YouVersion Logo
Search Icon

Рут 2

2
Руттун Обозго жолугушу
1Нагиманын маркум күйөөсү Элимелектин Обоз аттуу аталаш тууганы бар эле. Обоз абройлуу бай киши болчу.
2Бир күнү мааптык Рут Нагимага:
– Мен талаага барайын. Кайрымдуу бирөө кабылып калар, ошонун артынан ээрчип машак терейин, – деди.
– Бара кой, кызым, – деди Нагима ага.
3Рут аңызга барып, орокчулардын артынан түшүп, машак тере баштады. Ошол жердин танабы Элимелектин тууганы Обоздун менчиги болуп чыкты.
4Ошол кезде Бейт-Лехемден Обоз келип, орокчулар менен:
– Арыбагыла, Жараткан Эге жар болсун! – деп амандашып, алар:
– Бар болуңуз, сизди Жараткан Эге жалгасын! – деп жооп кайтарышты.
5Обоз алардын башкаруучусунан:
– Мынабу кимдин кызы? – деп сураганда, 6ал:
– Бул – мааптык жаш жубан, – деди, – Маап жеринен Нагиманы ээрчип келген. 7Ал «орокчулардын артынан жүрүп, булардан түшүп калган машактарды терип алайын» деп суранды. Бастырмага барып, азыраак дем алганы болбосо, таң аткандан бери машак терип жүрөт.
8Ошондо Обоз Рутка мындай деди:
– Кызым, сөзүмө кулак салсаң. Башканын талаасынан машак тергениңди кой. Ушул жерде кызматчы кыздарымдын жанында жүрүп, тере бер. 9Кайсы жерде оруп жаткандарын карап тур да, кыздардын артынан жүрө бер. Мен кызматчы жигиттериме сага тийбегиле деп буйрук кылдым. Суусаганда барып, алар толтуруп койгон кумуралардан суу иче бер, – деди. 10Ошондо Рут:
– Мен жат жерлик болсом да, мага эмне кайрым кылдыңыз? – деп, эт-бетинен жыгылып, Обозго таазим этти. Обоз:
11– Сенин күйөөңдүн көзү өткөндөн кийин кайненеңе кандай каралашканыңды, ата-энеңди, эл-журтуңду таштап, мурун-кийин билбеген эл арасына келгениңди түгөл уктум. 12Ушул жакшылыктарың Жараткан Эгеден кайтсын! Сен ысрайылдын Кудайы – Жараткан Эгенин канаты алдынан паана издеп келдиң. Ал телегейиңди тегиз кылсын! – деди. 13Ошондо Рут:
– Сиз мага кайрымдуу мамиле кылдыңыз, мырзам. Мен малай кыздарыңыздын бири болбосом да, жылуу кебиңиз менен жубаттыңыз, – деди.
14Обоз түшкү тамак маалы болгондо:
– Келе кой мында. Нандан алып, шараптын чыгына малып же, – деп Рутту чакырды. Ал орокчулардын жанына олтурганда, Обоз ага бадырактан берди. Рут тойгончо жеп, жегенинен артып да калды. 15Анан туруп, машак тергенге киришти.
Ошондо Обоз кызматчыларына мындай деп буйрук кылды:
– Ал жаңы орулган боолордун арасынан тере берсин, аны капа кылбагыла! 16Жыйнап алсын деп, байлай турган боолордун ичинен бир азын таштап кеткиле. Аны урушпагыла!
17Рут ошентип кечке чейин машак терди. Терип алганын бастырганда, жарым каптай#2:17 жарым кап – эврейче «бир эфа». Бир эфа 22 литрге туура келет. арпа болду. 18Келини арпаны шаарга алып барып, кайненесине көрсөттү. Анан жеген тамагынан артып калганын да анын колуна карматты.
19– Бүгүн кайсы жерден машак тердиң? Кайсы жерде иштедиң? Сага назарын салган адамды Кудай жалгасын! – деди кайненеси. Рут кимдин аңызында иштегенин айтып:
– Бүгүн мен иштеген талаанын ээси Обоз деген киши, – дегенде, 20кайненеси:
– Тирүүсүнө да, өлгөнүнө да жакшылыгын аябаган ошол кишини Жараткан Эге жалгасын! – деди. – Обоз – жакын туугандарыбыздын бири. Ал биздин каралашар тууганыбыз#2:20 Леби 25:25 болот.
21Анда Рут мындай деди:
– Ал киши жыйым-терим бүткүчө малайлардын артынан жүрө бер деди. 22Ошондо Нагима:
– Ошол адамдын малай кыздары менен бирге жүргөнүң жакшы, кызым. Башканын талаасына барсаң, сени бирөө кордошу мүмкүн, – деди.
23Ошону менен Рут арпа менен буудайдын орум-жыйымы бүткөнчө Обоздун малай кыздарынын жанында машак терип, кайненесинин колунда жүрдү.

Currently Selected:

Рут 2: КЫРИ

Highlight

Share

Copy

None

Want to have your highlights saved across all your devices? Sign up or sign in

YouVersion uses cookies to personalize your experience. By using our website, you accept our use of cookies as described in our Privacy Policy