Жашыя 15
15
Иуда уруусунун энчиси
1Өкчөмө таштын түшкөнү боюнча, иуда уруусунун бүт уруктарына Эдом жеринин чегинен тартып түштүктөгү Син чөлүнө чейинки жерлер тийди. 2Алардын түштүк чек арасы Өлүк деңиздин түштүк булуңунан башталып, 3түштүктөгү Акрабим адырларына чейин барат. Андан ары Син чөлүнөн өтүп, түштүктөгү Кадеш-Барнияга жогорулап, Хесронго жетет. Ал жерден Адарга көтөрүлөт да, андан ары Карканы айланып өтөт. 4Анан Асмон шаарынан өтүп, Мисир чек арасындагы дарыяны бойлой жүрүп отуруп, Жер Ортолук деңиз жээгине барып такалат. Бул алардын түштүк чек арасы болот.
5Чыгыш чек арасы болсо Өлүк деңизден тартып, Иордандын куймасына чейин барат.
Ал эми түндүк чеги Өлүк деңиздин булуңунан башталат. 6Ал жактан Бейт-Каглага көтөрүлүп, түндүк тараптагы Бейт-Арабадан өтөт да, Рубендин уулу Боондун аты менен аталган Боон ташына чейин жогорулап барат. 7Анан Ахор өрөөнүндөгү Дебирге жогорулап, түндүктөгү Гилгалга карай бурулат. Гилгал капчыгайы дарыянын түштүк тарабындагы Адумим адырларынын каршысында жайгашкан. Чек ара андан ары Эн-Шемешке чейин созулуп, Эн-Рогелге жетет. 8Ал жерден чек ара жебустардын кийинчерээк Иерусалим деп аталган шаары жайгашкан дөбөнүн түштүгүндөгү Бен-Хинном өрөөнүн бойлоп жогорулап кетет. Анан ошол өрөөндүн батышындагы Рафа өрөөнүнүн түндүк четиндеги тоонун үстүнө чыгат. 9Ошол тоо чокусунан Нептоах булагына жетип, Эпрон тоолорундагы шаарларга барат. Андан имерилип, Баала деп да аталган Кирият-Жеярим шаарына жетет. 10Андан соң чек ара Баала шаарынан батыш тараптагы Сеир тоолоруна бет алып, түндүктөгү Жеярим, башкача айтканда Кесалон тоолорунун батыш боорлорунан өтөт. Анан Бейт-Шемеш шаарына түшүп, Тимна калаасы аркылуу өтөт. 11Ал жактан түндүктөгү Экрон тоолорунун батыш боорлору аркылуу өтүп барып, Шикрон шаарына кайрылат. Андан ары Баала тоолорунан өтүп, Жапнеел шаарына жетип, чек ара Жер Ортолук деңизден бүтөт.
12Батыш чек ара – бул Жер Ортолук деңиз.
Иуда уруусуна уруктары боюнча бөлүнгөн жердин чек ара чектери мына ушундай.
Калептин энчисине тийген жерлер
13Жараткан Эге Жашыяга айткандай, Жепундун уулу Калепке иуда уулдарынын арасынан энчиге анактардын ата-бабаларына таандык Кирият-Арба деп аталган Хеврон шаары берилди. 14Калеп ал шаардан Анактан тараган үч урукту – шешай, ахиман, талмай уруктарын кубалап чыкты. 15Андан ары Дебир шаарынын жашоочуларына карай жортуулун улантты. Дебир мурда Кирият-Сейпер деп аталчу. 16Ошол күндөрү Калеп:
– Кирият-Сейперди ким талкалап, басып алса, ага кызым Аксаны күйөөгө берем, – деп айтты. 17Ал шаарды Калептин бир тууганы Кеназдын уулу Отниел басып алды. Калеп ага кызы Аксаны күйөөгө берди.
18Кыз төркүнүнө келгенде күйөөсүнөн:
– Атамдан жер сурайлычы, – деп суранды.
