Башталыш 43

43
Жакыптын балдарынын Мисирге экинчи сапары
1Канаанда ачарчылык абдан катуу эле. 2Мисирден алынып келген буудай түгөнгөндө, Жакып балдарына:
– Дагы барып, бир аз дан сатып алып келгиле, – деди.
3Иуда атасына:
– Тигил киши «иниңер силер менен чогуу келбесе, көзүмө көрүнбөгүлө» деп катуу эскерткен. 4Эгер инибизди биз менен бирге жиберсеңиз, барып, сизге буудай алып келебиз, 5эгер жибербесеңиз, анда барбайбыз. Себеби тиги киши «иниңер силер менен чогуу келбесе, көзүмө көрүнбөгүлө» деген, – деди. 6Анда Ысрайыл:#43:6 Ысрайыл … – Бул Жакып. Башталыш 35:10ду караңыз.
– Эмнеге ал кишиге дагы бир иниңер бар экенин айтып, башыма балээни үйдүңөр? – деди.
7– Ал биз тууралуу, биздин урук-туугандарыбыз тууралуу такып сурап: «Атаңардын көзү тирүүбү? Башка да бир тууганыңар барбы?» – дегенде, анын ушул суроолоруна жооп бердик. «Иниңерди ала келгиле» деп айтарын кайдан билдик? – дешти балдары.
8Иуда болсо атасы Ысрайылга:
– Баланы мени менен жибериңиз, азыр эле кетели. Ошондо, биз да, сиз да, балдарыбыз да өлбөй, аман калабыз. 9Бала үчүн башым менен жооп берем, аны менден талап кыласыз. Эгер аны алдыңызга кайра алып келбесем, анда сиздин алдыңызда өмүрүм өткүчө айыпкер болоюн. 10Биз убакытты созо бербегенде, эмгиче эки мерте барып келмекпиз, – деди.
11Акыры атасы Ысрайыл аларга мындай деди:
– Башка ылаажы болбосо, мындай кылгыла: бул жердин эң жакшы жемиштеринен – аз-аз бальзамдан, аз-аз балдан, жыттуу чайырдан, ладандан, мисте жана бадамдан жанагы кишиге ала баргыла. 12Күмүштөн болсо мурдагыдан эки эсе көп алгыла, кабыңардын оозуна салынган күмүштү өз колуңар менен кайтарып беришиңер керек. Балким, жаңылыштык болгондур. 13Иниңерди алып, тиги кишиге кайра баргыла. 14Кудуреттүү Кудай ошол кишинин ниетине силерге деген ырайым салсын, ал берки бир тууганыңарды да, Бенжаминди да кайра жибергендей болсун. Эгерде балдарыман айрылышым керек болсо, айлам барбы, айрылам да.
15Ошентип, алар белектерин, эки эсе көп күмүшүн, Бенжаминди алып, Мисирге жол тартышты. Мисирге жетип, Жусуптун алдына келишти. 16Жусуп алардын жанындагы Бенжаминди көргөндө, үй башкаруучусуна мындай деди: «Бу кишилерди үйгө алып барып, мал союп, тамак даярда, булар түшкү тамакты мени менен бирге ичишет».
17Үй башкаруучу Жусуптун айтканын орундатып, тигилерди анын үйүнө киргизди. 18Өздөрүн Жусуптун үйүнүн алдына алып келишкенин көрүп, агалары коркуп бири-бирине: «Өткөндө каптарыбызга кайра салып койгон күмүш үчүн бизди ушул жерге алып келди. Ошону шылтоо кылып, бизге кол салып, кармап, эшектерибизди тартып алышат да, өзүбүздү кул кылышат», – дешти. 19Анан босогого жеткенде, Жусуптун үй башкаруучусуна мындай дешти:
20– Уруксат этсеңиз, мырзабыз, биз мурда да буудай сатып алганы бул жерге келгенбиз. 21Кайра бараткан жолдо түнөгөнү токтогондо каптарыбызды ачсак, ар кимибиздин күмүшүбүз чыпчыргасы коробой каптын оозунда экен. Биз аларды кайра алып келдик. 22Мындан сырткары, дагы буудай сатып алалы деп, өзүнчө да күмүш алып келдик. Тиги күмүшүбүздү кайра каптарыбызга ким салып койгонун билбейбиз.
23Үй башкаруучу:
– Кабатыр болбогула, коркпогула. Буудай сатып алалы деген күмүшүңөрдү мен толук алгам. Силердин жана ата-бабаңардын Кудайы күмүшүңөрдү кабыңарга салдырып койсо керек, – деди да, аларга Ысманды алып келди.
24Ошентип, үй башкаруучу аларды Жусуптун үйүнө киргизип, суу берди. Алар буттарын жуушту. Башкаруучу алардын эшектерине да жем берди. 25Жусуп түштө келерин билип, алар белектерин камдап коюшту, анткени ошол жерде тамак ичишерин угушкан эле.
26Жусуп үйгө келгенде, алар белектерин ичкери алып келип, ага беришти да, анын алдында жерге жете ийилип, таазим этишти. 27Жусуп алардын ден-соолугун сурап, анан:
– Карыган атабыз бар дедиңер эле, ал киши барбы, сак-саламатпы? – деди.
28– Кулуңуз – атабыз бар, ал сак-саламат, – дешип, алар дагы ийилип, таазим кылышты.
29Жусуп тегерегин карап, жатындаш иниси Бенжаминди көрүп:
– Силер мага айткан кенже иниңер ушулбу? Кудай сени жалгасын, балам! – деди да, 30дароо сыртка чыгып кетти. Анткени бир тууганын көргөндө ичи элжиреп, ыйлап жиберейин деди. Ошол үчүн өз бөлмөсүнө кирип алып, өпкө кагып ыйлады. 31Анан бетин чайып, сыртка чыкты да, өзүн кармап, кулдарына «тамак алып келгиле» деп буйруду. 32Жусупка өзүнчө, анын бир туугандарына өзүнчө, Жусуп менен бир дасторкондо олтурган мисирликтерге өзүнчө тамак берилди. Себеби мисирликтер эврейлер менен бир дасторкондо олтуруп тамак ичишчү эмес, бул алар үчүн арам делинер эле. 33Жусуп бир туугандарын маңдайына улуулата олтургузду, тигилер таң кала бири-бирин карашты. 34Аларга Жусуптун дасторконунан тамак берилди. Бенжаминдин шыбагасы алардын ар бириникинен беш эсе көп болду. Алар Жусуп менен бирге ичип, алтургай, кызымтал болгуча көңүл ачышты.

ទើបបានជ្រើសរើសហើយ៖

Башталыш 43: КЫРИ

គំនូស​ចំណាំ

ចែក​រំលែក

ចម្លង

None

ចង់ឱ្យគំនូសពណ៌ដែលបានរក្សាទុករបស់អ្នក មាននៅលើគ្រប់ឧបករណ៍ទាំងអស់មែនទេ? ចុះឈ្មោះប្រើ ឬចុះឈ្មោះចូល