YouVersion Logo
Search Icon

Римдиктерге 11

11
Кудайдын Ысрайылга ырайым кылышы
1Ошентип, мындай собол таштайм: Кудай Өз элинен баш тарттыбы? Албетте, жок. Анткени мен да Ыбрайымдын тукумунан, Бенжамин уруусунан чыккан ысрайылдыкмын. 2Кудай тээ башынан эле Өзү тандап алган элинен баш тарткан жок. Же силер Ыйык Жазууда Илияс пайгамбар жөнүндө эмне деп айтылганын билген жок белеңер? Илияс Ысрайыл элине нааразычылык билдирип, Кудайга мындай деген эле: 3«Эгем, алар Сенин пайгамбарларыңды өлтүрүштү, курмандык жайларыңды талкалашты. Эми жападан жалгыз калган менин да көзүмдү тазалаганы жатышат».#11:3 1 Пад. 19:10, 14. 4Кудай болсо ага кандай жооп кайтарды? «Мен Өзүмө жалган кудай Баалдын алдында тизе бүкпөгөн жети миң жанды калтырдым».#11:4 1 Пад. 19:18. 5Бул азыр да ушундай: Кудай ырайым этип тандап алып, Аныкы бойдон калган бир аз жандар али да бар. 6Кудай аларды кылган ишине жараша эмес, Өз ырайымы менен тандап алган; антпесе Анын ырайымы ырайым болбой калмак.#11:6 Китептин аягындагы «Тексттик варианттарды» караңыз.
7Натыйжада эмне болду? Ысрайыл элинин ичинен Кудай тандап алган бир азы гана эңсегенине жетип, калгандары болсо андан куру жалак калышып, катаалданышты. 8Ыйык Жазууда айтылгандай,
«Кудай Өзү тоотпос кылып аларды,#11:8 Ыш. 29:10.
Али да, көзү туруп, көрө алышпайт,
Кулагы бар болсо да, уга алышпайт».#11:8 Мыйз. 29:4.
9Дөөт да мындай деген экен:
«Өздөрү жайып койгон дасторкону
Өздөрү түшчү тузак, тордой болсун;
Чалынып, сазайларын алсын алар!»
10«Көздөрү караңгылап, көрбөй калсын;
Түйшүктөн түбөлүккө бүкүрөйсүн».#11:9-10 Заб. 68:23-24.
11Андай болсо, собол таштайын: бир мүдүрүлүп, ысрайылдар эми турбас болдубу? Албетте, андай эмес. Ысрайыл кулаганда, андан кызганыч туудуруу үчүн Кудай куткарылууну башка элдерге берди. 12Ысрайылдын кулаганы мүлдө дүйнөгө мынчалык көп бата алып келсе, алардын жоготконунан улам башка элдерге ушунча көп бата тийип отурса, анда Ысрайылдын толугу менен мурдагы калыбына келиши канчалык көп бата алып келмекчи!
Башка элдердин куткарылышы
13Азыркы айтар сөзүм башка элден чыккандарга. Мен башка элдерге жиберилген элчи болуп, өз кызматым менен сыймыктанам. 14Силерге кылган кызматым кандаштарымдын кызганычын туудуруп, бул аркылуу алардын кээ бири куткарылып калгысы бардыр. 15Анткени алардын четке кагылышы мүлдө дүйнөнү Кудай менен жараштырып койсо, алардын кабыл алынышынын натыйжасы кандай болмокчу? Бул өлүк болгондорго өмүр алып келет!
16Эгерде биринчи жабылган нан Кудайга багышталып, адал болсо, анда андан калган камыр да адал болот. Эгерде дарактын тамыры Кудайга багышталып, адал болсо, анда анын бутактары да адал болот.
