Марк 9
9
1Ыйса аларга дагы мындай деди: «Силерге бир чындыкты айтып коёюн: ушул жерде тургандардын кээ бирлери күч-кудурети менен келген Кудай Падышачылыгын көрмөйүнчө, көз жумбайт».
Тоодогу кубулуш
2Ушундан алты күн өткөндө, Ыйса Петирди, Жакыпты жана Жаканды башкалардан бөлүп алып, бир бийик тоого алып чыкты. Анан алардын көз алдында Ыйсанын кебетеси өзгөрүп кетти. 3Кийимдери аппак болуп жаркырап, дүйнөдө эч ким агарта албагандай түскө айланды. 4Анан Илияс менен Муса пайда болуп, Ыйса менен маек курушту. 5Ошондо Петир Ыйсага мындай деди:
– Устат, бул жерде болгонубуз кандай жакшы! Үч алачык тигели: бирин сага, бирин Мусага, дагы бирин Илияска.
6Ал эмне дегенин өзү да түшүнгөн эмес, анткени баары коркуп турушкан.
7Анан бир булут пайда болуп, аларга көлөкөсүн түшүрүп, булут ичинен: «Бул Менин сүйүктүү Уулум Ыйса, Аны уккула», – деген үн чыкты. 8Алар айланасын карай калышса, жанында Ыйсадан башка эч ким жок экен.
9Тоодон түшүп келе жатышканда, Ыйса: «Адам Уулу өлүп, кайра тирилгенге чейин көргөнүңөрдү эч кимге айтпагыла!» – деп буйруду. 10Алар бул сөздү унутушпай, бири биринен: «Өлгөндөрдөн тирилет дегени эмнеси?» – деп сурашты. 11Анан Ыйсадан сурашты:
– Эмне үчүн дин мугалимдери «Машаяк келерден мурун Илияс келиши керек» дешет?
12Ыйса:
– Туура, алды менен Илияс келип, баарын ордуна келтирет. Ошондой эле Адам Уулу да, Ыйык Жазууларда айтылгандай, көп азап чегип, жек көрүндү болууга тийиш эмес беле? 13Бирок Мен силерге айтам: Илияс чын эле келди жана ага Ыйык Жазууларда жазылгандай, өз оюна келгендерин жасашты, – деп жооп берди.
Жин даарыган баланын айыгышы
14Ыйсалар калган шакирттердин жанына басып келишип, аларды тегеректеп турган көптөгөн элди жана алар менен талашып-тартышып жаткан дин мугалимдерин көрүштү. 15Аны көрөрү менен элдин баары катуу таңданышты. Анан алдынан тосо чуркап чыгып, Аны менен саламдашышты. 16Ыйса алардан:
– Эмне тууралуу талашып жатасыңар? – деп сурады.
17Элдин ичинен бирөө Ага:
– Устат, мен сага жин уруп, дудук кылган уулумду алып келдим эле. 18Жини кармаганда эле боюн жерге уруп, оозунан көбүгү чыгып, тишин кычыратып, тырышып жатып калат. Шакирттериңен жинин кубалап чыгаргыла деп сурансам, колдорунан келбей койду, – деп үн катты.
19Ошондо Ыйса:
– Эй, ишеними жок эл! Качанга чейин араңарда болуп, силерге чыдаар экем? Баланы алып келгиле бери! – деди.
20Алар баланы Ыйсанын алдына алып келишти.
Жин Ыйсаны көрөрү менен баланы калчылдатып кирди. Ал жерге кулап, оозунан көбүгү чыгып, ары-бери тоголонуп жатты. 21Ыйса анын атасынан:
– Уулуң качантан бери мындай? – деп сурады.
– Бала кезинен бери, – деди атасы, – 22жин аны өлтүрүү үчүн далай ирет от менен сууга салды. Эгерде колуңуздан келсе, бизге ырайым кылып, жардам берегөрүңүз!
– 23Эгер колумдан келсеби? – деди Ыйса ага. – Ким ишенсе, ага баарын жасай алам.
24Баланын атасы ошол замат:
– Ишенем! Дагы катуураак ишенгенге жардам кылагөр! – деп боздоп жиберди.
25Элдин агып келип жатканын көрүп, Ыйса кара күчкө:
– Дудук жана дүлөй кылчу жин, Мен сага катуу буйрук кыламын: чыгып кет да, экинчи кирбегин! – деди.
