Марк 6
6
Ыйсанын Өз мекенинде четке кагылышы
1Ыйса ал жактан кетип, шакирттери менен бирге кайрадан Өзүнүн чоңоюп өскөн шаарына келди. 2Дем алыш күнү болгондо, синагогага барып таалим бере баштады. Ошол жердеги көпчүлүк Ыйсанын таалимин укканда:
– Булардын баарын бу кайдан алды? Ага кандай акылмандык берилди экен? Мындай укмуштар кантип анын колунан келип жатат? 3Бу жыгач уста эмес беле? Мариямдын уулу, Жакып, Жосе, Жүйүт жана Ысмандардын бир тууганы го бул? Карындаштары да биздин арабызда турушат го? – деп таң калышты.
Ошентип алар Ыйсаны четке кагышты.
4Ошондо Ыйса аларга мындай деди:
– Пайгамбар бардык жерде кадыр-барктуу болсо да, өз жери, туугандары жана үй-бүлөсүнүн ичинде анын кадыры билинбейт.
5Ыйса ал жерден бир нече оорулууга колун коюп айыктыргандан башка эч кандай кереметтерди көрсөтө албады.
6Алардын ишенбестигине ушунчалык таң калды.
Он эки шакиртке берилген тапшырма
Ошондон кийин Ыйса айлана-тегеректеги айыл-кыштактарга барып, андагыларга таалим берип жүрдү. 7Анан он эки шакиртин чакырып алып, эки-экиден кызматка жөнөтө баштады. Аларга кара күчтөрдү башкарганга бийлик берди.
– 8Жолго жалгыз таяктан башка эч нерсе: нан да, баштык да албагыла, белбооңорго тыйын да түйбөгүлө, 9бирок бут кийим кийгиле да, ашык кийим албагыла! – деп буйруду.
10Дагы мындай деди:
– Кайсы үй силерди кабыл алса, барган жериңерден кеткиче, ошол үйдө калгыла. 11Эгерде кайсы бир жерде силерди кабыл албаса жана сөзүңөрдү укпаса, анда ал жактан чыгып баратып, алардын четке кагылганынын белгиси катары бутуңардын чаңын күбүп салгыла.
12Ошентип алар жолго чыгышып, адамдарга ниетиңерди өзгөрткүлө деп жар салышты. 13Адамдардан көп жиндерди кубалап чыгышып, далай оорулууларды май менен майлап айыктырып жүрүштү.
Жакыянын өлүмү
14Мунун баары Ирод падышага жетти. Анткени бардык жерде Ыйсанын аты чыгып кетти. Кээ бирөөлөр: «Бул Жакыя чөмүлдүрүүчү, ал тирилип кетиптир, укмуштуу иштерди кылып жатканынын себеби ошондон» – дешти. 15Кээ бирөөлөр болсо: «Бул Илияс пайгамбар!» – дешсе, дагы бирөөлөр: «Бул байыркы пайгамбарларга окшогон дагы бир пайгамбар!» – дешти. 16Ирод муну укканда: «Бул мен башын алдырган Жакыя! Ал тирилип кеткен турбайбы!» – деди. 17Жакыяны Ирод өзү киши жиберип карматып, камакка алдырткан. Ирод иниси Филиптин аялы Иродияга үйлөнүп алган. Жакыяны ал ошол аялы үчүн түрмөгө отургузган. 18Анткени Жакыя Иродго: «Иниңдин аялын алып алганың туура эмес!» – деген. 19Ошондон улам Иродия Жакыяны өлтүргүсү келип, кекенип, бирок анысын ишке ашыра алган эмес. 20Анткени Ирод Жакыянын адил жана ыйык адам экенин билип, коркконунан аны коргоп жүргөн. Айткан сөздөрүнө ар дайым тынчсызданып жүрсө да, аны укканды жакшы көргөн. 21Акыры Иродиянын күнү тууган учур келди. Бул Ироддун туулган күнүндө болду. Ал ак сарайда иштеген өзүнүн бардык чоңдорун, аскербашыларын жана Галилея аймагын башкарган адамдарды чакырды. 22Иродиянын кызы келип, бийлеп, Ирод менен анын жанында олтурган коноктордун купулуна толду. Ошондо падыша кызга:
– Менден каалаганыңды сура, сурооңду орундатам! – деди. – 23Каалаганыңды берем, керек болсо падышачылыгымдын жарымын сурасаң да берем! – деп ант кылды.
24Кыз барып энесинен:
– Эмне сурайын? – дегенде, энеси:
– Жакыя чөмүлдүрүүчүнүн башын, – деди.
25Кыз дароо падышага чуркап барып:
– Мага Жакыя чөмүлдүрүүчүнүн башын азыр табакка салып, алдырып келишиңизди каалайм! – деп талап кылды.
26Кыздын өтүнүчү падышаны абдан кайгыртты. Бирок коноктордун алдында берген анты үчүн ага жок деп айткысы келбеди. 27Ошондуктан бир желдетин жиберип, Жакыянын башын кесип келүүнү буюрду. Желдет түрмөгө барып, Жакыянын башын алды да, 28табакка салып келип, кызга берди. Кыз болсо энесине берди. 29Бул окуяны уккан Жакыянын шакирттери келип, анын сөөгүн алышты да, көргө алып барып коюшту.
