1
Матай 10:16
Инжил ЛС (2005)
КЫРИ
Мен силерди карышкырлардын арасына койлорду жибергендей жөнөтүп жатам. Ошондуктан жыландай кыраакы, көгүчкөндөй ак көңүл болгула.
ប្រៀបធៀប
រុករក Матай 10:16
2
Матай 10:39
Өмүрүн аяган адам аны сактамак турсун жоготуп алат, ал эми ким Мен үчүн өмүрүн жоготсо, ал аны кайрадан табат.
រុករក Матай 10:39
3
Матай 10:28
Силерди өлтүрүп коюш колунан келе тургандардан коркпогула. Алар жаныңарды өлтүрө албайт. Андан көрө, жаныңарды да, денеңерди да кууратып, тозокко салууга кудурети бар Кудайдан корккула.
រុករក Матай 10:28
4
Матай 10:38
Ошондой эле өзүнүн айкаш жыгачын көтөрбөстөн, Мени ээрчиген адам да Мага жарабайт.
រុករក Матай 10:38
5
Матай 10:32-33
Ким Мени эл алдында ачык тааныса, Мен да аны асмандагы Атамдын алдында ачык тааныйм. Мени эл алдында четке какканды, Мен да асмандагы Атамдын алдында четке кагам.
រុករក Матай 10:32-33
6
Матай 10:8
Оорулууларды айыктыргыла, өлгөндөрдү тирилткиле, пес оорулууларды сакайткыла, жиндерди кубалагыла. Бекер алдыңар, бекер бергиле.
រុករក Матай 10:8
7
Матай 10:31
Ошондуктан коркпогула, силер чымчыктардан алда канча кымбатсыңар.
រុករក Матай 10:31
8
Матай 10:34
Мени жер бетине тынчтык алып келди деп ойлобогула!
រុករក Матай 10:34
គេហ៍
ព្រះគម្ពីរ
គម្រោងអាន
វីដេអូ