Матай 21
21
Ыйсанын салтанаттуу түрдө Иерусалимге кириши
1Ыйса шакирттери менен Иерусалимге жакындап, Зайтун тоосунун жанындагы Бейтфаге айылына келгенде, жанындагы эки шакиртине мындай деди:
– 2Мынабу маңдайдагы айылга баргыла! Ага кирериңер менен такайы жанында, өзү болсо байлануу турган бир эшекти көрөсүңөр. Аларды чечип алып, жетелеп келгиле. 3Эгер бирөө бирдеме десе: «Эгебизге керек болуп жатат», – дегиле. Ошентсеңер, силерге дароо беришет.
4Мунун баары пайгамбар аркылуу айтылган сөздүн аткарылышы үчүн ушундай болду. Ошол пайгамбар минтип айткан экен:
5«Иерусалим калкына мындай кабар салгыла:
Карагыла, келатат силердин момун Падыша!
Келе жатат эшекти жана дагы эшектин
Кодигине минип Ал».#21:5 Бул аяттын мааниси: Ыйса Иерусалимге ат минип, аскер катары эмес, согушка колдонулбай турган жаныбар – эшекти минип, ал тургай коделекти минип тынчтык менен келет дегенди билдирет. Ышая 62:11, Закир 9:9.
6Эки шакирти барып, Ыйсанын айтканындай кылышты. 7Эшекти такайы менен жетелеп келишип, кийимдерин үстүнө жабышкан соң, Ыйса такайга минди. 8Көп адамдар Анын жолуна кийимдерин чечип, башкалары дарактардын бутактарын кесип алып, төшөп жатышты. 9Ал эми Ыйсанын алды-артында бараткандар:
– Дөөттүн Уулуна осанна!#21:9 Түп нускада бул жерде «осанна!» деп берилген эврей сөзү сөзмө-сөз «куткарагөр» дегенди билдирет, бул сөз кийин урматтоону, мактоону билдирген чакырыкка айланып кеткен. Забур 117:25 – 26. Эгебиздин атынан келатканды Кудай жалгасын! Көктөгү Кудайга осанна! – деп кыйкырып жатышты.
10Ыйса Иерусалимге киргенде, бүт шаар эли кыймылга келип: «Бул ким болду экен?» – деп бири биринен сурап жатышты.
11Ыйсаны ээрчиген эл: «Бул Галилеядагы Назарет шаарынан чыккан Ыйса пайгамбар», – дешти.
Ийбадатканадагы соодагерлерди кубалап чыгуу
12Ыйса ийбадаткананын короосуна кирип, соода кылып жаткандардын баарын кууп чыкты. Акча алмаштырып олтургандардын үстөлдөрү менен курмандык үчүн көгүчкөн сатып олтургандардын орундуктарын оодарып салды.
– 13«Менин Үйүм сыйынуу үйү аталат»#21:13 Ышая 56:7. деп жазылган, – деди Ал, – ал эми силер болсо аны каракчылардын үңкүрүнө айлантып жиберипсиңер!#21:13 Жер. 7:11.
14Ыйса ал жерде болгондо, Ага сокурлар менен чолоктор келишип, Ал аларды айыктырды. 15Ыйсанын жасаган кереметтерин жана ийбадаткананын короосундагы жаш балдардын: «Дөөттүн Уулуна осанна!» деп кыйкырып жатканын көргөн жогорку динкызматчылар менен дин мугалимдеринин кыжыры кайнап, 16Ыйсага:
– Булардын эмне деп жаткандарын уктуңбу? – дешти.
– Ооба, – деп жооп берди Ыйса, – «Наристелер менен эмчектеги балдардын оозуна Өзүңдү мактоонун сөздөрүн салдың»#21:16 Забур 8:3. деген Ыйык Жазуудагы сөздү эч качан окуган эмес белеңер?
17Ушундан соң, Ыйса ийбадатканадагыларды таштап, шаардын сыртына чыкты да, Бейтани кыштагына барып, анда түнөп калды.
Соолуп калган анжир дарагы
18Эртең менен эрте шаарга кайтып келатып, Ыйса ачка болгонун сезди. 19Анан жол боюнда өскөн бир анжир дарагына көзү түштү. Жакын келип, жалбырактан башка эч нерсе таппай:
– Ылайым жемиш байлабай кал! – деди.
Анжир ошол замат куурап калды.
20Муну көргөн шакирттери аң-таң калышып:
– Ой, тобо, кантип анжир бир заматта соолуп калды! – дешти.
21Ыйса аларга мындай деди:
– Силерге бир чындыкты айтып коёюн: эгерде ишенимиңер бекем болуп, эч шектенбесеңер, анжирге кылынган кереметтен алда канча керемет иштерди кыласыңар! Эгер мына бул тоого: «Ордуңан жыл да, деңизге кула!» – десеңер, талабыңар орундалат. 22Сыйынганда, ишеним менен эмне сурасаңар да аласыңар.
