YouVersion Logo
Search Icon

Марк 8

8
Ыйсанын төрт миң кишини тойгузушу
1Ошол күндөрдүн биринде кайрадан абдан көп эл чогулуп, жегенге тамак табылбады. Ыйса шакирттерин чакырып алып:
2Элге боорум ооруп атат, үч күндөн бери жанымда, жегенге эч нерселери жок. 3Эгерде ушул бойдон үйлөрүнө таратып жиберсем, жолдо шайы ооп калат, анткени арасында алыстан келгендери да бар, – деди.
4Шакирттери:
– Мынча элди тойгуза турган нанды бул ээн талаадан ким таба алат? – дешти.
5Ыйса:
– Канча наныңар бар? – деди.
Алар:
– Жети, – деп жооп беришти.
6Ошондо Ыйса элди жерге отургузгула деп буйруду. Анан жети нанды алып, Кудайга шүкүрчүлүк келтирип, сындырды да элге таратуу үчүн шакирттерине берди. Шакирттери болсо элге таратышты. 7Алардын дагы бир аз кичине балыктары бар эле. Ыйса шүкүрчүлүк келтирип, аларды да таратууну буйруду. 8Баары жеп, тоюшту. Нандын арткан үзүмдөрүн жыйнашканда, жети себет болду. 9Жегендердин эсеби болсо төрт миңдей киши эле. Анан Ыйса аларды үйлөрүнө коё берип, 10дароо шакирттери менен бирге кайыкка олтуруп, Далманут аймагына келди.
Фарисейлердин жышаан талап кылышы
11Кээ бир фарисейлер Ыйсага келишип, Аны менен талаша башташты. Ыйсаны сынашып, асмандан бир жышаан-белги көрсөт деп талап кылышты. 12Ыйса терең үшкүрүнүп алды да:
– Бул адамдар эмне үчүн Менден жышаан-белги талап кылышат? Силерге бир чындыкты айтып коёюн: бул муунга эч кандай белги берилбейт! – деди.
13Анан аларды калтырып, кайрадан кайыкка олтурду да, көлдүн наркы өйүзүнө кетип калды.
Фарисейлер менен садукейлердин таалими тууралуу
14Кайыкта бир эле нан бар болуп чыкты, анткени алар нан алганды унутуп калышкан экен. 15Ыйса шакирттерине:
– Абайлагыла, фарисейлер менен Ироддун ачыткысынан сак болгула! – деди.
16Алар өз ара: «Биз нан албаганыбыз үчүн айтып жатат го», – дешти.
17Ыйса муну билип, аларга:
– Эмнеге нан ала келбептирбиз деп жатасыңар? Кылгандарымды дале түшүнгөн жоксуңарбы? Алардын маанисин биле элексиңерби? Дале көкүрөгүңөр көрбү? 18Көзүңөр туруп, көрө албай жатасыңарбы? Кулагыңар туруп, уга албай жатасыңарбы? Эсиңерде жокпу: 19Мен беш нанды беш миң кишиге сындырып бергенимде, силер чогулткан калдыктары канча себет болду эле? – деди.
Шакирттери:
– Он эки, – дешти.
20Ыйса:
– Төрт миң кишиге жети нанды сындырып бергенимде, арткандары канча себет болду эле? – деди.
Алар:
– Жети, – дешти.
21Ошондо Ыйса аларга:
– Дале түшүнө элексиңерби? – деди.
Бейтсайдадагы сокурдун айыгышы
22Бейтсайдага келишкенде, Ыйсага бир сокурду алып келишип, ага колун тийгизип, айыктырып коюусун суранып жалбарышты. 23Ыйса аны колунан алып, айылдын сыртына жетелеп чыкты. Анан анын көзүнө түкүрүп туруп, колун үстүнө койду да:
– Бирдеме көрүп жатасыңбы? – деди.
24Сокур киши көз тигиле карап:
– Адамдарды көрүп турам. Алар басып жүргөн дарактарга окшош, – деди.
25Ыйса кайрадан колун анын көзүнө койду. Ошондо ал көз тигиле карады да, бул жолу айыгып, баарын ачык көрүп калды. 26Ошондо Ыйса:
– Айылга кирбе! – деп аны үйүнө жиберди.
Ыйсанын Машаяк экендиги
27Анан Ыйса шакирттерин ээрчитип, Филип Кесария деген шаардын жанындагы айылдарга жөнөдү. Жолдо шакирттеринен:
– Эл Мени ким деп эсептешет? – деп сурады.
28Кээ бир адамдар Жакыя чөмүлдүрүүчү деп, кээ бири Илияс пайгамбар деп, а кээси башка пайгамбарлардын бири деп жатышат, – дешти шакирттери.
29А силерчи, силер Мени ким деп эсептейсиңер? – деди Ыйса.
Петир:
– Сен – Машаяксың! – деп жооп берди.
30Ошондо Ыйса аларга:
– Менин ким экенимди эч кимге айтпагыла! – деп катуу эскертти.
Ыйса Өзүнүн азап тартып өлөрүн алдын ала айтат
31Анан Адам Уулу көп азап чегип, эл башчылары, жогорку динкызматчылар жана дин мугалимдери тарабынан четке кагыларын, анан өлтүрүлүп, үчүнчү күнү кайра тирилүүгө тийиш экендигин айтып, шакирттерин окута баштады. 32Ал муну аларга ачык айтты. Ошондо Петир Аны четке чакырып алып, каршы болуп баштады. 33Ыйса болсо бурулуп, шакирттерин карады да Петирге:
– Жогол Менден шайтан, себеби сен Кудайдын эмес, пенденин оюн ойлоп жатасың! – деп аны урушуп койду.
34Анан эл менен шакирттерин чакырып алып мындай деди:
– Кимде-ким Мени ээрчигиси келсе, өз кызыкчылыктарынан баш тартсын да, өз айкаш жыгачын көтөрүп, жанын берүүгө даяр болуп, артыман түшсүн. 35Анткени ким өз жанын сактайм десе, аны жоготот, ал эми ким жанын Мен үчүн жана Жакшы Кабарым үчүн берсе, ал ага кайрадан ээ болот. 36Бүт дүйнөгө ээ болуп, бирок жанын жоготкондон адамга не пайда? 37Же кандай баа менен адам баласы жанын сактап кала алат? 38Кимде-ким мына бул бузулган, күнөөкөр муундун алдында Менден жана Менин сөздөрүмдөн баш тартса, анда Адам Уулу да Атасынын кудурети менен ыйык периштелеринин коштоосунда көктөн келгенде, андан баш тартат.

Currently Selected:

Марк 8: КЫРИ

Highlight

Share

Copy

None

Want to have your highlights saved across all your devices? Sign up or sign in