Элчилер 28
28
Мелит аралында
1Аман калган бизге аралдын Мелит деп аталары белгилүү болду. 2Анда жашаган уруунун адамдары бизди өзгөчө жылуу кабыл алышты. Жамгыр жаап, күн суук болгондуктан, от жагып, баарыбызды чакырышты. 3Пабыл отун чогултуп келип, отко салганы жаткан. Күтүлбөгөн жерден отундун арасынан бир уулуу жылан чыга калып, Пабылдын колуна оролду. 4Аралдыктар Пабылдын колунда асылып турган жыланды көрүшкөндө, өз ара: «Карасаңар, бул адам анык киши өлтүргүч, деңизге чөкпөй аман калса да, Ак аны тирүү калтыргысы келбеди», – дешти. 5Бирок Пабыл эч зыян тартпастан жыланды отко силкип таштады. 6Тигилер болсо Пабыл эми шишип чыгат го же күп этип кулап түшүп өлүп калат болуш керек деп күтүп турушту. Бирок бир топ күтүп, эч кандай деле адаттагыдан сырткары нерсе болбогонун көргөн соң, ойлорун өзгөртүп: «Бул – кудай экен!» – дей башташты.
7Ал жерден анча алыс эмес жерде ошол аралдын башчысы Публий деген кишинин талаасы бар эле. Ал бизди жылуу кабыл алып, үч күн бою коноктоду. 8Публийдин атасы ич өткөк менен ооруп, ысытма болуп төшөктө жатыптыр. Пабыл анын бөлмөсүнө кирип, башына колун коюп, сыйынды да, айыктырды. 9Анын айыкканы билингенде, аралдагы башка оорулуулардын баары келе башташты да айыгып кетип жатышты. 10Алар бизге абдан чоң урмат-сый көргөзүшүп, көптөгөн белектерди беришти, кетерибизде жолго керектөөчү нерселерибиздин баарын кемебизге салып коюшту.
Мелиттен Римге
11Үч айдан кийин Александриядан келип, ошол аралда кыштап калган «Эгиз кудай» деген жазуусу бар кемеге түштүк да сүзүп кеттик. 12Сиракуза деген шаарга барып, анда үч күн турдук. 13Анан сүзүп чыгып, Регия шаарына келдик. Бир күндөн кийин түштүктөн соккон шамалдан пайдаланып, эки күндүн ичинде Путеёл шаарына жетип бардык. 14Ал жерден бир нече боордошторубузду таптык. Алар: «Бир жума биз менен болуңуздар», – деп суранып, бизди көндүрүштү.
Анан Римге жөнөдүк. 15Римдеги боордошторубуз кабарыбызды угуп, Аппий базары жана Үч мейманкана деген жерлерге чейин келип, алдыбыздан тосуп чыгышыптыр. Пабыл аларды көргөндө, көңүлү көтөрүлүп, Кудайга шүкүрчүлүк келтирди.
Пабылдын Римдеги кызматы
16Римге киргенибизде, жүз башы Пабылга өзүнчө жашоого уруксат кылып, бир жоокерге кайтартып койду.
17Үч күндөн кийин, Пабыл иудейлердин атактууларын бир жерге чакырды. Алар чогулганда, мындай деди:
– Боордоштор, мен элибизге жана ата-бабаларыбыздын салтына каршы эч нерсе кылбасам да, Иерусалимде кармалып, римдиктердин колуна тапшырылдым. 18Римдиктер да мени тергеп көрүп, өлүмгө кескидей эч бир күнөө таба алышпагандыктан, бошотмокчу болушту. 19Иудейлер каршы чыгышканда, аргасыздан Рим падышасынын өкүмүн талап кылдым. Бирок мен муну өз элимдин бетине көө жабайын деген ниетте кылган жокмун. 20Ушул себептен мен сиздерди чакырып, орой көз чарай сүйлөшөйүн дедим. Анткени мен элибиз үмүт арткан нерсеге ишенгендигимдин айынан мына бул чынжырга таңылып, камактамын.
21Ошондо алар мындай деп жооп беришти:
– Сен жөнүндө биз Иудеядан эч кандай кат-кабар алган жокпуз. Ал жактан келген боордошторубуздун да эч кимиси сен жөнүндө жаман кабар билдирбеди. 22Мейли, ошондой болсо да сенин пикириңди угалы, анткени жанагы сектаңа бардык жерде эл каршы болуп жатканы бизге маалым.
23Алар Пабыл менен сүйлөшүү үчүн бир күндү белгилешти. Ошол күнү Пабыл жашаган жайга көптөгөн адамдар келишти. Пабыл аларга эртеден кечке чейин Кудай Падышачылыгы тууралуу айтып, Муса пайгамбар менен башка пайгамбарлардын китептеринин негизинде Ыйсанын ким экенин түшүндүрүүгө аракет кылды. 24Анын сөзүнө ишенгендер да, ишенбегендер да болду. 25Ошондуктан келгендер өз ара бир пикирге келе алышпай, экиге бөлүнүштү. Алар кете баштаганда, Пабыл дагы мындай деди:
– Силердин аталарыңарга Ыйык Рух Ышая пайгамбардын оозу менен туура айтыптыр:
26«Мынабу элге барып айткын эми:
“Уксаңар да эч нерсе туйбайсыңар,
Карап туруп эч нерсе көрбөйсүңөр”.
27Анткени
Бул элдин дилин дат басып,
Оорлошуп кулагы,
Көзү калган тунарып.
Антпесе көрмөк көздөрү,
Кулактары ачылмак,
Жүрөгү туймак алардын.
Мага кайтып келишип,
Сакайтмакмын аларды».#Ыш. 6:9-10.
28Ошондуктан бир нерсени билип алгыла: Кудай эми куткаруучу сөзүн башка улуттарга жиберет. Алар кулак салышат.#28:28 Китептин аягындагы «Тексттик варианттарды» караңыз.
30Пабыл эки жыл бою ижарага алган үйүндө жашап, аны көргөнү келгендердин баарына эшиги ачык болду. 31Ал Кудай Падышачылыгын жарыялап, Эгебиз Ыйса Машаяк тууралуу тайманбастан айтып, элге эркин таалим берип жүрдү.
ទើបបានជ្រើសរើសហើយ៖
Элчилер 28: КЫРИ
គំនូសចំណាំ
ចែករំលែក
ចម្លង

ចង់ឱ្យគំនូសពណ៌ដែលបានរក្សាទុករបស់អ្នក មាននៅលើគ្រប់ឧបករណ៍ទាំងអស់មែនទេ? ចុះឈ្មោះប្រើ ឬចុះឈ្មោះចូល
Kyrgyz New Testament © Bible Society of Kyrgyzstan, 2018

: