1
Римдиктерге 7:25
Инжил ЛС (2005)
КЫРИ
Кудайга алкыш! Ал муну Эгебиз Ыйса Машаяк аркылуу кылып койду! Ошентип, акыл-оюм менен мен Кудай мыйзамына моюн сунсам, адамдык табиятым менен күнөө мыйзамына моюн сунам.
ប្រៀបធៀប
រុករក Римдиктерге 7:25
2
Римдиктерге 7:18
Өзүмдө, адамдык табиятымда жакшылык жок экенин билем. Жакшылык кылууга ниетим бар, бирок бул колумдан келбейт.
រុករក Римдиктерге 7:18
3
Римдиктерге 7:19
Кылам деген жакшылыкты кылбайм да, анын ордуна кылбайм деген жамандыкты кылам.
រុករក Римдиктерге 7:19
4
Римдиктерге 7:20
Эгерде жасагым келбеген нерсени жасап жатсам, анда муну кылган мен эмес, ичимдеги күнөө.
រុករក Римдиктерге 7:20
5
Римдиктерге 7:21-22
Ошентип, мен мындай мыйзам ченемдүүлүктү байкадым: жакшылык кылайын десем да, колумдан жамандык гана келет. Жан-дилимден Кудайдын мыйзамына кубанам.
រុករក Римдиктерге 7:21-22
6
Римдиктерге 7:16
Кылып жатканым өзүм каалабаган нерсе болгон соң, бул менин мыйзамдын тууралыгын мойнума алганымды көрсөтүп турат.
រុករក Римдиктерге 7:16
គេហ៍
ព្រះគម្ពីរ
គម្រោងអាន
វីដេអូ