Жашыя 16
16
Жусуп урпактарынын энчиси
1Кийинки өкчөмө таш Жусуптун урпактарына түштү. Аларга тийген энчи жерлер Иерихон шаарынын каршысындагы Иордан дарыясынан, Иерихондун чыгыш тарабындагы булактардан тартып, чөл аркылуу тоолордогу Бейтел шаарына чейин жогорулап кетет. 2Андан ары чек ара Бейтелден арк уруусу жашаган Атаротко барат. 3Ал жерден батышты карай жаплеттин урпактарынын жерине чейин төмөндөп олтуруп, Төмөнкү Бейт-Хорон аркылуу өтөт. Анан Гезерге жетип, андан ары Жер Ортолук деңизге барып такалат. 4Ошентип, Жусуптан тараган менаше менен эпрайым уруулары ушул жерлерди энчиге алды.
Эпрайым уруусуна тийген энчи жерлер
5Эпрайым уруусуна уруктары боюнча бул жерлер тийди: анын энчисинин чектери күн чыгыштагы Аторат-Адар шаарынан башталып, жогорку Бейт-Хоронго чейин жетет, 6андан ары чек ара Жер Ортолук деңиз тарапты карай созулат. Түндүктөгү Михметаттан чек ара чыгышка – Таанат-Шилого бурулуп, Жаноахтын чыгышына жетет. 7Жаноахтан Аторат менен Наарага түшүп, андан ары Иерихонго, анан Иорданга барып такалат. 8Чек ара Таппуахтан батышка карай Кана сайына чейин жетип, Жер Ортолук деңизден бүтөт. Ушул жерлерди эпрайым уруусу уруктары боюнча энчи кылып алды.
9Менаше жарым уруусуна берилген энчинин ичинен эпрайым уруусуна башка дагы кошумча шаарлар менен айылдар бөлүнүп берилди. 10Бирок эпрайымдар Гезерде жашаган канаандыктарды кубалап чыга алышкан жок. Ошондуктан канаандыктар ушул күнгө чейин эпрайымдардын арасында жашап, аларга букара болуп калышты.
Currently Selected:
Жашыя 16: КЫРИ
Highlight
Share
Copy

Want to have your highlights saved across all your devices? Sign up or sign in
Kyrgyz New Testament © Bible Society of Kyrgyzstan, 2018