YouVersion Logo
Search Icon

Рут 1

1
Элимелектин Маап жерине көчүп келиши
1Ысрайыл элин бийлер башкарып турган кезде өлкөдө ачарчылык болду. Ошондо Иуда жериндеги Бейт-Лехем шаарчасынан бир адам аялы, эки уулу менен Маап жерине жашай турууга жөнөдү. 2Ал кишинин ысымы Элимелек, аялыныкы Нагима, ал эми эки уулунуку Махлон жана Килиён эле. Алар Иуданын Бейт-Лехеминен чыккан эфраттар болчу. Ошентип алар Маап жерине келип, ошол жерде туруп калышты.
3Анан Элимелек көз жумуп, Нагима эки уулу менен калды. 4Уулдары мааптык кыздарга үйлөнүштү. Кыздардын бирөөсүнүн аты Орпа, бирөөсүнүкү Рут эле. Алар ошол жерде он жылдай турушту. 5Анан Нагиманын уулдары Махлон менен Килиён да кайтыш болду. Ошентип ал аял эки уулу менен күйөөсүнөн айрылып, жалгыз бой калды.
6Маап элинде жүргөн Нагима Жараткан Эге Өзүнүн калкы ысрайылга назарын салып, аларга мол түшүм бергенин укту. Ошондо Нагима эки келини менен Маап жеринен өз элине кайтууга камынды. 7Ошентип алар турган жерин таштап, Иудага карай сапар алышты.
8Жолдо бара жатканда, Нагима келиндерине:
– Эми ар кимиң өз энеңердин үйүнө кайткыла. Силер маркум уулдарыма жана менин өзүмө мээримдүү болдуңар. Ошол үчүн Жараткан Эге силерге да мээримин төксүн! 9Жараткан Эгем силерге күйөө берип, баш пааналуу кылсын! – деп, беттеринен сүйдү.
Бирок алар буркурап-боздоп ыйлашып:
10– Жок, сиз менен бирге биз да эл-журтуңузга барабыз, – дешти. 11Ошондо Нагима:
– Кайткыла, кыздарым! Мени менен эмнеге барасыңар? Силерге күйөө боло турган курсагымда балам бар беле? 12Кайткыла, кагылайындар! Мен эми карып калдым, күйөөгө чыга албайм. Бүгүн күйөөгө чыгып, уулдуу болормун деген күндө да, 13алар эр жеткенче күтө алмак белеңер? Ошого чейин күйөөгө чыкпай жүрө берет белеңер? Жок, кыздарым, Жараткан Эгемдин башыма салган күйүтүн кошо тартышкыла деп силерди кармаганым жакшы эмес, – деп жооп берди.
14Экөө баштагыдан бетер буркурап ыйлашты. Анан Орпа кайненеси менен коштошту, ал эми Рут аны менен калды. 15Нагима Рутка:
– Көрдүң го, абысының эл-журтуна, өзү сыйынган кудайларына кайтты. Сен да анын артынан барсаңчы, – деди. 16Бирок Рут:
– Сизди таштап кеткенге мени мажбур кылбаңыз. Сиз кайда барсаңыз, мен да ошол жакка барам. Кайда жашасаңыз, мен да ошол жакта жашаймын. Сиздин элиңиз менин элим, сиздин Кудайыңыз менин Кудайым болот! 17Кай жерде өлсөңүз, мен да ошол жерде өлүп, жер жазданам. Эгер бу дүйнөдөн кеткенче сизден ажырасам, мени Жараткан Эгем жазаласын, катуу жазаласын! – деп туруп алды.
18Руттун өзү менен чогуу кетүүнү чындап чечкенине көзү жеткен соң, Нагима аны көндүргөнүн койду.
19Ошентип экөө Бейт-Лехемди беттеп жөнөп кетишти. Ал жерге келишкенде, калаа калкы бүт толкуп:
– Омэ-эй, мынабу Нагимабы?! – дешти. 20Ошондо ал:
– Мени Нагима#1:20 Бактылуу эмес, Мара#1:20 Шордуу дегиле, – деди. – Себеби кудуреттүү Кудай мага күйүт тарттырды. 21Бул жерден үй ичибиз түгөл кеттик эле, эми мына Жараткан Эге кайра куру кол алып келди. Силер мени эмнесине «Бактылуу» дейсиңер? Жараткан Эге мени азапка салды, кудуреттүү Кудай башымды бактысыз кылды.
22Ошентип Нагима мааптык келини Рут менен бирге Маап жеринен кайра келди. Алар Бейт-Лехемге келгенде, арпага жаңы эле орок салынган маал болчу.

Currently Selected:

Рут 1: КЫРИ

Highlight

Share

Copy

None

Want to have your highlights saved across all your devices? Sign up or sign in

YouVersion uses cookies to personalize your experience. By using our website, you accept our use of cookies as described in our Privacy Policy