1
Башталыш 50:20
Инжил ЛС (2005)
КЫРИ
Силер мага жамандык жасайлы дегенсиңер, бирок Кудай аны жакшылыкка айландырды. Азыр көрүп турганыңардай, бул көп адамдын өмүрүн сактап калды.
ប្រៀបធៀប
រុករក Башталыш 50:20
2
Башталыш 50:19
Жусуп: – Коркпогула, жазалагыдай мен, эмне, Кудай белем.
រុករក Башталыш 50:19
3
Башталыш 50:21
Ошондуктан коркпогула. Мен силерге да, балдарыңарга да кам көрөм, – деп аларды тынчтандырып, көңүлдөрүн жубатты.
រុករក Башталыш 50:21
4
Башталыш 50:17
бизге Жусупка барып „бир туугандарыңдын сага жасаган жамандыгын, айыбы менен күнөөсүн кечир“ деп айткыла деген эле. Эми атаңдын Кудайынын кулдарынын айыбын кечир». Жусупка ушинтип айтышканда, ал жашып кетти.
រុករក Башталыш 50:17
5
Башталыш 50:24
Жусуп бир туугандарына: «Мен о дүйнөгө кеткени калдым, бирок Кудай силерге келип, бул жерден алып чыгат да Ыбрайымга, Ыскакка жана Жакыпка берем деп ант берген жерге алып барат», – деди.
រុករក Башталыш 50:24
6
Башталыш 50:25
Анан бир туугандарына: «Кудай силерге келгенде, менин сөөгүмдү да бул жактан ала кеткиле» – деп, аларга ант бердирди.
រុករក Башталыш 50:25
7
Башталыш 50:26
Ошентип, Жусуп 110 жашка чыгып дүйнө салды. Аны мумиялап, Мисирде табытка салып коюшту.
រុករក Башталыш 50:26
គេហ៍
ព្រះគម្ពីរ
គម្រោងអាន
វីដេអូ