1
Римдиктерге 12:2
Инжил ЛС (2005)
КЫРИ
Бул дүйнөнү туурап жашабагыла. Андан көрө акыл-оюңарды жаңыртып өзгөргүлө. Ошондо Кудайдын силерге болгон эркин: эмнелер жакшы, жагымдуу жана жеткилең экендигин түшүнүп билүүгө жөндөмдүү болосуңар.
Compare
Explore Римдиктерге 12:2
2
Римдиктерге 12:1
Боордоштор, Кудай силерге не деген кайрымдуулугун көрсөттү. Андыктан силерден суранам: жан-тениңерди Кудайга багыштап, Ага жагымдуу, ыйык, тирүү курмандык катары бергиле. Ага чыныгы кызмат кылганыңар мына ушу.
Explore Римдиктерге 12:1
3
Римдиктерге 12:12
Үмүттөн кол үзбөй, ар дайым кубанычта болгула. Кыйынчылыктарда чыдамдуу, сыйынууда туруктуу болгула.
Explore Римдиктерге 12:12
4
Римдиктерге 12:21
Бирөөнүн жамандыгына алдырбай, андан көрө жамандыкты жакшылык менен жеңип чыккыла.
Explore Римдиктерге 12:21
5
Римдиктерге 12:10
Бири-бириңерге бир тууганча мээримдүү болуп, бири-бириңерден аша сый көрсөткүлө.
Explore Римдиктерге 12:10
6
Римдиктерге 12:9
Сүйсөк, чын дилибизден сүйөлү. Жамандыктан четтеп, жакшылыктан калбагыла.
Explore Римдиктерге 12:9
7
Римдиктерге 12:18
Бардыгы менен тынччылыкта жашаш үчүн колуңардан келишинче аракет кылгыла.
Explore Римдиктерге 12:18
8
Римдиктерге 12:19
Сүйүктүүлөрүм, эч кимден өч албагыла, ар кимдин жазасын Кудай Өзү берсин. Анткени Ыйык Жазууда Эгебиз мындай дейт: «Ар кимден Өзүм өч алам, Ар кимди Өзүм жазалайм».
Explore Римдиктерге 12:19
9
Римдиктерге 12:11
Эринчээк болбогула. Рухуңар менен жалындап, Эгебизге талыкпай кызмат кылгыла.
Explore Римдиктерге 12:11
10
Римдиктерге 12:3
Кудай ырайым этип дайындаган адам катары силерге айтам: өзүңөр жөнүндө тийиштүүдөн артык ойлобогула. Анын ордуна, акыл-эстүү болуп, өзүңөрдү Кудай ар бириңерге берген ишенимге жараша баамдагыла.
Explore Римдиктерге 12:3
11
Римдиктерге 12:17
Жамандыкка жамандык менен жооп кайтарбагыла да урмат-сыйга татырлык иштерди кылууну ойлогула.
Explore Римдиктерге 12:17
12
Римдиктерге 12:16
Өз ара ынтымактуу болгула. Көөдөнүңөрдү көтөрбөй, андан көрө токтоо кишилер менен катташып тургула. Өзүңөрдү акылдуу санабагыла.
Explore Римдиктерге 12:16
13
Римдиктерге 12:20
Тескерисинче, «Касташканың ач болсо, азык бергин, Касташканың чаңкаса, суусун бергин, Таш урганга кимде-ким ашын сунса, Жакшылыгы душманын уяткарат».
Explore Римдиктерге 12:20
14
Римдиктерге 12:14-15
Өзүңөрдү куугунтуктап жаткандарга бата тилеп, каргабай, кайра алкап тургула. Кубангандар менен чогуу кубанып, ыйлагандардын кайгысын бөлүшкүлө.
Explore Римдиктерге 12:14-15
15
Римдиктерге 12:13
Муктаждыгы бар ыйыктарга жардам көрсөтүп, чоочун бирөө келсе, меймандостук менен тосуп жүргүлө.
Explore Римдиктерге 12:13
16
Римдиктерге 12:4-5
Бир дене көп мүчөдөн туруп, бардык мүчөлөрдүн аткарган милдети бирдей болбойт. Ошол сыяктуу, биз да көп болуп туруп, Машаяктын денесин түзөбүз да бири-бирибизге карата өз ара байланышкан мүчөлөрбүз.
Explore Римдиктерге 12:4-5
Home
Bible
Plans
Videos