Ыйсанын беш миң кишини тойгузушу
30Жиберилген элчилер кайтып келишип, Ыйсага барышты да, эмне кылып, эмнени окуткандарын төкпөй-чачпай айтып беришти.
31Келип-кетип жаткан элдин көптүгүнөн, Ыйса менен Анын шакирттеринин тамактанып алганга да чолосу тийбей жаткан. Ошондуктан Ыйса шакирттерине:
– Өзүбүзчө ээнирээк жерге барып, бир аз эс алып алалы, – деди.
32Ошентип алар өздөрү жалгыз кайыкка олтурушуп, ээн жерге жөнөштү. 33Көп адамдар алардын бараткан жагын көрүп, ким экенин таанып калышты. Анан бардык шаарлардан жөө-жалаңдап чыгып, алар бараткан жерге алардан мурда чуркап жетишти. 34Ыйса кайыктан түшкөндө, топураган элди көрүп, аларга боору ооруду. Анткени алар койчусу жок койлорго окшош эле. Ыйса ошол жерде көп нерселерди айтып, аларга таалим бере баштады. 35Кеч кирип бараткандыктан шакирттери келип:
– Бул жер ээн, убакыт болсо кеч болуп кетти. 36Элди коё бер, айланадагы айыл-кыштактарга барып, жегенге бирдеме сатып алышсын, – дешти.
37Ыйса болсо:
– Жегенге бирдемени силер бергиле, – деди.
Шакирттери:
– Бизди барып, эки жүз күмүш теңге#6:37 Ошол убакта бир күмүш теңге жумушчунун бир күндүк эмгек акысы болгон. жумшап, буларга нан сатып келгиле дегени турасыңбы? – дешти.
38Ыйса:
– Канча наныңар бар? Барып, карап келгилечи, – деди.
Алар барып карап келишип:
– Беш нан, эки балык бар экен, – дешти.
39Ошондо Ыйса аларга элдин баарын көк чөптүн үстүнө топ-топко бөлүп олтургузууну буйруду. 40Эл катар-катар болуп, жүз-жүз, элүү-элүүдөн топко бөлүнүп олтурушту. 41Анан Ыйса жанагы беш нан менен эки балыкты алып, асманды карап Кудайга шүкүрчүлүк келтирип, нанды сындырды да, элге таратсын үчүн шакирттерине берди. Эки балыкты да баарына бөлүп берди. 42Баары жеп, тоюшту. 43Анан нан менен балыктын арткан үзүмдөрүн жыйнашканда, он эки себет толду. 44Жеген эркектердин эсеби беш миңдей эле.
Ыйсанын суу үстү менен басышы
45Ыйса элди таратып жатып, ошол эле убакта шакирттерин дароо кайыкка салып, көлдүн аркы өйүзүндөгү Бейтсайдага Өзүнөн мурда барсын үчүн жөнөтүп жиберди. 46Элди тараткан соң, сыйынуу үчүн тоого чыкты. 47Кеч кирип, кайык көлдүн ортосуна барып калганда, Ал Өзү жалгыз жерде турган. 48Ошондо шакирттеринин толкундар менен алышып, жандалбастап жаткандарын көрдү. Анткени шамал алардын бет маңдайынан согуп, калак шилтеш кыйын болуп турган. Анан таң азанда шакирттерине суу үстү менен басып келип, жандап өтө берейин деди. 49Ошондо шакирттери көрүп калышты да, Аны арбак экен деп ойлоп, бакырып жиберишти. 50Аны көргөндө, баарынын эси чыкты.
Ыйса ошол замат аларга:
– Коркпогула, бул Мен элемин, – деп сүйлөй баштады.
51Анан аларга кошулуп кайыкка түштү. Шамал ошол замат тып басылды. Шакирттери ушунчалык таң калып, ооздору ачылды, 52анткени акыл-сезимдери тунарып калгандыктан, нан менен болгон кереметтин маанисин түшүнүшкөн эмес эле.
Генисареттеги оорулуулардын сакайышы
53Алар көлдүн аркы бетине сүзүп өтүп, Генисарет жерине жетишти да кайыкты жээкке байлашты. 54Кайыктан түшөрү менен жергиликтүү эл Ыйсаны дароо тааный коюшуп, 55бүткүл аймакты аралай жүгүрүп өтүшүп, Анын кайда экенин угушкан жерге оорулууларды төшөктөрү менен көтөрүп алпкеле башташты. 56Ыйса кайда барбасын: айыл-кыштактарга болобу, шаарларга болобу, адамдар оорулууларын базар болчу жерлерге жаткырып коюшуп, «алар жок дегенде киймиңиздин этегине колун тийгизсе болобу» деп суранып жатышты. Ал эми колун тийгизгендер болсо айыгып кетип жатышты.
Currently Selected:
Марк 6: КЫРИ
Highlight
Share
Copy

Want to have your highlights saved across all your devices? Sign up or sign in
Kyrgyz New Testament © Bible Society of Kyrgyzstan, 2018

: