YouVersion Logo
Search Icon

Марк 4

4
Дыйкан тууралуу ибарат
1Ыйса кайрадан көл жээгинде элди окута баштады. Ошондо жыйылган элдин көптүгүнөн кайыкка түшүүгө туура келди. Эл болсо жээкте карап турду. 2Ыйса ибарат менен көп нерселерди айтып, аларды окутту. Ал элге мындай деди:
3Кулак салып, угуп алгыла: бир дыйкан эгин сепкени талаага чыгыптыр. 4Сепкен уругунун кээси жол боюна түшүп, чымчыктарга жем болот. 5Кээ бири аз гана топурагы бар таштак жерге түшүп, кыртышы терең болбогондуктан тез эле өсүп чыгат. 6Күн чыкканда күйүп, тамыры терең болбогондуктан куурап калат. 7Кээси тикен арасына түшөт. Анан тикен өсүп чыгып, аны басып калгандыктан ал түшүм бербейт. 8Ал эми кээ бирлери жакшы кыртышка түшүп, өсүп чыгат да, кээси отуз, кээси алтымыш, кээси жүз эсе түшүм берет.
9Ыйса аягында мындай деди:
– Уга турган кулагы барлар уксун!
Ибараттын мааниси
10Ыйса жалгыз калганда, он эки шакирти менен бирге айланасында тургандар Андан ибараттардын мааниси тууралуу сурашты. 11Ыйса аларга мындай деп жооп берди:
– Кудайдын Падышачылыгынын сырларын билүү силерге буюрган. Ал эми сырттагы, жанагыларга болсо баары ибараттар аркылуу айтылат. 12Ошондуктан алар:
«Караса да, көрүшпөйт,
Тыңшаса да, түшүнбөйт.
Кайрылышса Кудайга,
Кечирилмек күнөөсү»#4:12 Ышая 6:9 – 10..
Дыйкан тууралуу ибараттын мааниси
13Анан Ыйса аларга мындай деди:
– Бул ибараттын маанисин түшүнбөй жатасыңарбы? Анда башка ибараттарды кантип түшүнөсүңөр? 14Дыйкан сепкен урук – Кудайдын сөзү. 15Жол боюна түшкөнү мындай адамдарды билдирет: булардын жүрөгүнө Кудайдын сөзү себилет, бирок алар угары менен эле шайтан дароо жетип келе калып, жүрөктөрүнө себилген сөздү уурдап кетет. 16Ал эми таштак жерге түшкөн үрөн болсо Кудай сөзүн угары менен ошол замат кубана кабыл алган адамдарды билдирет. 17Бирок тамыры болбогондуктан бир азга гана ишенип, кийин ишенгендиги үчүн кыйынчылыкка же куугунтукка кабылар замат ишенимден баш тартышат. 18Тикендердин арасына түшкөнү Кудай сөзүн уккан, 19бирок бул дүйнөнүн түйшүгүнө, акчанын азгырыгына жана башка каалоолорго алдырып койгон адамды билдирет. Ушулар сөздү тумчуктуруп, сөз жемишсиз калат. 20Ал эми жакшы кыртышка түшкөндөрү Кудай сөзүн угуп, кабыл алган адамдарды билдирет. Мындай адамдар отуз, алтымыш, жүз эсе жемиш берген үрөнгө окшош.
Шам тууралуу ибарат
21Ыйса дагы мындай деди:
– Шамды идиштин же керебеттин астына коюш үчүн жагышабы? Аны шамдалга коюшпайбы? 22Сыртка чыкпас сыр болбойт, ачыкка чыкпас жашыруун иш болбойт. 23Уга турган кулагы барлар уксун!
24Ыйса аларга дагы мындай деди:
– Укканыңарды байкагыла! Кандай өлчөмдө көңүл бөлсөңөр, ошондой өлчөмдө силерге түшүнүк берилет, ал тургай ашыгы менен берилет. 25Кимде бир аз түшүнүк бар болсо, ага дагы берилет, ал эми кимде жок болсо, анын бар деп ойлогону да тартылып алынат.
Кудай Падышачылыгынын жайылышы тууралуу ибарат
26Ыйса дагы мындай деди:
– Кудай Падышачылыгы мындай: адам айдоо талаасына урук себет да, 27түнү уктап, күндүзү туруп, уруктун кандайча өсүп-өнүп жатканын билбейт. 28Жер аны өзү өстүрөт: алгач көгөртүп, анан баш байлатып, анан башын данга толтурат. 29Адам болсо дан бышары менен эгинине орок салат, анткени оруу-жыюу маалы келип жетет.
Сары кычынын даны тууралуу ибарат
30Ыйса дагы мындай деди:
– Кудай Падышачылыгын дагы эмнеге салыштырса болот? Аны кандай ибарат менен сүрөттөп берейин? 31Ал жерге эгилген, бул дүйнөдөгү уруктардын эң кичинеси болгон сары кычы данына окшош. 32Ал эгилген соң, өсүп чыгат, анан бакчадагы бардык өсүмдүктөрдөн ашып кетет. Чоң-чоң бутак жайып, көлөкөсүнө канаттуулар пааналап, уя салышат.
33Ыйса элге ушул сыяктуу дагы көптөгөн ибараттарды айтып, алардын сиңирүүгө кудурети жеткиче Кудайдын сөзүнөн таалим берди. 34Ал элге жалаң ибарат менен сүйлөдү, ал эми шакирттери менен калганда, аларга ибарат менен айтылгандардын баарысынын маанисин чечмелеп, түшүндүрүп берди.
Көлдөгү бороондун токтошу
35Ошол күнү кечинде Ыйса шакирттерине көлдүн аркы өйүзүнө барабыз деп айтты. 36Ошондуктан шакирттери элден бөлүнүп, кайыктын ичинде олтурган Ыйсага кошулушту. Жанында башка кайыктар да бар болчу. 37Анан катуу бороон башталып, кайыктын капталына урунган толкундар ичине ашып, ичи толо баштады. 38Ыйса болсо кайыктын куйрук жагында жаздык жазданып, уктап жатты. Шакирттери Аны ойготушуп:
– Устат, өлө турган болдук! Бизди ойлосоң боло! – дешти.
39Ыйса ордунан туруп, бороонго тыюу салып, толкундарга:
– Басыл, токтогун! – деп буйруду.
Бороон тынчып, айлана жымжырт боло түштү. 40Анан шакирттерине кайрылып:
– Эмне мынчалык коркоксуңар? Ушул убакка чейин ишене алган жоксуңарбы? – деди.
41Үрөйлөрү учкан шакирттери өз ара:
– Бороон менен деңиз да баш ийген бул ким болду экен? – деп сүйлөштү.

Currently Selected:

Марк 4: КЫРИ

Highlight

Share

Copy

None

Want to have your highlights saved across all your devices? Sign up or sign in