YouVersion Logo
Search Icon

Жашыя 17

17
Менаше уруусунун батыштагы энчиси
1Өкчөмө таш ташталып, Менаше уруусуна энчи берилди. Менаше Жусуптун тун уулу болгон. Менашенин тун уулу Махир баатыр болсо Гилаттын атасы болгон. Махир баатыр жоокер болгон, ага #17:1 Иордандын чыгыш тарабыГилат менен Башан жерлери берилди. 2Менашенин башка уруктары – Абиезердин, Хейлектин, Асриелдин, Шекемдин, Хефердин, Шемиданын урпактары да#17:2 Иордандын батыш тарабы энчи алышты. Булар Жусуптун уулу Менашенин уулдарынан тараган уруктар.
3Менашенин уулу Махир, Махирдин уулу Гилат, Гилаттын уулу Хейпер, Хейпердин уулу Салапат болгон. Салапаттын уулдары жок эле. Анын Махла, Ноя, Хогла, Милка жана Тирса деген кыздары гана бар болчу. 4Ал кыздар дин кызматчы Элазар, Нундун уулу Жашыя менен эл башчыларынын алдына келип:
– «Салапаттын кыздарына да эркек туугандары менен бирге энчи берилсин» деп Жараткан Эге Мусага буйрук кылган болчу, – деп айтышты. Ошондо Жараткан Эгенин буйругуна баш ийип, Жашыя аларга да атасынын эркек бир туугандары менен чогуу энчи берди.
5Ошентип, менаше уруусуна Иордандын чыгыш тарабындагы Гилат менен Башан жерлеринен сырткары дагы батыштан он үлүш жер берилди. 6Анткени Менашенин урпактарынын кыздары да эркек туугандары менен чогуу энчиге жер алышты. Ал эми Гилат жери болсо Менашенин калган урпактарына тийди.
7Менаше уруусунун чек арасы ашыр уруусунун жеринен баштап Шекемдин чыгыш тарабындагы Михметатка чейин созулуп жатат. Ал жерден чек ара түштүккө бурулуп, Таппуах суусунун айланасында жашаган элге чейин барат. 8Таппуах аймагы болсо Менашенин урпактарына тийди, ал эми менаше уруусунун чек арасындагы Таппуах шаарын болсо Эпрайымдын урпактары алды. 9Менаше уруусунун түштүк чек арасы Таппуах шаарынан баштап Кана сайына, андан ары Жер Ортолук деңизге чейин созулат. Ал жердеги бир нече шаарлар менаше уруусунун жеринде жайгашса да, эпрайым уруусуна таандык эле. 10Кана сайынын түштүгүндөгү жер эпрайымга таандык, түндүгүндөгү жер менашеге таандык. Менаше уруусунун батыш чек арасы – Жер Ортолук деңиз. Менаше уруусунун чек арасына түндүктөн ашыр жери, чыгыштан ысахар жери чектешет. 11Ысахар менен ашыр урууларынын жериндеги Бейт-Шаан жана ага караштуу айыл-кыштактар, Иблейем жана ага караштуу айыл-кыштактар, Дор, башкача айтканда Нафат-Дор жана ага караштуу айыл-кыштактар, Эн-Дор жана ага караштуу айыл-кыштактар, Таанах жана ага караштуу айыл-кыштактар, Мегиддо жана ага караштуу айыл-кыштактар менаше уруусуна берилди. 12Бирок Менашенин урпактары ал шаарларды басып ала алышкан жок. Ошондуктан канаандыктар ал жерлерде жашап кала беришти. 13Кийин, ысрайыл эли күчтүү эл болуп калган кезде, канаандыктарды букара кылып алды, бирок аларды кубалап чыгарган жок.
Жусуптун урпактарынын өтүнүчү
14Жусуптун урпактары чогулуп келип, Жашыяга:
– Эмне үчүн сиз бир эле жолу өкчөмө таш таштап, бизге бир эле энчи жер берип койдуңуз? Жараткан Эге бизди жалгап, уруубуздун эли абдан көбөйүп кеткен, – деп айтышты. 15Жашыя аларга:
– Эгерде элиңер көп болуп, эпрайымдын жери тардык кылып жатса, периздер менен рафалар жашаган токойлорго баргыла да, аны кыйып, тазалап, жер кылып алгыла, – деп айтты. 16Ошондо Жусуптун урпактары:
– Ооба, тоолуу аймак бизге тардык кылат, бирок төмөнкү капчыгайдагы Бейт-Шаанда, ага караштуу жерлерде жана Изрээл капчыгайында жашаган канаандыктардын баарынын темир майдан арабалары бар – деп айтышты. 17Ошондо Жашыя Жусуптун урпактары эпрайым менен менаше урууларына мындай деди:
– Силер көп сандуу, күчтүү элсиңер, силерге өкчөмө таштын бир эле жолу ташталганы аздык кылат. 18Мына бул тоолор да, токойлор да башынан аягына чейин силердики болот. Токойлорду толук кыйып, тазалап алгыла. Канаандыктардын арабалары темирден болсо да, өздөрү күчтүү болсо да, баары бир аларды кубалап чыгуу колуңардан келет.

Currently Selected:

Жашыя 17: КЫРИ

Highlight

Share

Copy

None

Want to have your highlights saved across all your devices? Sign up or sign in