1
Жакып 3:17
Инжил ЛС (2005)
КЫРИ
Ал эми көктөн келген акылмандыгы бар ишенгендер эң алды күнөөдөн бошонгон таза жүрөктүү, тынчтыкты сүйүүчү, момун, тил алчаак, башкаларга кайрымы менен жакшылыгы көп, ниети ак жана астейдил болушат.
ប្រៀបធៀប
រុករក Жакып 3:17
2
Жакып 3:13
Араңарда акыл-эстүү, түшүнүгү кенен адам барбы? Болсо, анысын пакиза жүрүм-туруму, акылгөй момундугу менен далилдесин.
រុករក Жакып 3:13
3
Жакып 3:18
Тынчтыкты сүйгөн адамдар тынчтык үрөнүн сээп, адилеттик жемишин алышат.
រុករក Жакып 3:18
4
Жакып 3:16
Каерде көрө албастык менен өзүмчүлдүк болсо, тартипсиздик менен түрдүү жаманчылык да ошол жерде.
រុករក Жакып 3:16
5
Жакып 3:9-10
Тилибиз менен Эге Атабызды алкайбыз, ошол эле тилибиз менен Кудайга окшош жаралган адамдарды каргайбыз. Бир эле ооздон алкыш да, каргыш да чыгат! Боордошторум, мындай кылган жарабайт.
រុករក Жакып 3:9-10
6
Жакып 3:6
Тил – от, ал денебиздеги жамандыкка толгон дүйнө. Биздин бүт жашообуз аркылуу жамандыкты таратат. Тозоктун оту менен бүт жашообузду өрттөп жок кылат.
រុករក Жакып 3:6
7
Жакып 3:8
ал эми тилди эч ким башкара албайт. Бул – ээ бербеген жамандык. Ал өлтүрө турган ууга толгон.
រុករក Жакып 3:8
8
Жакып 3:1
Боордошторум, бир азыңар эле окутуучу болгула. Себеби бизге, окутуучуларга, сурак катуураак болорун билесиңер.
រុករក Жакып 3:1
គេហ៍
ព្រះគម្ពីរ
គម្រោងអាន
វីដេអូ