалыгын Дөөттүн
Калыбына келтирем,
Алып урандыларын,
Тургузамын кайрадан.#15:16 Амос 9:11.
17-18Калган эл да ошондо,
Башка улуттун бардыгы
Эгебизди издешет.
Анткени Мен аларды
‘Элим бол’ деп чакырдым,
Өз атыман атадым”, –
Дейт ушунун бардыгын
Ишке ашырар Эгебиз».
19Менимче, башка улуттан Кудай жолуна түшкөндөргө орунсуз талап коюп, кабатыр кылбашыбыз керек. 20Андан көрө кат жазып, «буркандарга арналып, курмандыкка чалынган арам оокаттан жебегиле, бузуктуктан сактангыла, арам өлгөн малдын этин жана канды жебегиле» деген насаатыбызды айталы. 21Анткени Муса пайгамбардын мыйзамында жазылган бул эрежелер илгертен бери дем алыш сайын ар бир шаардагы синагогаларда окулуп келе жатат.
Ыйсанын башка улуттагы шакирттерине кат
22Ошентип элчилер, жыйын жетекчилери жана ишенүүчүлөр жыйыны арасынан бир нече адамды тандап, Пабыл менен Барнапка кошуп, Антахияга жиберүүнү туура көрүштү. Алар Барсап деп аталып кеткен Жүйүт менен Силаны тандашты. Булар жыйында кадыр-барктуу адамдар болушкан. 23Алып бара турган каттын мазмуну төмөнкүдөй эле: «Ушул катыбызды андагы Антахия, Сирия жана Киликиядагы бардык иудей эмес боордошторубузга арнайбыз. Катты Иерусалимдеги элчилерден, жыйын жетекчилеринен жана жамы ишенген боордошторуңардан деп билгиле.
24Угушубузга караганда, биздин арабыздан чыккан кээ бир адамдардын сөзү тынчыңарды алып, көңүлүңөрдү чөгөрүптүр. Бирок биз алардын барып, андай кылышын тапшырган эмеспиз. 25Ошол себептен биз өз ара акылдашып, бир пикирге келдик да, арабыздан бир нече адамды тандап, аларды азиз боордошторубуз Барнап менен Пабылга кошуп, силерге жиберүүнү оң көрдүк. 26Бул экөө Эгебиз Ыйса Машаяк үчүн жанын да аябаган адамдар. 27Ошондой эле Жүйүт менен Силаны да жиберип жатабыз. Алар да силерге ушул жазылгандарды оозеки айтып беришет. 28Ошондуктан Ыйык Рухка да, бизге да эң зарыл көрүнгөн төмөнкү эки-үч нерседен башканы талап кылбоону туура деп таптык: 29буркандарга чалынган курмандыктан ооз тийбегиле, кан менен арам өлгөн малдын этин жебегиле жана бузукчулуктан денеңерди сактагыла. Ошондо жакшы иш жасаган болосуңар. Саламатта калгыла».
30Ошентип, бу кишилер жолго чыгып, Антахияга келишти. Ишенгендердин жыйынын чогултуп, катты беришти. 31Алар катты окуп, андагы насыят сөздөргө ыраазы болуп кубанышты. 32Өздөрү пайгамбар болгон Жүйүт менен Сила сөз сүйлөп, боордошторго көп жакшы насааттарын айтып, көңүлдөрүн көтөрүштү. 33-34Бир нече убакыт алар менен болгон соң, боордоштор аларды жылуу-жумшак келген жагына узатып коюшту. 35Ал эми Пабыл менен Барнап болсо Антахияда калышты. Алар башка дагы көптөгөн ишенүүчүлөр менен бирге Эгебиздин сөзүн сүйлөп, элге жарыялашты.
Пабыл менен Барнаптын ортосундагы пикир келишпестик
36Бир нече күн өткөндө, Пабыл Барнапка:
– Эми кайтып барып, биз мурда Эгебиздин Жакшы Кабарын айткан шаарлардагы боордошторубуздун ал-акыбалы кандай болду экен, ошону көрүп келели, – деди.
37Барнап Марк аталган Жаканды да өзүнө кошуп алгысы келди. 38Бирок Пабыл буга каршы болду. Анткени Марк мурда алар менен бирге Кудайдын кызматына баргысы келбей, Памфилиядан таштап кеткен эле. Ошондуктан Пабыл мындай адамды кошкусу келген жок. 39Натыйжада, алардын арасында абдан катуу пикир келишпестик пайда болуп, Пабыл менен Барнап бири биринен бөлүнүштү. Барнап өзү менен бирге Маркты алып, Кипрге сүзүп кетти. 40Пабыл болсо өзү тандаган Силаны жанына алып, боордоштор тарабынан ырайымдуу Эгебиздин колуна тапшырылган соң, жөнөп кетти. 41Ал Сирия жана Киликия аймактарын аралап, андагы ишенгендер жыйындарындагы адамдардын ишенимин бекемдеди.
ទើបបានជ្រើសរើសហើយ៖
Элчилер 15: КЫРИ
គំនូសចំណាំ
ចែករំលែក
ចម្លង

ចង់ឱ្យគំនូសពណ៌ដែលបានរក្សាទុករបស់អ្នក មាននៅលើគ្រប់ឧបករណ៍ទាំងអស់មែនទេ? ចុះឈ្មោះប្រើ ឬចុះឈ្មោះចូល
Kyrgyz New Testament © Bible Society of Kyrgyzstan, 2018