Ыйсанын бийлиги тууралуу суроо
23Ыйса ийбадаткананын короосунда олтуруп таалим берип жатканда, жогорку динкызматчылар менен эл башчылары басып келишип:
– Сен буларды кайсы бийлигиң менен кылып жатасың? Мындай бийликти сага ким берди? – дешти.
24Ыйса аларга мындай жооп берди:
– Мен да сиздерге бир суроо берейин, жооп берсеңиздер, анан Мен да кайсы бийлик менен кылып жатканымды айтам. 25Жакыя чөмүлдүрүү расмисин өткөрүү бийлигин кимден алды эле: Кудайданбы же адамдарданбы?
Ошондо тигилер өз ара мындай деп акылдаша кетишти:
– Эгер Кудайдан десек, анда «эмнеге ага ишенбедиңиздер?» дейт. 26Адамдардан десек, элден коркобуз, анткени баары Жакыяны пайгамбар деп эсептешет.
27Анан Ыйсага:
– Билбейбиз, – деп жооп беришти.
Ыйса да аларга:
– Анда Мен да силерге кайсы бийлик менен кылып жатканымды айтпайм, – деди.
Эки уул жөнүндө ибарат
– 28Төмөнкү ибаратты кандай түшүнөсүңөр? – деди Ыйса, – Бир кишинин эки уулу болот. Ал биринчисине келип: «Балам, бүгүн сен жүзүмзарга барып иштеп кел», – дейт. 29Баласы болсо: «Баргым келбей жатат», – дейт. Бирок кийин оюн өзгөртүп, жөнөп кетет. 30Экинчисине барып, ага да биринчисине айтканын айтат. Анысы: «Макул, ата», – дейт да, бирок барбай коёт. 31Экөөнүн кимиси атасынын каалоосун аткарды деп ойлойсуңар?
Ыйсага алар:
– Албетте, биринчиси, – деп жооп беришти.
Ыйса аларга мындай деди:
– Силерге бир чындыкты айтып коёюн: салыкчылар менен сойкулар Кудайдын Падышачылыгына силерден мурда барат. 32Жакыя пайгамбар силерди ак жолго салууга келди эле, ага силер ишенбей койдуңар, ал эми салыкчылар менен сойкулар болсо ишеништи. Муну көргөндөн кийин да силер оюңарды өзгөртүп, ишенген жоксуңар!
Жүзүмзардагы ижарачылар тууралуу ибарат
33Ыйса сөзүн андан ары улантып мындай деди:
– Эмесе, дагы бир ибаратты угуп алгыла: бир дыйкан болуптур. Ал жүзүм тигип, айланасын коргондойт. Жүзүм ширесин сыгып алгыдай чуңкур казып, кароол мунара курат. Анан жүзүмүн багбандарга ижарага берип, өзү бир жакка кетет. 34Жүзүм тере турган маал келгенде, түшүмүнөн алып келгиле деп ижарачыларга кулдарын жөнөтөт. 35Ижарачылар болсо анын кулдарын кармап алып, бирин сабап, бирин өлтүрүп, дагы бирин таш менен урушат. 36Дыйкан кайрадан мындан да көбүрөөк кулдарын жөнөтөт. Тигилер болсо буларды да биринчилердей кылышат. 37Кийинчерээк: «Кой, уулумду жиберейин, балким андан ийменишээр», – деп аларга уулун жөнөтөт. 38Ижарачылар болсо уулун көргөндө өз ара: «Бул мураскор, жүргүлө, өлтүрөлү, ошондо мурасы бизге калат», – деп 39аны кармап алып, жүзүмдүн сыртына алып чыгып, өлтүрүп салышат. 40Эми, жүзүмдүн ээси келгенде, ижарачыларды эмне кылат?
– 41Бул кара ниет ижарачыларды шорун курутуп өлтүрөт. Ал эми жүзүмдү болсо түшүмүн өз убагында берип тура турган бөлөк ижарачыларга берет, – деп жооп беришти Ага.
42Ошондо Ыйса мындай деди:
– «Куруучулар жерип, четке чыгарып койгон таш пайдубал ташы болуп калды. Бизди аң-таң калтырган бул ишти Жараткан Эгебиз Өзү жасады»#21:42 Забур 117:22 – 23. деген сөздү Ыйык Жазуудан эч качан окуган жок белеңер? 43Андыктан айтып коёюн: Кудайдын Падышачылыгы силерден алынат да, анын жемиштерин бере турган башка элге берилет. 44Ким бул ташка куласа, талкаланат, ал эми бул таш кимдин үстүнө түшсө, анын таш-талканы чыгат. 45Ыйсанын ибараттарын уккан жогорку динкызматчылар менен фарисейлер мунун өздөрү тууралуу айтылганын түшүнүштү да, 46Ыйсаны кармамак болушту. Бирок чогулган эл Ыйсаны пайгамбар деп эсептегендиктен, алардан коркушту.
Currently Selected:
Матай 21: КЫРИ
Highlight
Share
Copy

Want to have your highlights saved across all your devices? Sign up or sign in
Kyrgyz New Testament © Bible Society of Kyrgyzstan, 2018

: