YouVersion Logo
Search Icon

Римдиктерге 15

15
Өзүңдүн эмес, өзгөлөрдүн камын ойло
1Биз, бек ишенимде болгондор, ишеними аздардын алсыздыгын көтөрө билүүгө тийишпиз. Өзүбүздү гана ойлоп иш кылбайлы. 2Башкалардын пайдасы үчүн, алардын ишенимин бекемдегидей, ар бирибиз алар үчүн кам көрүшүбүз керек. 3Анткени Машаяк да Өзүнүкүн көздөгөн жок. Ыйык Жазууда жазылгандай,
«Сага тилин тийгизген
Адамдардын кордугу
Түштү менин башыма».#15:3 Забур 68:10.
4Мурда жазылгандардын бардыгы болсо, бекемдик аркылуу жана Ыйык Жазуунун кайрат берүүчү сөздөрү аркылуу үмүтүбүздөн кол үзбөшүбүз үчүн, бизге сабак катары берилген болчу. 5Бекемдик менен кайраттуулуктун булагы болгон Кудай Машаяк Ыйсанын эркине ылайык силерге өз ара ынтымак берсин. 6Ошондо силер бир ниет менен, бир ооздон Кудайыбызды – Эгебиз Ыйса Машаяктын Атасын даңазалап тура аласыңар.
Башка элдерге жар салынган Жакшы Кабар
7Кудайдын атагын чыгарыш үчүн, Машаяк өзүңөрдү кандай кабыл алса, силер да бири бириңерди ошондой кабыл алгыла. 8Анткени, силерге айтам, ата-бабаларына берилген убаданы орундатып, ысрайылдарга Кудайдын ишенимдүү экенин көрсөтүү үчүн Машаяк аларга кызматчы болуп берди. 9Анын кылганы аркылуу эми башка элдер да Кудайдын ырайымын көрүп, Аны даңазалай алышат. Ыйык Жазууда жазылгандай,
«Башка элдердин арасында Сени даңктайм,
Ысмыңды даңазалап, Сага ырдайм».#15:9 2 Шамил 22:50; Забур 17:50.
10Дагы мындай деп айтылган:
«Кудайымдын тандалган эли менен
Кубангыла кошулуп башка элдер!»#15:10 Мыйз. 32:43.
11Жана дагы:
«Башка элдер, баарыңар, мактагыла Эгемди!
Бүт дүнүйө калктары, даңктагыла Эгемди!»#15:11 Забур 116:1.
12Ышая да мындай дейт:
«Жесей баба Урпагы келип калат,
Башка элдердин үстүнөн бийлик кылат.
Алар болсо үмүтүн Ага артат».#15:12 Ышая 11:10. Жесей Дөөт падышанын атасы болгон.
13Үмүт берчү Кудайыбыз Өзүнө арткан ишенимиңер аркылуу силерди кубаныч менен бейпилдикке бөлөсүн. Ошондо Ыйык Рух Өз кудурети менен үмүтүңөрдү көбөйткөндөн көбөйтөт.
Пабыл ачык кат жазганынын себебин түшүндүрөт
14Боордошторум, мен өзүм силердин бардык жакшылык менен керектүү билимге ээ болуп, бири-бириңерге акыл-насаат айтып тура аларыңарга ынандым. 15Бирок, ошентсе да, айрым нерселерди эсиңерге салайын деп, бул катымда баарын ачык жаздым. Минткен себебим, Кудай мага ырайым этип, 16башка элдерге Машаяктын кызматчысы кылып жиберген. Ошондогу милдетим – аларга Жакшы Кабарды жар салганым аркылуу динкызматчылык парзымды аткарып, Ыйык Рух ыйыктаган аларды Кудайга жагымдуу «курмандык» катары тартуу кылууда болчу. 17Мына эми Машаяк Ыйса менен бирге Кудайга кылган кызматым менен сыймыктансам да болгудай, 18себеби Машаяктын мен аркылуу, айткан сөзүм менен кылган ишим аркылуу башка улуттагыларды кантип Кудайга баш ийдиргенинен башка нерселерди айтууга батынгыдай эмесмин. 19Ал болсо муну Өзү көрсөткөн кереметтүү жышаандар, Ыйык Рухтун кудурети менен кылды. Ошондон улам гана мен Машаяк тууралуу Жакшы Кабарды Иерусалимден баштап, Илирикке чейин жайылта алдым. 20Башка бирөө салган негиздин үстүнө курбаш үчүн, мен дайыма Машаяк жөнүндө эч кабарсыз болгондорго барып Жакшы Кабар таратууну артык көргөм. 21Ыйык Жазууда жазылгандай,
«Ал жөнүндө эч кабар албагандар көрүшөт,
Ал жөнүндө эч качан укпагандар билишет».#15:21 Ышая 52:15.
Пабыл Римге барууну пландаштырат
22Мына ошон үчүн канча жолу силерге барайын дегенимде, жолум бөгөлүп калчу. 23Бирок эми, ошол аймактарда кызмат кылгыдай жерим калбаган соң, көп жылдан бери эңсегенимдей, силерге келип кетейин дейм. 24Муну мен Испанияга баратканымда жолдон кылармын. Ошондо силер менен көрүшүп-баарлашып, бир аз болсо да, араңарда жүрүп кеткенден кийин мени узатып коёсуңар деген үмүттөмүн. 25Бирок азыр Иерусалимге барып, ал жактагы ыйыктарга кызмат кылмакчымын, 26анткени Македония менен Ахая аймактарындагылар өз ыктыяры менен Иерусалимдеги муктаж болгон ыйыктарга акчалай жардам берүүнү чечишти. 27Бул алардын өз чечими болду. Бирок, чынында, мындай жардам берүү алар үчүн парыз дагы, себеби ысрайылдар башка элдер менен өз рухий казынасынан бөлүшүп жатса, башка элдер да алар менен өз дүйнөлүк казынасынан беришүүгө тийиш. 28Иерусалимдегилерге алар үчүн чогултулган акчаны жеткирип, бул ишимди бүткөргөндө, Испанияга сапар тартып, жолдон силерге кире кетем. 29Мен силерге келгенимде, Машаяктын мол батасы менен келеримди билем.
30Боордоштор, баарыбыз тең Эгебиз Ыйса Машаякка ишенип, Ыйык Рух бизге өз ара сүйүү бергенин эске алып, силерден өтүнөм: мага кошулуп, мен үчүн Кудайга аябай сыйынып тургула. 31Иудеяга барганымда, Кудайыбыз мени Машаякка ишенбегендерден сактап, Иерусалимдегилерге көрсөткөн кызматым ал жактагы ыйыктар тарабынан кабыл алынсын деп сыйынып тургула. 32Ошондо, Кудай кааласа, силерге кубаныч менен келем да, араңарда болгонум мага дагы кубат берер. 33Бейпилдик берүүчү Кудай баарыңарга жар болсун. Оомийин.

Highlight

Share

Copy

None

Want to have your highlights saved across all your devices? Sign up or sign in