Римдиктерге 13
13
Бийликтегилерге баш ийүү
1Ар бир адам колунда бийлиги барларга баш ийүүгө тийиш, себеби бардык бийлик Кудайдан келип, бар болгон бийликтерди Ал орноткон. 2Адамдын бийликке каршылык көрсөткөнү – Кудай орноткон тартипке каршы чыкканы. Каршы чыккандын баары өздөрү жазаланышат. 3Бийлиги барлар жакшы иш кылгандарга эмес, жаман иш кылгандарга коркунуч туудурушат. Бийликтен коркпоону каалайсыңбы? Анда жакшылык кыл. Ошондо бийлик ээсинин мактоосуна татыйсың. 4Анткени ал сага пайда келтириш үчүн Кудайдын кызматын кылат. Жамандык кылсаң, анда бийлиги бар адамдан корк, себеби анын сени жазалагыдай кудурети бар. Кудайдын кызматчысы катары ал Кудайдын жамандык жасагандарга карата чыгарган өкүмүн иш жүзүнө ашырат. 5Мына ошон үчүн сен да жазадан коркконуңдан эмес, абийириң бар болгонунан бийликтегилерге баш ийишиң керек.
6Салык төлөгөнүңдүн себеби да ушул: өз милдетин аткарып, бийликтеги адамдар ошону менен дайыма Кудайга кызмат кылышат. 7Ошентип, аларга эмнени берүүгө тийиштүү болсоң, ошону берип жүр: бирине – салык, башкасына – төлөм, бирине – урмат, башкасына – сый.
Бири бириңерге мээримдүү болгула
8Эч кимге бересеңер болбой, өз ара сүйүүнү өмүр бою төлөп өтөр карызыңар катары туткула. Бири-бирин сүйгөндөр мыйзам талаптарын аткарган болушат. 9Анткени «ойноштук кылба», «киши өлтүрбө», «уурдаба», «башканын мүлкүнө көз артпа»#13:9 Чыгуу 20:13 – 15, 17; Мыйз. 5:17 – 19, 21. жана ушул сыяктуу башка парыздардын баары мындай сөздө камтылган: «башкаларды өзүңдү сүйгөндөй сүй».#13:9 Леб. 19:18; Матай 19:19. 10Сүйгөн адам башкаларга жамандык кылбайт. Андай болсо, сүйүү – мыйзамдын бардык жол-жоболорун аткарууга тете.
11Азыр кандай мезгил экенин, уйкубуздан ойгонор убакыт-саат келип калганын билип, ушундай кылгыла, себеби куткарылар күнүбүз жаңы ишенген убагыбызга караганда бизге азыр жакындап келди. 12Түн бүтөйүн деп, таң атарга аз калды. Караңгынын иштерин таштап, жарыктын курал-жарагын алалы. 13Той-тамаша менен масчылыкка, бузуктук менен адепсиздикке, чатакташуу менен көр албастыкка берилбей, күндүзгү жарыкта кандай жашаш керек болсо, ошондой жашайлы. 14Эгебиз Ыйса Машаяктын жетегинде болгула да, күнөөкөр табиятыңардын камын көрүп, ышкыларын кандырууну токтоткула.
Currently Selected:
Римдиктерге 13: КЫРИ
Highlight
Share
Copy
Want to have your highlights saved across all your devices? Sign up or sign in
Kyrgyz New Testament © Bible Society of Kyrgyzstan, 2018