Матай 19
19
Ажырашуу маселеси
1Ыйса сөзүн аяктап, Галилеядан чыгып, Иордан дарыясынын чыгыш жагындагы Иудея аймагына келди. 2Көп эл Аны ээрчип барды. Ал жактан Ыйса алардын арасындагы оорулууларды айыктырды. 3Ошондо фарисейлер бир кынтык табуу ниетинде Ыйсага келишип:
– Эркек ар кандай себеп менен аялын коё берсе болобу? – деп сурашты.
– 4«Кудай башында адамдарды аял-эркек кылып жараткан»#19:4 Башт. 1:27; 5:2. дегенин окуган эмес белеңер? – деди Ыйса аларга жооп берип. – 5Андан соң, Кудай: «Эркек ата-энесинен бөлүнүп, аялына кошулсун жана экөө бир дене болушсун!»#19:5 Башт. 2:24. – деген. 6Ошондуктан алар эми экөө эмес, бирөө. Демек, Кудай кошконду адам ажыратпасын.
7Алар Ыйсага:
– Анда кандайча Муса ажырашуу катын жазып коё берсин#19:7 Мыйз. 24:1. деп осуят калтырып кеткен? – дешти.
8Ыйса аларга мындай деп жооп берди:
– Муса тоң моюндугуңардан улам силерге аялыңарды коё берүүгө уруксат берген, бирок башында мындай болгон эмес. 9Мен болсо силерге айтам: ойноштук кылуудан башка себеп менен аялын коё берип, башкага үйлөнгөн адам өзү ойноштук кылган болот.
10Ошондо шакирттери Ыйсага мындай дешти:
– Эгерде эркектин аялынын алдындагы милдети ушундай болсо, анда үйлөнбөй эле койгону оң.
11Ыйса аларга мындай деди:
– Бул сөзүмдү баары эле кабыл ала алышпайт. Кимдин аны кабыл алууга кудурети жетсе, ошолор гана кабыл алышат. 12Анткени кээ бирөөлөр тубаса майып болгондуктан, үйлөнгөнгө жарамсыз, кээ бирөөлөрдү адамдар зордоп бычып салышат, кээ бирөөлөр болсо Асман Падышачылыгы үчүн өздөрүн атайлап аял албас кылышат.
Кимдин муну кабыл алууга кудурети жетсе, кабыл алсын.
Ыйсанын балдарга батасын бериши
13Ошондо колун коюп, сыйынып батасын берсин деп, Ыйсанын алдына жаш балдарды алып келишти. Шакирттери болсо алып келгендерди жемелеп, уруша башташты. 14Бирок Ыйса:
– Балдар Мага келе берсин, алардын жолун тоспогула! Себеби Асман Падышачылыгы ошондойлордуку, – деди да, 15алардын башына колун коюп, батасын берип сыйынды. Андан соң, ал жактан башка жакка жөнөп кетти.
Бай жигит
16Аңгыча бир киши Ыйсага жакын басып келип:
– Оо, устат, түбөлүк өмүргө ээ болуу үчүн кандай жакшы иш кылышым керек? – деп сурады.
17Ыйса ага:
– Жакшы иш тууралуу Менден эмне үчүн сурап жатасың? Бир эле Жакшы бар. Түбөлүк өмүргө ээ болгуң келсе, Кудайдын осуяттарын сактап жүр, – деп жооп берди.
18Ал Ыйсага:
– Кайсы осуяттарын? – дегенде,
Ыйса:
– Киши өлтүрбө, ойноштук кылба, уурулук кылба, жалган күбө болбо, 19ата-энеңди урматта,#19:19 Чыгуу 20:12 – 16; Мыйз. 5:16 – 20. башкаларды өзүңдү сүйгөндөй сүй,#19:19 Леб. 19:18. – деди.
20Жанакы жигит Ыйсага:
– Мунун баарын сактап келатам, дагы эмне жетишпейт? – деди.
21Ыйса:
– Жеткилең болгуң келсе, анда бар да, колуңдагы дүнүйөнү сатып, түшкөн акчаны бей-бечараларга таратып бер, ошондо байлыгың көктө болот. Анан кел да, Мени ээрчи, – деди.
22Муну укканда, жигиттин кабагы бүркөлгөн бойдон жолуна түштү, анткени ал абдан бай эле.
23Ыйса ошондо шакирттерине кайрылып мындай деди:
– Силерге бир чындыкты айтып коёюн: бай адамдын Асман Падышачылыгына кириши кандай кыйын! 24Дагы бир нерсени айтып коёюн: байдын Кудай Падышачылыгына киргенинен көрө, төөнүн ийне көзүнөн өтүшү оңой.
25Муну укканда, шакирттери:
– Анда түбөлүк өмүргө ким ээ боло алат? – дешти, айран-таң болушуп.
26Ыйса аларга карап:
– Адамдын колунан келбегени менен, Кудайдын колунан баары келет, – деди.
27Ошондо Петир ордунан тура калып:
– Мына, биз баарын таштап салып, сени ээрчип жүрөбүз. Эми бизге кандай сыйлык берилет? – деди.
28Ыйса жооп кылып, шакирттерине мындай деди:
– Мени ээрчиген силерге бир чындыкты айтып коёюн, бардык нерселер кайрадан жаңы болгон кезде, Адам Уулу Өзүнүн даңкка оронгон көктөгү тактысына олтурганда, силер да он эки такка олтуруп, Ысрайылдын он эки уруусун башкарасыңар. 29Кимде-ким Мен үчүн үйлөрүн, же эркек же кыз бир туугандарын, же ата-энесин, же балдарын, же менчик талаасын таштаса, ал таштаганы жүз эселеп кайтарылып, түбөлүк өмүрдү мураска алат. 30Ошентип, азыр биринчи болуп жүргөндөрдүн көбү акыркы болуп калышат, ал эми азыр акыркы болуп жүргөндөр биринчи болушат.
Currently Selected:
Матай 19: КЫРИ
Highlight
Share
Copy

Want to have your highlights saved across all your devices? Sign up or sign in
Kyrgyz New Testament © Bible Society of Kyrgyzstan, 2018

: