YouVersion Logo
Search Icon

Римдиктерге 12

12
Кудайга кызмат кылып жашоо
1Боордоштор, Кудай силерге не деген кайрымдуулугун көрсөттү. Андыктан силерден суранам: жан-тениңерди Кудайга багыштап, Ага жагымдуу, ыйык, тирүү курмандык катары бергиле. Ага чыныгы кызмат кылганыңар мына ушу. 2Бул дүйнөнү туурап жашабагыла. Андан көрө акыл-оюңарды жаңыртып өзгөргүлө. Ошондо Кудайдын силерге болгон эркин: эмнелер жакшы, жагымдуу жана жеткилең экендигин түшүнүп билүүгө жөндөмдүү болосуңар.
3Кудай ырайым этип дайындаган адам катары силерге айтам: өзүңөр жөнүндө тийиштүүдөн артык ойлобогула. Анын ордуна, акыл-эстүү болуп, өзүңөрдү Кудай ар бириңерге берген ишенимге жараша баамдагыла. 4Бир дене көп мүчөдөн туруп, бардык мүчөлөрдүн аткарган милдети бирдей болбойт. 5Ошол сыяктуу, биз да көп болуп туруп, Машаяктын денесин түзөбүз да бири-бирибизге карата өз ара байланышкан мүчөлөрбүз. 6Кудай ырайым менен ыроологон касиеттерибиз ар кандай болуп, ар кандай милдет аткарабыз. Кимибизге пайгамбарчылык айтуу касиети берилсе, аны өз ишенимибизге жараша колдонолу. 7Кызматчылык касиети барыбыз, кызмат кылалы, окута турганыбыз, окуталы. 8Башкаларга кайрат бере алганыбыз, кайрат берели. Колунда барын бөлүшкөнүбүз, жоомарт бололу. Жетекчилик кылганыбыз, талыкпай иштейли. Кайрымдуулук кылганыбыз, аныбызды кубаныч менен аткаралы.
Сүйүү
9Сүйсөк, чын дилибизден сүйөлү. Жамандыктан четтеп, жакшылыктан калбагыла. 10Бири-бириңерге бир тууганча мээримдүү болуп, бири-бириңерден аша сый көрсөткүлө. 11Эринчээк болбогула. Рухуңар менен жалындап, Эгебизге талыкпай кызмат кылгыла. 12Үмүттөн кол үзбөй, ар дайым кубанычта болгула. Кыйынчылыктарда чыдамдуу, сыйынууда туруктуу болгула. 13Муктаждыгы бар ыйыктарга жардам көрсөтүп, чоочун бирөө келсе, меймандостук менен тосуп жүргүлө.
14Өзүңөрдү куугунтуктап жаткандарга бата тилеп, каргабай, кайра алкап тургула. 15Кубангандар менен чогуу кубанып, ыйлагандардын кайгысын бөлүшкүлө. 16Өз ара ынтымактуу болгула. Көөдөнүңөрдү көтөрбөй, андан көрө токтоо кишилер менен катташып тургула. Өзүңөрдү акылдуу санабагыла.
17Жамандыкка жамандык менен жооп кайтарбагыла да урмат-сыйга татырлык иштерди кылууну ойлогула. 18Бардыгы менен тынччылыкта жашаш үчүн колуңардан келишинче аракет кылгыла. 19Сүйүктүүлөрүм, эч кимден өч албагыла, ар кимдин жазасын Кудай Өзү берсин. Анткени Ыйык Жазууда Эгебиз мындай дейт:
«Ар кимден Өзүм өч алам,
Ар кимди Өзүм жазалайм».#12:19 Мыйз. 32:35.
20Тескерисинче,
«Касташканың ач болсо, азык бергин,
Касташканың чаңкаса, суусун бергин,
Таш урганга кимде-ким ашын сунса,
Жакшылыгы душманын уяткарат».#12:20 Нак сөз. 25:21 – 22.
21Бирөөнүн жамандыгына алдырбай, андан көрө жамандыкты жакшылык менен жеңип чыккыла.

Highlight

Share

Copy

None

Want to have your highlights saved across all your devices? Sign up or sign in