Калеп эшектен түшүп жаткан кызынан:
– И кызым, бир нерсе сурайын деп жатасыңбы? – деп сурады. 19Кызы атасына:
– Мага батаңызды берсеңиз экен, – деди. – Сиз мага Негевден жер берген элеңиз. Эми ага булактарды да кошуп бериңизчи, – деди.
Ошондо Калеп кызына жогорку булактарды да, төмөнкү булактарды да берди.
Иуда уруусунун энчисине тийген шаарлар
20Иуда уруусуна уруктары боюнча энчиге 21түштүктөгү Эдом чек арасы тараптагы мына бул шаарлар тийди: Кабзээл, Эдер жана Жагур, 22Кина, Димона жана Адада, 23Кедеш, Хасор жана Итнан, 24Зиф, Телем жана Беалот, 25Хасор-Хадатта, Кериот-Хесрон деп аталган Хасор, 26Эмам, Шема жана Молада, 27Хасар-Гадда, Хешмон жана Бейт-Пелет, 28Хасар-Шуал, Бээр-Шева жана Бизиотия, 29Баала, Ийим жана Эсем, 30Элтолат, Кесил жана Хорма, 31Сыклак, Мадмана жана Сансана, 32Лебайот, Шилхим, Айын жана Риммон. Баары болуп айылдары менен жыйырма тогуз шаар. 33Тоо этектериндеги Эштаул, Сора жана Ашна, 34Заноах, Эн-Ганим, Таппуах жана Энам, 35Жармут, Адуллам, Сохо жана Азека, 36Шаарайым, Адытайым, Гедера же Гедератайым. Айылдары менен баары болуп он төрт шаар. 37Сенан, Хадаша, жана Мигдал-Гат, 38Дилан, Миспе жана Жоктеел, 39Лахиш, Боскат жана Эглон, 40Хабон, Лахмас жана Хитлиш, 41Гедерот, Бейт-Дагон, Наама жана Македа. Баары кошулуп айылдары менен он алты шаар. 42Ливна, Этер жана Ашан, 43Ыптах, Ашна жана Незип, 44Кейла, Акзип жана Мареша. Баары кошулуп айылдары менен тогуз шаар. 45Экрон жана ага караштуу айылдар. 46Экрондун батышындагы Ашдоддун жанындагы бардык айылдар; 47Ашдод жана ага караштуу шаарлар менен айылдар, Газа жана ал жерден Мисир чек арасындагы дарыяга чейинки шаарлар менен айылдар. Булар Жер Ортолук деңиздин жээктеринде жайгашкан. 48Тоо койнундагы Шамир, Жаттир, жана Сохо, 49Данах, Кирият-Сана, башкача айтканда Дебир, 50Анап, Эштемо жана Аним, 51Гошен, Холон жана Гило. Баары болуп айылдары менен он бир шаар. 52Араб, Дыма жана Эшан, 53Жанум, Бейт-Таппуах жана Афека, 54Хумта, Кирият-Арба, башкача айтканда Хеврон жана Сиор. Баары болуп айылдары менен тогуз шаар. 55Маон, Кармел, Зип жана Утта, 56Изрээл, Жоктеям жана Заноах, 57Кайын, Гиба жана Тимна. Баары болуп айылдары менен он шаар. 58Халхул, Бейт-Зур жана Гедор, 59Маарат, Бейт-Анот жана Элтекон. Баары болуп айылдары менен алты шаар. 60Кирият-Баал, башкача айтканда, Кирият-Жеярим жана Рабба. Айылдары менен эки шаар. 61Чөлдөгү шаарлар: Бейт-Араба, Мидин жана Секак, 62Нипшан, Ир-Мелах, башкача айтканда, Туз шаары жана Эн-Геди. Баары болуп айылдары менен алты шаар. 63Бирок Иерусалимде жашаган жебустарды Иуданын урпактары кубалап чыгара алган жок. Ошондуктан алар ушул күнгө чейин Иерусалимде иуда элине кошуна жашап келе жатышат.
Currently Selected:
Жашыя 15: КЫРИ
Highlight
Share
Copy

Want to have your highlights saved across all your devices? Sign up or sign in
Kyrgyz New Testament © Bible Society of Kyrgyzstan, 2018