1
Марк 14:36
Инжил ЛС (2005)
КЫРИ
Ата, оо, Атаке, – деди Ал, – Сенин колуңдан баары келет. Ушул азапты Мага тийгизбей өткөрүп жиберчи. Бирок... Менин эмес, Сенин каалаганыңдай болсун!
ប្រៀបធៀប
រុករក Марк 14:36
2
Марк 14:38
Шайтанга азгырылып кетпес үчүн уктабагыла, сыйынгыла! Себеби жакшылык кылганды каалайсыңар, бирок алыңар аз, – деди.
រុករក Марк 14:38
3
Марк 14:9
Силерге бир чындыкты айтып коёюн: ушул Жакшы Кабар бүт дүйнөнүн кай жеринде жарыяланса, бул аялды эскерүү иретинде анын кылган иши тууралуу да айтылат.
រុករក Марк 14:9
4
Марк 14:34
Жаным өлгүдөй кыйналып турат, – деди Ал, – ушул жерде калып, уктабай тура тургулачы.
រុករក Марк 14:34
5
Марк 14:22
Алар тамак ичип жатышканда, Ыйса нанды алып, Кудайга шүкүрчүлүк келтирип, сындырды да, шакирттерине таратып берип жатып: – Алгыла, жегиле, бул Менин денем, – деди.
រុករក Марк 14:22
6
Марк 14:23-24
Анан чөйчөктү алып, Кудайга шүкүрчүлүк келтирип, аларга берди. Баары андан ичишти. Анан Ыйса аларга мындай деди: – Бул көп адамдар үчүн төгүлүп, алар менен Кудайдын ортосундагы жаңы келишимди бекитүүчү Менин каным.
រុករក Марк 14:23-24
7
Марк 14:27
Ошондо Ыйса аларга мындай деди: – Баарыңар Мени таштап кетесиңер, анткени Ыйык Жазууда: «Койчусун уруп өлтүрөм, анан койлору чачырап кетет» деп айтылган.
រុករក Марк 14:27
8
Марк 14:42
Тургула, кеттик. Тигине, Мени кармап бере турган киши да келип калды.
រុករក Марк 14:42
9
Марк 14:30
Ыйса ага: – Сага бир чындыкты айтып коёюн: ушул түнү короз эки ирет кыйкыргыча, Мени тааныбайм деп үч жолу айтасың, – деди.
រុករក Марк 14:30
គេហ៍
ព្រះគម្ពីរ
គម្រោងអាន
វីដេអូ