17Бакта өскөн зайтун дарагынын кээ бир бутактары сындырылып, алардын ордуна жапайы зайтун кыйыштырылды. Бактагы зайтунга тамырлаш болуп, анын ширеси менен сугарылган жапайы зайтун – бул силерсиңер. 18Андай болсо, жанакы сындырылган бутактарды карап, мактанбагыла. Ал эми мактанган болсоңор, эсиңерге келгиле. Бутак болуп турган силер тамырды көтөрбөйсүңөр, тескерисинче, ал силерди көтөрүп турат.
19«Жанакы бутактардын сындырылып калганы бизди кыйыштыруу үчүн болгон», – дейсиңерби? 20Ырас, алар ишенбеген үчүн сындырылып ташталган. Бирок силер да ишенгениңер үчүн эле кыйыштырылып турасыңар: ушуну билип, бой көтөргөндөн көрө, сак болгула. 21Кудай дарактын өз табигый бутактарын аябаса, кыйыштырылган силерди аяйт дейсиңерби? 22Ошентип, Кудайдын мээримдүү да, катаал да болорун байкагыла. Ал күнөөгө баткандарга катаалданып, силерге болсо, эгерде Анын мээримдүү экенине дайыма ишенсеңер, Өз мээримин төгөт. Антпесе силер да сындырылып ташталасыңар. 23Ал эми ысрайылдар ишенбестигин калтырышса, кайрадан өз ордуна кыйыштырылат, анткени Кудай аларды кайра кыйыштырып коюуга кудуреттүү. 24Эгерде Кудай силерди жапайы зайтун дарагынан кесип алып, дегеле мурда болуп көрбөгөндөй кылып, бакта өскөн зайтун дарагына кыйыштырып койсо, анда жанакы сындырылган бутактарды өздөрү бир кезде өскөн даракка кайтаруу Ал үчүн алда канча оңоюраак.
Кудайдын ырайымы бардыгына тийиштүү
25Бой көтөрүп акылдуусунбасыңар үчүн, боордоштор, мен силердин бир купуя чындыкты билип алууңарды каалайм: кээ бир ысрайылдар биротоло эмес, башка элдердин баары Кудайга келгенге чейин эле тоотпос болуп калган. 26Ыйык Жазууда айтылгандай, бүт Ысрайылдын куткарылып калышы мындай болот:
«Иерусалимден Куткаруучу келет дагы
Кайтарат Ысрайылды терс жолунан».#11:26 Ыш. 59:20.
27«Күнөөсүн алып таштап,#11:27 Ыш. 27:9. алар менен
Мына ушу келишимди түзөмүн Мен».
28Силер Жакшы Кабар угуп, куткарылып калышыңар үчүн ысрайылдар Кудайга душман болуп калышкан. Бирок ата-бабаларын сүйгөн Кудай аларды да сүйүп, алар али да Анын тандалган эли. 29Анткени Кудай кимге тартуусун ыроолоп, кимди тандап алары тууралуу оюн өзгөртпөйт. 30Бир кезде Кудайга моюн сунбаган силер алардын тил албастыгынан улам Кудайдын кайрымына ээ болуп турасыңар. 31Анын сыңары, азыр Кудайга моюн сунбай жатышкан алар да, силерге окшоп, бир күнү Кудайдын кайрымына ээ болушат. 32Себеби бардыгына кайрымдуулугун көрсөтүш үчүн Кудай бардыгын тил албастыкка туткундап койгон.
Кудайды мактоо
33«Кудайдын байлыктары эбегейсиз!
Акылмандык, билгичтиги не бир чексиз!
Чыгарган бүтүмдөрү аңдап бүткүс!
Кудайдын ойлоруна акыл жеткис!»#11:33 Ыш. 55:8.
34«Кудайдын акыл-оюн барбы билген?
Кимиси Эгебизге кеңеш берген?»#11:34 Ыш. 40:13.
35«Бирөөңөр карыз берип Кудайына,
Эгебиз бересеси барбы кимге?»#11:35 Аюп 35:7.
36Анткени бүт бардыгы бир Кудайдан,
Ал аркылуу, Ал үчүн жаратылган!
Даңкталсын түбөлүккө Кудайыбыз!
Оомийин.

Highlight

Share

Copy

None

Want to have your highlights saved across all your devices? Sign up or sign in