Марк 5
5
Жин даарыган адамдын айыгышы
1Анан алар көлдүн аркы өйүзүнө жайгашкан Гераса аймагына келишти. 2Ыйса кайыктан түшөрү менен, мүрзөлөрдүн арасынан кара күчкө чалдыккан бир киши чыга калып, алдынан тосуп чыкты. 3Бул кишинин жашаган жери мүрзө болчу. Эч ким аны, ал тургай чынжырлар менен да байлап кармап кала алган эмес. 4Көп ирет колун кишендеп, бутун чынжыр менен байлашса да ал чынжырларды үзүп, кишендерди талкалап бошонуп кетчү. Аны баш ийдиргенге эч кимдин күчү жетпеген. 5Ал күн-түн дебей тоо-дөбөлөрдү, мүрзөлөрдү аралап далбастап, өкүрүп-бакырып, өзүн өзү таш менен уруп, жарадар кылчу.
6Бул киши Ыйсаны алыстан көрүп, чуркап келип, алдына чөгөлөдү да:
– 7Эй, Ыйса, Кудай Тааланын Уулу, мени менен кандай ишиң бар?! Кудай акы, сенден суранам, мени азапка салбачы! – деп бакырып жиберди.
8Анткени Ыйса андагы кара күчкө: «Кара күч, бул кишиден чыгып кет!» – деген болчу. 9Ыйса андан:
– Атың ким? – деп сурады.
Ал:
– Менин атым түмөн, анткени биз көппүз! – деп жооп берди.
10Анан аларды ошол аймактан кууп чыкпоосун өтүнүп, Ыйсага кайра-кайра жалынып-жалбарышты.
11Ошол жердеги тоонун боорунда чоң бада чочко оттоп жүргөн. 12Кара күчтөр Ыйсага жалбарышып:
– Бизди чочколорго жиберегөр, ошолордун ичине кирелик, – дешти.
13Ыйса уруксат берди. Кара күчтөр адамдан чыгып чочколорго киришти. Ошондо эки миңдей чочкодон турган баданын баары жабыла тик жардан көлгө кулап чөгүп өлүштү.
14Чочко кайтаргандар болсо артка карай чуркап жөнөштү да, муну шаар-кыштактарга жарыя кылышты. Ошондо адамдар болгон окуяны көрүп келүүгө чыгышты. 15Алар Ыйсага келишип, ичинде түмөн жини бар кишинин кийим кийип, акыл-эси жайында олтурганын көрүшүп, жүрөктөрү ооздоруна тыгылды. 16Окуяны көргөндөр болсо, аларга бул жин оорулуу адам менен чочколор эмне болгонун айтып беришти. 17Ошондо герасалыктар Ыйсадан алардын жеринен кетишин сурана башташты. 18Ыйса кайыкка түшкөндө, мурда жин даарып ооруган киши Аны менен кошо кетүүнү суранды. 19Ыйса болсо ага уруксат берген жок:
– Өз үй-бүлөңө бар да, Эгеңдин сага эмне кылганын, сага кандай кайрым көрсөткөнүн айтып бер, – деди.
20Ошондо баягы киши артына кайтып, Оншаар аталган аймакта Ыйсанын ага кылганын айтып, жарыялай баштады. Уккандардын баары таң калып жатышты.
Тирилген кыз, сакайган аял
21Ыйса кайрадан көлдүн аркы өйүзүнө жеткенде, жоон топ эл Аны дагы курчап алды. Ал көлдүн жээгинде турганда, 22синагога башчыларынын бири болгон Жайыр деген киши келип, Ыйсаны көрүп, Анын бутуна жыгылып:
– 23Кызым өлүм алдында жатат. Келип, кызыма колуңузду коё көрүңүз, айыгып, аман калсын! – деп жалбарды.
24Ыйса Жайыр менен анын үйүнө жөнөдү. Кошо жөнөгөн көп эл Ыйсаны туш-тушунан жөөлөп баратты.
25Ошол тополоңдун ичинде он эки жыл бою ичинен кан акканы токтобой ооруган бир аял бар эле. 26Ал көп дарыгерлерге барып, алардан шыпаа табалбай, кыйналып, колунда болгон нерсесинин баарын сарптап бүтсө да, ден-соолугу түзүк болбой эле кайра начарлап бараткан. 27-28Бул аял Ыйса тууралуу укканда, ичинен «кийимине эле колум тийсе, айыгам» деп эл арасынан билинбей Анын артынан келип, кийимине колун тийгизди. 29Кан кеткени тып басылып, аял айыкканын сезди. 30Ошол эле убакта Ыйса да Өзүнөн күч чыкканын сезип, айланасындагы элге кайрылып:
– Ким Менин кийимиме колун тийгизди? – деп сурады.
31Шакирттери Ага:
– Карачы, сени канча адам туш-тушуңдан кысып турат! А сен болсо «ким Мага колун тийгизди» дейсиң, – дешти.
32Ыйса болсо колун тийгизген ким экенин көрүү үчүн айланасын карай берди. 33Ошондо өзү менен эмне болгонун билген аял коркконунан калтырап-титиреп басып келди да, Ыйсанын алдына жыгылып, болгон чындыкты төкпөй-чачпай айтып берди. 34Ыйса болсо тигил аялга:
– Кызым, ишенимиң сени айыктырды. Жакшы барагой, дартыңдан сакайып кет, – деди.
35Ыйса сөзүн бүтө электе, синагога башчысы тараптан адамдар келишип:
– Кызыңыз өлдү! Эмне үчүн устатты дале убара кылып жатасыз? – дешти.
36Ыйса болсо алардын сөзүн укту, ошентсе да синагога башчысына:
– Коркпо, тек гана ишенгин, – деди.
37Анан Петир, Жакып жана анын иниси Жакандан башкалардын бирөөнө да артынан барганга уруксат бербеди. 38Алар синагога башчысынын үйүнө келишип, ызы-чуу түшүп ыйлап, өкүрүп жаткандардын үстүнөн чыгышты. 39Ыйса алардын арасына кирип:
– Эмнеге ызы-чуу түшүп, ыйлап жатасыңар? Кыз өлгөн жок, уктап жатат, – деди.
40Ошондо алар Ыйсаны шылдыңдап күлүштү. Ыйса болсо баарын үйдөн сыртка чыгарып, өлгөн кыздын ата-энеси менен үч шакиртин алып, сөөк жаткан жайга кирди. 41Кирип, кыздын колун кармады да:
– Талита, куми! – деди. Мунун котормосу: «Кызым, сага айтам, тургун!»
42Кыз ошол замат туруп, нары-бери баса баштады. Ал он экиде болчу. Муну көргөндөр абдан таң калышты. 43Ыйса болсо аларга бул тууралуу эч кимге ооз ачпоону буйруду жана кызга жегенге бир нерсе бергиле деди.
Currently Selected:
Марк 5: КЫРИ
Highlight
Share
Copy

Want to have your highlights saved across all your devices? Sign up or sign in
Kyrgyz New Testament © Bible Society of Kyrgyzstan, 2018