Кылган иштерин көрүп, Кудай алардын уятсыз кумарга батуусуна жол берип койду. Ошентип аялдар табигый жыныстык катнаштарды таштап, табиятка каршы катнаштарга берилишти. Ошондой эле эркектер да табиятын бузуп, аял денесинин ордуна, бири-бирине кумарлана башташты да, бири-бири менен жыныстык катнашка киришип, өздөрү кылган уятсыз иштерден улам Кудай алардын сазайын колуна берди.
Бул адамдар Кудайды таанып билүүдөн баш тарткандыктан, Кудай аларды пейили бузулган бойдон калтырып, уятсыз нерселерди кылууларын тыйбады.