Жунус Сөз башы
Сөз башы
Жунус пайгамбар Ысрайыл падышасы Жорабам IIчи бийликке келгенге чейин, мүмкүн анын бийлиги убагында пайгамбардык кылган (б.з.ч. 793–753 жж.). Ал убакта Ысрайыл өзүнүн мурдагы чек араларын калыбына келтирип жаткан (2Пад. 14:25). Ассирия империясы болсо мурдагыдай кубаттуу болбой калган. Ошондуктан Кудай Жунус пайгамбарды Ассириянын борбор шаары Нинебиге Эң Жогоркунун жазасы жөнүндө эскертип айтуу үчүн жөнөткөндө, ал баргысы келген жок, анткени нинебиликтер күнөөлөрү үчүн тобо кылып, кайрадан кубаттуу болуп кетишин каалаган эмес.
Бул окуя эки бөлүктөн турат (1–2 жана 3–4 бөлүмдөр). Биринчи бөлүк да, экинчи бөлүк да Кудайдын Жунус пайгамбарга тапшырма берүүсүнөн башталат. Биринчи бөлүктө Жунус пайгамбар Кудайга тил албай Андан качып кетет (1:3). Ошондуктан Кудай аны кыйынчылыктарга салып эскертет (2:1). Экинчи бөлүктө Жунус пайгамбар Кудайдын тапшырмасын аткарганы менен (3:3), нинебиликтер күнөөлөрү үчүн тобо кылып, жазаланбай калганы үчүн өкүнөт (3:6-10).
Бул китептин темасы – Кудайдын ырайымы. Кудай Ысрайыл элине гана ырайым кылбастан, эгерде күнөөлөрү үчүн тобо кылса, бутпарас элдерге да ырайым кылат. Жунус пайгамбардын китеби Ыйса Машаяк аркылуу бардык элдерге берилүүчү куткарылуу жөнүндө алдын ала айтат (1 Тим. 2:4-6 аяттарды караңыз).
ទើបបានជ្រើសរើសហើយ៖
Жунус Сөз башы: КЫРИ
គំនូសចំណាំ
ចែករំលែក
ចម្លង

ចង់ឱ្យគំនូសពណ៌ដែលបានរក្សាទុករបស់អ្នក មាននៅលើគ្រប់ឧបករណ៍ទាំងអស់មែនទេ? ចុះឈ្មោះប្រើ ឬចុះឈ្មោះចូល
Kyrgyz New Testament © Bible Society of Kyrgyzstan, 2018