YouVersion Logo
Search Icon

Матай 20

20
Жүзүмзардагы жалчылар тууралуу
1Ыйса дагы мындай деди:
Асман Падышачылыгы өзүнүн жүзүмзарында жалдап иштетүү үчүн эртең менен эрте жумушчуларды издеп чыккан адамга окшош. 2Тапканда, күнүнө бир күмүш теңгеден төлөп берем деп убадалашып, аларды жүзүмзарына жиберет. 3Саат тогуздарда көчөгө чыгып, базар жакта кыларга иши жок турган дагы бир нече кишилерди көрөт. 4Анан аларга: «Силер да менин жүзүмзарыма баргыла, тийиштүү акыңарды нак төлөп берем», – дейт.
5Алар болсо дароо жүзүмзарга жөнөшөт. Жүзүмзардын ээси саат он эки чендерде да, үчтөрдө да чыгып, так ушундай кылат. 6Акырында саат беш чендерде дагы бир ирет көчөгө чыгып, дагы ишсиз турган бир нече кишилерди көрөт да аларга: «Эмне үчүн эртеден бери бул жерде ишсиз турасыңар?» – дейт. 7Тигилер ага: «Себеби эч ким бизди жалдаган жок!» – деп жооп беришет. «Силер да жүзүмзарга баргыла», – дейт жүзүмзардын ээси.
8Кеч киргенде, жүзүмзардын ээси чарба башчысына мындай деп буйрук берет: «Жалданган кишилерди чакырып, эмгек акыларын төлө. Биринчи эң акыркыларына берип, башында келгендери менен аягында эсептеш!»
9Ошондо саат бештерде келгендери бир күмүш теңгеден алат. 10Биринчи келгендери көбүрөөк алабыз го деп турушкан, бирок алар да бир күмүш теңгеден алып калышат. 11Ошондо алар нааразы болуп, жүзүмзардын ээсине даттана башташат: 12«Мына бул акыркы келгендер бир эле саат иштешти. А сен болсо эртеден кечке маңдай терибизди төгүп, мээ кайнаткан ысыкта иштеген бизди тигилерге теңеп салдың».
13Ошондо жүзүмзардын ээси алардын бирине мындай деген экен: «Эй, дос, мен сага туура эмес эч нерсе кылганым жок. Башында бир күмүш теңгеден деп сүйлөшпөдүк беле. 14Ошондуктан акыңды ал да, жолуңа түш. А мен мына бул акыркы келгенге да сага берген акыны бергим келет. 15Өз менчигиме эмне кылсам өз эрким! Менин ак көңүлүмөн кылган жакшылыгыма сенин ичиң күйүп жатабы?» 16Ошентип, акыркылар биринчи, биринчилер акыркы болушат.
Ыйсанын Өз өлүмү тууралуу үчүнчү ирет айтышы
17Ыйса Иерусалимди көздөй баратып, жолдо он эки шакиртин жанына чакырды да, аларга мындай деди:
18Мына, биз Иерусалимге баратабыз, Адам Уулун жогорку динкызматчылар менен дин мугалимдеринин колуна кармап беришет. Ал өлүм жазасына кесилет. 19Ошондо кордоп, сабап, жыгачка керип туруп, колдоруна мык кагып, асып салуу үчүн башка улуттагылардын колуна тапшырышат. Бирок Ал үчүнчү күнү кайра тирилет.
Жакан менен Жакыптын энесинин өтүнүчү
20Ошондо Зебедейдин аялы уулдары Жакан жана Жакып менен келип, Ыйсанын бутуна жыгылып, андан бир нерсени суранып жатты.
21Ыйса ага:
– Сизге Менден эмне керек? – деди.
Аял:
– Айтып койчу, менин мына бул эки уулум сенин падышачылыгың орногондо, бири оң жагыңа, бири сол жагыңа отурсун, – деди.
22Ыйса:
– Силер эмне сураганыңарды билбейсиңер. Мен иче турган азап чөйчөгүнөн иче аласыңарбы? – деди.
Алар:
– Иче алабыз, – деп чуулдашты.
23Ыйса:
– Мен иче турган азап чөйчөгүнөн ичесиңер, бирок оң жана сол жагыма кимди отургузууну Мен эмес, Атам Өзү чечет. Ал кимди Өзү алдын ала дайындаса, ошону олтургузат, – деди.
24Буларды укканда, берки экөөнө калган он шакирттин кыжыры кайнады. 25Ошондо Ыйса шакирттерин чакырып алып, мындай деди:
– Бу дүйнөдөгү элдердин өкүмдарлары өз элине үстөмдүк кылып, төрөлөрү күч менен бийлик жүргүзөрүн билесиңер. 26Бирок силерде мындай болбосун, тескерисинче, араңардан ким чоң болгусу келсе, силердинкызматчыңар болсун. 27Ким биринчи болгусу келсе, силерге кул болсун. 28Анткени Адам Уулу бирөөлөрдү Өзүнө кызмат кылдырыш үчүн эмес, бирөөлөргө Өзү кызмат кылып, Өз жанын көп адамдардын күнөөсү үчүн кун катары берүүгө келген.
Эки сокурдун айыгышы
29Ыйса шакирттери менен бирге Иерихондон чыгып баратканда, алардын артынан көп адамдар ээрчип жөнөдү. 30Аңгыча жол боюнда олтурган эки сокур Ыйсанын өтүп баратканын угуп:
– Оо, таксыр, Дөөттүн Уулу, бизге ырайым кылагөр! – деп кыйкырып жиберишти.
31Көпчүлүк аларга «унчукпагыла» деп тыюу салышты. Тигилер болсо андан бетер катуу кыйкырышып:
– Оо, таксыр, Дөөттүн Уулу, бизге ырайым кылагөр! – дешти.
32Ошондо Ыйса токтоп, аларды чакырды да:
– Силерге эмне кылышымды каалайсыңар? – деди.
33Алар:
– Таксыр, көзүбүз көрүп калса экен, – дешти.
34Ыйсанын тиги экөөнө боору ооруп, алардын көздөрүнө колун тийгизди. Ошол замат көздөрү көрүп калган алар Ыйсанын артынан түшүштү.

Currently Selected:

Матай 20: КЫРИ

Highlight

Share

Copy

None

Want to have your highlights saved across all your devices? Sign up or sign in