YouVersion Logo
Search Icon

Римдиктерге 14

14
Боордошторуңарды айыптабагыла
1Ишенимде алсыз болгондорду кабыл алгыла да, алар менен талашпагыла. 2Кээ бир адамдардын ишеними аларга бардыгын жегенге жол берет, бирок ишеними алсыз адам жашылча менен гана азыктанат. 3Кимиңер бардыгын жей алсаңар, тамакты ылгап жегендерди кемсинтпегиле. Ошондой эле кимиңер тамакты ылгап жесеңер, бардыгын жегендерди айыптабагыла. Анткени баарыңарды Кудай Өзү кабыл алган. 4Бирөөнүн кызматчыларын айыптагандай сен ким элең? Алардын айыпталар-айыпталбасын өз ээси билет. Аларды колдоп, айыпталбагандай кылууга Эгебиздин кудурети жетет.
5Кээ бирөөлөр үчүн кайсыдыр бир күн калгандарынан артык, башкалары үчүн болсо күндөрдүн баары бирдей болот. Ар ким кайсынысын туура деп ойлосо, ошого жараша иш кылсын. 6Ким белгилүү бир күндү артыкча көрсө, ал муну Эгебиздин урматына кылат. Тамактын баарын жей берген адам да муну, Кудайга шүкүрчүлүк келтирип, Эгебиздин урматына кылат. Ошондой эле тамакты ылгап жеген адам да муну Эгебиздин урматына кылып, Кудайга шүкүрчүлүк келтирет. 7Жашаганыбыз да, өлгөнүбүз да өзүбүз үчүн гана эмес. 8Жашасак да, Эгебиз үчүн жашайбыз, жаныбызды берсек да, Эгебиз үчүн беребиз. Ошентип, жашасак да, өлсөк да, Эгебиз менен болобуз. 9Анткени Машаяк тирүүлөрдүн да, өлгөндөрдүн да Эгеси болуш үчүн өлүп кайра тирилген. 10Андай болсо, өз боордошуңду айыптаганың кандай? Же аны эмне үчүн кемсинтесиң? Баарыбыз тең Соттоочу Кудайдын алдына барат эмеспизби? 11Анткени Ыйык Жазууда айтылгандай,
«Жараткан Эге айтат: ант беремин
Өзүмдүн атым менен, бардык элдер
Алдымда тизе бүгөт, ар бир пенде
Оозу менен Кудайым деп тааныйт Мени».#14:11 Ышая 45:23.
12Ошентип, ар бирибиз кылган ишибиз үчүн Кудай алдында жооп беребиз.
Башкалардын кулап калышына себепкер болбо
13Демек, бири бирибизди айыптаганыбызды токтотпосок болбойт. Андан көрө, боордошторубузга кедерги болгон же азгырган иштерди жасабайлы деген чечимге келели. 14Эгебиз Ыйса менен тыгыз байланышта болуп, мен эч бир тамак өзүнөн өзү арам болбосун жана аны арам эсептегендер үчүн гана арам болорун билем. 15Эгерде жеген тамагың боордошуңду иренжитсе, анда мындай кылганың сүйүүгө жатпайт. Машаяктын курмандыгы менен куткарылган адам сенин кандай тамак жегениңди көрүп, ошонун айынан кыйрап калбасын! 16Жакшы деп жүргөн нерсеңдин жаман делишине жол бербе. 17Анткени Кудайдын Падышачылыгы эмне жеп, эмне ичкенибизде эмес. Ал – Ыйык Рух ыроологон адилдик, бейпилдик жана кубаныч менен жашаганыбызда. 18Машаякка мына ушинтип кызмат кылганыңар Кудайдын көңүлүнө да толот, башкалардын колдоосуна да татыйт.
19Ошентип, арабызга тынччылык алып келип, бири-бирибизди бекемдеп турган нерселерди жасоону көздөйлү. 20Тамак үчүн Кудайдын кылган ишине доо кетирбе. Арийне, бардык тамак адал. Бирок жеген тамагыңдын кимдир бирөөгө кедерги болгону жакшылыкка жатпайт. 21Андан көрө эт жебей, шарап ичпей же боордошуңа кедерги болгон башка нерселерди кылбай койгонуң оң. 22Кайсынысын туура деп ишенсең, бул Кудай экөөңөрдүн ортоңордо болсун. Эмнени тандаганы үчүн өзүн айыптабаган адам ырыстуу. 23Бирок шек санап жегендериң үчүн айыпталасың, себеби муну ишеним менен кылган жоксуң. Ал эми туура деп ишенбей туруп кылынган ар бир иш күнөө болуп эсептелет.#14:23 Китептин аягындагы «Тексттик варианттарды» караңыз.

Highlight

Share

Copy

None

Want to have your highlights saved across all your devices? Sign up or sign in