YouVersion Logo
Search Icon

Марк 7

7
Ата-бабалардын салты
1Фарисейлер менен Иерусалимден келген дин мугалимдери Ыйсанын жанына жыйналышты. 2Ыйсанын шакирттеринин кээ бири арам колу менен, тагыраак айтканда, колдорун жуубай нан жеп жатканын көрүштү. 3Анткени фарисейлер башка иудейлердин баары сыяктуу эле колдорун улуулардан калган салтка ылайык жуумайын тамак жешпейт. 4Ошондой эле базардан келгенди жуумайынча ооздоруна алышпайт. Мындан башка дагы табактарды, чайнектерди, идиштерди, керебеттерди жууп-тазаламай деген, өздөрү кабыл алышкан толгон-токой салттары бар. 5Ошондуктан фарисейлер менен дин мугалимдери Ыйсага:
– Эмне үчүн шакирттериң улуулардан калган салтты бузуп жатышат? Алар кол жуу расмисин сактабай эле нан жешет экен, – дешти.
6Ыйса аларга мындай жооп берди:
– Эки жүздүүлөр, Ышая силер жөнүндө туура пайгамбарчылык кылып, жазып кеткен:
«Тили менен Мени сыйлап жатса да,
Дили менен бул эл Менден алыс бейм.
7Адам салтын Меники деп окутуп,
Мага келип табынганы пайдасыз»#7:6-7 Ыш. 29:13..
8Силер Кудайдын осуяттарынан баш тартып, адамдардын салттарын кармайсыңар.
9Ыйса дагы мындай деди:
– Өзүңөрдүн салттарыңарды карманыш үчүн Кудайдын осуяттарынан баш тартканыңар жакшыбы? 10Муса мындай деген эмеспи: «Ата-энеңди сыйла»#7:10 Чыг. 20:12; Мыйз. 5:16. жана «Атасын же энесин сөккөн адам өлүм жазасына тартылсын!»#7:10 Чыг. 21:17; Леб. 20:9. 11А силер болсо: «Эгер ким атасы же энесине: „силерге бере турган нерсемдин баарын ‘корбан’, башкача айтканда, ‘Кудайга багыштадым’“ десе, 12анда ал атасы же энеси үчүн эч нерсе кылбай эле койсо болот» деп, 13элге үйрөткөн ушул салтыңар менен Кудайдын сөзүн жоюп салдыңар. Буга окшогон дагы башка көп нерселериңер толуп жатат.
Адамды арам кылган эмне?
14Анан Ыйса элди чакырып алып, дагы мындай деди:
– Мага кулак салып, түшүнүп алгыла! 15-16Адамды анын ичине сырттан кирген нерсе эмес, ичинен чыккан нерсе арам кылат.
17Ыйса көпчүлүктөн бөлүнүп, үйгө киргенде, шакирттери Ал айткан сөздүн маанисин сурашты.
18Чындап эле силер да али түшүнө элексиңерби? – деди Ыйса аларга. – Адамдын ичине сырттан кирген бир да нерсе аны арам кыла албайт. 19Анткени ал адамдын жүрөгүнө эмес, курсагына кирет да, сыртка чыгып кетет. (Ыйса муну менен бардык тамак адал дегиси келген.) 20Адамды ичинен чыккан нерсе арам кылат, – деп улантты Ыйса сөзүн, – 21анткени ичтен, адамдын жүрөгүнөн арам ой, бузукулук, уурулук, адам өлтүрүүчүлүк, 22ойноштук, ач көздүк, кара ниеттик, алдамчылык, кумарлануучулук, көрө албастык, уу сөздөр, текебердик, акмакчылык чыгат. 23Ушул жамандыктын баары ичтен чыгып, адамды арам кылат.
Чет элдик аялдын ишеними
24Ыйса ал жактан чыгып, Тир аймагы жакка жөнөдү. Ошол жерден бир үйгө кирип, турган жерин бирөөлөр билишин каалабады. Бирок баары бир жашырына алган жок. 25Анткени кара күчкө чалдыккан кызы бар бир аял Ыйса жөнүндө угары менен жетип келип, Анын бутуна жыгылды. 26Бул аял эврей эмес, сирофиникиялык болчу. Ал Ыйсадан кызынын ичиндеги жинди кууп беришин суранып жалбарды. 27Ыйса болсо ага:
– Кой, адегенде балдардын курсагы тойсун, алардын нанын иттерге ыргыткан жакшы эмес, – деди.
28Ооба таксырым, – деди аял, – бирок иттер деле балдардын дасторконунан түшкөн күкүмдөрдү жейт эмеспи?
29Ошондо Ыйса ага:
– Ушул сөзүң үчүн бара бер, жин кызыңдан чыгып кетти, – деди.
30Аял үйүнө келип, кызынын төшөктө жатканын жана жиндин чыгып кеткенин көрдү.
Дүлөйдүн айыгышы
31Ыйса Тир аймагынан чыгып, Сидон шаарынан өтүп, Оншаар турган жерди аралап, Галилея көлүнө жөнөдү. 32Аңгыча кимдир бирөөлөр жакшы сүйлөй албаган, кулагы да такыр укпаган кишини алып келишип, Ыйсадан ага колун коюп, айыктыруусун сурап жалбарышты. 33Ыйса аны элден өзүнчө бөлүп барып, эки кулагына сөөмөйлөрүн тыкты. Анан сөөмөйүнө түкүрүп, тигинин тилине тийгизди. 34Андан соң, асманга карап, терең дем алды да оорулууга:
– Эффата! (мааниси: ачыл!), – деди.
35Ошол замат дүлөйдүн кулагы ачылып, тилге келди да кадимкидей сүйлөй баштады. 36Анан Ыйса элге бул тууралуу эч кимге ооз ачпоону буюрду. Бирок канчалык тыюу салган сайын, ошончолук кайра күчөшүп кеп кылышты. 37Айран таң калган эл:
– Ал кылгандын баары жакшы экен: ал тургай дүлөйлөрдү уктуруп, дудуктарды сүйлөтүп жатат! – дешти.

Currently Selected:

Марк 7: КЫРИ

Highlight

Share

Copy

None

Want to have your highlights saved across all your devices? Sign up or sign in