1
Римдиктерге 4:20-21
Инжил ЛС (2005)
КЫРИ
Ишеними өчпөгөн Ыбрайым Кудай Өз убадасын аткарарынан эч күмөн санабады. Ишениминен кубат алып, ал Кудайды мактап турду. Кудай эмнени убада кылса, ошону аткарууга кудуреттүү экенине ал толук ишенди.
ប្រៀបធៀប
រុករក Римдиктерге 4:20-21
2
Римдиктерге 4:17
Ыйык Жазууда айтылгандай, «Мен сени көптөгөн элдердин атасы кылдым». Өлгөндөргө кайрадан өмүр берип, жок нерсени бар кылуучу Кудайга ишенген үчүн ал ушундай убадага ээ болгон.
រុករក Римдиктерге 4:17
3
Римдиктерге 4:25
Күнөөбүздүн кунун төлөш үчүн Ыйса курмандыкка берилип, бизди Кудай алдында акташ үчүн өлгөндөн кайра тирилген.
រុករក Римдиктерге 4:25
4
Римдиктерге 4:18
Үмүтүнөн кол үзгүдөй болгон кезде да Ыбрайым үмүтүнөн жазбай, Ыйык Жазууда «укум-тукумуң сан жылдыздай көп болот» деп жазылгандай, убадага ылайык «көптөгөн элдердин атасы» болоруна ишене берди.
រុករក Римдиктерге 4:18
5
Римдиктерге 4:16
Ошентип, Кудайдын убадасы ишенимге негизделип, Анын ырайымы катары Ыбрайымдын бардык урпактарына: мыйзамды аткаргандарына да, Ыбрайымга окшоп ишенгендерине да бекер берилери кепилдикке алынды. Ал – биздин баарыбызга ата.
រុករក Римдиктерге 4:16
6
Римдиктерге 4:7-8
«Адилетсиз иштери кечирилип, Күнөөлөрү жабылгандар ырыстуу! Мойнуна күнөөлөрүн Жараткан Ээ Койбогон ар бир адам ырыстуу!»
រុករក Римдиктерге 4:7-8
7
Римдиктерге 4:3
Жазууда айтылгандай, «Ыбрайым Кудайга ишенип, ошону менен Кудай алдында ак деп табылды».
រុករក Римдиктерге 4:3
គេហ៍
ព្រះគម្ពីរ
គម្រោងអាន
វីដេអូ