Анан Жусупка мындай деп батасын берди:
– Ыбрайым да, Ыскак да,
Бабаларым дайыма
Табынып келген Кудайым,
Туулгандан бери кам көрүп,
Койчум болгон Кудайым.
Жамандыктын баарынан
Периштеси сактады.
Алдымдагы уулдарга
Кудайым берсин батасын.
Менин ысмым жана да
Бабаларым Ыбрайым,
Ыскактын да ысымы
Балдарында жашасын.
Тукуму жер бетинде
Эсеп-сансыз көбөйсүн.