YouVersion Logo
Search Icon

Бийлер 21

21
Аман калган бенжаминдерге аял таап берүү
1Ысрайыл эли Миспада чогулганда: «Эч кимибиз бенжамин уулдарына кызыбызды бербейбиз» деп ант берген болчу. 2Согуштан кийин ысрайыл эли Бейтелге келип, Кудайдын алдында кечке олтуруп, катуу боздоп ыйлашты.
3– О Жараткан Эге! Ысрайылдын Кудайы! Неге Ысрайыл журтунда мындай иш болду?! Ысрайыл элинин бир уруусунан ушинтип айрылып калабызбы?! – дешти. 4Эртеси күнү эл таң эртең менен ошол жерде курмандык жай тургузушуп, бүт өрттөлчү жана тынчтык курмандыктарын чалышты. 5Анан ысрайылдар:
– Жараткан Эгенин алдында чогулганыбызда Ысрайыл урууларынан келбей койгондор болду беле? – деп сураштырышты. Анткени алар Миспада: «Жараткан Эгенин алдындагы жыйынга келбегендер каргышка калсын, аларды өлүмгө өкүм кылабыз» деп ант беришкен болчу. 6Ысрайылдар боордошу бенжамин уруусу үчүн кайгырып: «Ка-ап! Бүгүн Ысрайыл бир уруусунан айрылып калды!» деп өкүнүштү. 7«Бенжамин уруусунун аман калгандарына эми аялды кайдан таап беребиз? Эч кимибиз аларга кыздарыбызды бербейбиз» деп Жараткан Эгени оозанып ант берип койбодук беле! 8Алар дагы: «Миспадагы жыйынга Ысрайыл урууларынан келбегендер барбы?» деп сураштыра башташты. Көрсө, Гилаттагы Жабештен эч ким Жараткан Эгенин алдына келбептир. 9Анткени алар элди аралап көрүшкөндө, Гилаттын Жабешинин жашоочуларынан бир да жан келбегени белгилүү болду. 10Бүт жамаат 12 000 мыкты жигиттерди жиберип: «Барып, Гилаттагы Жабештин бүт элин, катын-баласын кошуп кылыч мизине алгыла!» деп буйрук берди. 11«Ар бир эркекти, эр көргөн ар бир аялды садага чапкыла». 12Жоокерлер Гилаттагы Жабештин тургундарынын арасынан күйөөгө тие элек 400 кызды таап, аларды Канаан жеринде жайгашкан Шило ордосуна алып келишти. 13Анан бүт жамаат Риммон аскасындагы бенжамин уулдары менен сүйлөшүүгө чабармандарды жиберип, аларга ырайым жарыялады. 14Ошондо бенжамин уулдары кайрылып келишти. Аларга Гилаттын Жабешиндеги тирүү калган кыздарды колукту кылып беришти. Бирок ал кыздар баарына жетпей калды. 15Бенжамин үчүн элдин кабыргасы сөгүлүп турду. Анткени Жараткан Эге Ысрайыл урууларынын биринен айырган болчу. 16Жамаат аксакалдары:
– Эми калгандарына колуктуну кайдан табабыз? Бенжаминдин аялдарын түгөл кырып салбадыкпы! – деп кейишти. 17– Ысрайылдын бир уруусу тукум курут болуп кетпеши үчүн, бенжаминге тийген энчи жери анын кийинки урпактарына калсын. 18Бирок биз: «Бенжаминге кызын берген каргышка калсын!» деп ант берип койгондуктан, аларга кыздарыбызды турмушка бере албайбыз. 19Ошондо бирөө:
– Уксаңар! Шилодо жыл сайын Жараткан Эгеге арналып майрам өткөрүлөт эмеспи! – деди.
Ал шаар Бейтелдин түндүгүндө, Бейтелден Шекемге кеткен жолдун күн чыгышында, Ливандын түштүгүндө жайгашкан эле. 20Муну укканда аксакалдар бенжамин уулдарына:
– Баргыла да, жүзүмзарда жашырынып олтургула – деп буйрук кылышты. 21– Байкагыла, Шилонун кыздары бийлегени чыкканда, жүзүмзардан чыгып келип, ар бириңер Шилонун кыздарынан бирди кармап, бенжамин жерине ала качып келгиле. 22Кыздардын аталары же агалары бизге арызданып келишкенде, биз аларга: «Бенжаминдерди биз үчүн кечирип койгула. Биз алардын ар бирине согуштан аял олжолоп келе алган жокпуз. Силер кызыңарды аларга өз эркиңер менен бербегендиктен, мында силердин күнөөңөр жок» деп айтабыз. 23Бенжамин уулдары айтылгандай кылышты. Бийлегени чыккан кыздардан ар бири бирден бийкечти ала качышты. Кыздарды энчиге алган өз жерине алып келип, шаарларды куруп, ошол жерде жашап калышты. 24Ысрайылдардын да ар бири өз уруусуна, өз үйүнө жана энчиге тийген өз жерине кайтып кетишти. 25Ал убакта Ысрайылда падыша жок болчу. Ар ким эмнени туура көрсө, ошону жасачу.

Currently Selected:

Бийлер 21: КЫРИ

Highlight

Share

Copy

None

Want to have your highlights saved across all your devices? Sign up or sign in

YouVersion uses cookies to personalize your experience. By using our website, you accept our use of cookies as described in our Privacy Policy