1
1 Жакан 4:18
Инжил ЛС (2005)
КЫРИ
Сүйүүдө коркунуч болбойт, анткени коркунуч жаза менен байланыштуу, ошондуктан чыныгы сүйүү коркунучту сүрүп чыгарат. Ал эми корккон адамда болсо сүйүү жетилген эмес.
ប្រៀបធៀប
រុករក 1 Жакан 4:18
2
1 Жакан 4:4
Балдар, силер Кудайдын жетегиндесиңер жана аларды жеңип чыктыңар, анткени силердин ичиңердеги Рух бул дүйнөдөгү рухтан күчтүү.
រុករក 1 Жакан 4:4
3
1 Жакан 4:19
Биз болсок сүйөбүз, анткени Кудай бизди биринчи сүйдү.
រុករក 1 Жакан 4:19
4
1 Жакан 4:7
Сүйүктүүлөрүм, бири бирибизди сүйөлү, анткени сүйүү – Кудайдан. Сүйө билген адамдын атасы Кудай жана ал Кудайды билет.
រុករក 1 Жакан 4:7
5
1 Жакан 4:8
Сүйө билбеген адам Кудайды билбейт, анткени Кудай – сүйүү.
រុករក 1 Жакан 4:8
6
1 Жакан 4:10
Биз Кудайды эмес, Кудай бизди сүйүп, күнөөлөрүбүздүн куну төлөнүшү үчүн Уулун жиберди. Сүйүүнүн чыныгы мааниси мына ушунда.
រុករក 1 Жакан 4:10
7
1 Жакан 4:11
Сүйүктүүлөрүм, Кудай бизди ушундай сүйүп жаткан соң, биз да бири бирибизди сүйүшүбүз керек.
រុករក 1 Жакан 4:11
8
1 Жакан 4:9
Ал бул дүйнөгө жалгыз Уулун жиберип, бизди Ал аркылуу чыныгы өмүргө ээ болсун деди. Кудайдын бизге болгон сүйүүсү ушундан белгилүү болду.
រុករក 1 Жакан 4:9
9
1 Жакан 4:20
Эгер кимдир бирөө «мен Кудайды сүйөм» деп, бирок өз боордошун жек көрүп турса, анда ал алдамчы, анткени көзү көрүп турган боордошун сүйбөгөн, эч көрбөгөн Кудайды кантип сүйө алат?
រុករក 1 Жакан 4:20
10
1 Жакан 4:15
Кимде ким Ыйсаны Кудай Уулу деп ачык айтса, анда Кудай аны менен жана ал Кудай менен тыгыз байланышта жашайт.
រុករក 1 Жакан 4:15
11
1 Жакан 4:21
Ал бизге мындай осуят калтырган: «Кудайды сүйгөн киши боордошун да сүйсүн».
រុករក 1 Жакан 4:21
12
1 Жакан 4:1-2
Сүйүктүүлөрүм, ар кандай эле рухка ишене бербегиле. Кудайданбы же башкаданбы, текшерип көргүлө, анткени көптөгөн жалган пайгамбарлар дүйнөгө толуп кетишти. Кудайдын Рухун мындан билсеңер болот: Ыйса Машаяк адам болуп келген деп билген рух Кудайдан
រុករក 1 Жакан 4:1-2
13
1 Жакан 4:3
ал эми Ыйсаны танган рух Кудайдан эмес, Машаяктын душманынан. Силер мурда Машаяктын душманы келет деп укканыңардай, ал азыр дүйнөдө.
រុករក 1 Жакан 4:3
គេហ៍
ព្រះគម្ពីរ
គម្រោងអាន
វីដេអូ