26Жин ачуу чаңырып, баланы катуу калчылдатып, анан чыгып кетти. Бала өлүктөй болуп жатып калгандыктан баары: «Өлдү!» – деп жатышты. 27Бирок Ыйса аны колунан алып, турууга жардамдашты эле, ал турду.
28Ыйса үйгө киргенде, шакирттери Андан өзүнчө:
– Эмне үчүн биз аны кубалап чыга албадык? – деп сурашты.
29Ыйса:
– Аны сыйынуу менен гана кууп чыгарууга болот! – деп жооп берди.
Ыйса Өз өлүмү тууралуу дагы бир ирет айтат
30Ыйса шакирттери менен ал жактан чыгып, Галилея аймагын аралап өтүп баратты. Ал Өзүнүн кайда экенин эч ким билбөөсүн каалады. 31Анткени шакирттерине: «Адам Уулу кишилердин колуна түшөт, Аны өлтүрүшөт, анан үчүнчү күнү Ал кайра тирилет», – деп айткан болчу.
32Бирок алар бул сөздөрдү түшүнүшкөн эмес, сурагандан болсо коркушкан.
Кимдин жолу улуу?
33Алар Капарноомго келишти. Үйгө киришкенде, Ыйса алардан: «Жолдо эмнени талаштыңар?» – деп сурады.
34Шакирттери үндөшпөдү, анткени алар жолдо арабыздан кимибиздин жолубуз улуу деп талашкан эле. 35Ыйса олтурду да, он эки шакиртин чакырып алып, мындай деди:
– Ким биринчи болууну кааласа, баарынын акыркысы жана баарынын кызматчысы болсун.
36Анан бир кичине баланы алып, алардын ортосуна тургузуп койду. Анан аны кучактап:
– 37Ким ушундай балдардын бирин Мен үчүн кабыл алса, Мени кабыл алганы, ал эми ким Мени кабыл алса, Мени эмес, Мени Жибергенди кабыл алганы, – деди.
Ким бизге каршы болбосо, ал биз тарапта
38Ошондо Жакан:
– Устат, сенин ысмыңды оозанып, адамдардан жиндерин кууп чыгарып жүргөн бирөөнү көрүп, ал биз менен жүрбөгөндүктөн ага тыюу салдык, – деди.
39Ыйса болсо мындай деди:
– Ага тыюу салбагыла. Менин атыман укмуштарды жасагандын бирөө да дароо эле Мен жөнүндө жаман сөз айта албайт. 40Ким бизге каршы болбосо, ал биз тарапта. 41Силерге бир чындыкты айтып коёюн: ким силерге «булар Машаякка караштуулар» деп, Мен үчүн бир чыны суу берсе, ал сөзсүз өз сыйлыгын алат.
Азгырыктар
42Ал эми кимде-ким Мага ишенген мына бул кичинекейлердин бирин азгырып, күнөөгө батырса, ал үчүн мойнуна тегирмендин ташы байланып, деңизге ыргытылганы оң болмок. 43-44Эгерде колуң сени күнөөгө азгырып жатса, аны кыя чап! Эки колуң менен тозоктун өчпөс отуна кеткениңден көрө, майып болуп бейишке чыкканың жакшы. 45-46Эгерде сени бутуң күнөөгө азгырып жатса, аны кыя чап! Эки бутуң менен тозоктун өчпөс отуна ыргытылгандан көрө, чолок болуп бейишке чыкканың жакшы. 47Эгерде сени көзүң күнөөгө азгырып жатса, анда аны чукуп сал! Эки көзүң соо тозокко ыргытылгандан көрө, бир көзүң менен бейишке чыкканың жакшы. 48Ал жакта аларды жеген курттар эч качан өлүшпөйт жана аларды куйкалаган от эч качан өчпөйт. 49Кудайга тартуу кылынган нерселер туз менен тазаланган сыяктуу бардыгыңар азап отунан өтөсүңөр. 50Туз – жакшы нерсе! Эгер ал даамын жоготсо, аны кантип калыбына келтиресиң? Жан-дүйнөңөрдө «туз» болсун жана өз ара ынтымактуу жашагыла.
Currently Selected:
Марк 9: КЫРИ
Highlight
Share
Copy

Want to have your highlights saved across all your devices? Sign up or sign in
Kyrgyz New Testament © Bible Society of Kyrgyzstan, 2018

: