1
Римдиктерге 3:23-24
Инжил ЛС (2005)
КЫРИ
себеби баары күнөө кетиришип, Кудайдын улуулугунан куру алакан калышты. Эми болсо Кудайдын ырайымы менен бардыгы бекер акталууга ээ болушту. Бул акталуу күнөөбүздүн кунун төлөп, бизге эркиндик берген Машаяк Ыйса аркылуу келет.
ប្រៀបធៀប
រុករក Римдиктерге 3:23-24
2
Римдиктерге 3:22
Кудай адамдарды алардын Ыйса Машаякка арткан ишеними аркылуу актайт. Ыйса Машаякка ишенип акталуу ишенгендердин бардыгы үчүн берилген: эч бир адамдын башкалардан айырмачылыгы жок
រុករក Римдиктерге 3:22
3
Римдиктерге 3:25-26-25-26
Адамдардын мурда кылган күнөөлөрүн Кудай чыдамдуулук менен жазалабай келди. Эми, Өзүнүн адилеттүү экенин көрсөтүү үчүн, Ал Машаякты биз үчүн курмандыкка берди. Машаяктын каны Ага ишенгендердин баарын күнөөдөн арылтты. Муну менен Кудай адилеттүү экенин жана Ыйсага ишенген ар кимди актап койгонун көрсөттү.
រុករក Римдиктерге 3:25-26-25-26
4
Римдиктерге 3:20
Себеби мыйзам талаптарын аткаруу менен Кудай алдында эч ким актала албайт. Мыйзам аркылуу биз өзүбүздүн күнөөкөр экенибизди гана түшүнө алабыз.
រុករក Римдиктерге 3:20
5
Римдиктерге 3:10-12
Ыйык Жазууда айтылгандай: «Адил болгон эч ким жок, Бирин дагы таппайсың, Акыл-эстүү бири жок, Кудайды эч ким издебейт. Кудайдан баары баш тартып; Жарамсыз болду бардыгы; Жакшылык кылган эч ким жок, Таба албайсың бирин да».
រុករក Римдиктерге 3:10-12
6
Римдиктерге 3:28
Анткени биз адам баласы Кудай алдында мыйзам талаптарын аткаруу менен эмес, тек гана ишеним менен акталат дебедикпи.
រុករក Римдиктерге 3:28
7
Римдиктерге 3:4
Албетте, чыгарбайт! Адамдардын ар бири жалганчы болгон күнү да Кудай ишенимдүү бойдон кала берет. Ыйык Жазууда айтылгандай, «Андыктан эмне айтсаң, сөзүң – чындык, Соттошсоң, доого жыгып, жеңиш – Сенде».
រុករក Римдиктерге 3:4
គេហ៍
ព្រះគម្ពីរ
គម្រោងអាន
វីដេអូ