Мына, мен адам баласынын баары кетчү акыркы сапарга узаганы жатам. Жараткан Эге, Кудайыбыз силерге жакшы убадаларды берген болчу. Ошол убадалардын бири да аткарылбай калбаганын силер жүрөгүңөр, жан дүйнөңөр менен сезип, жакшы билесиңер. Алардын баары ишке ашты, бири да аткарылбай калган жок.