YouVersion Logo
Search Icon

Жашыя 1

1
Кудайдын Жашыяга берген буйругу
1Кудайдын кулу Муса дүйнө салгандан кийин, Мусанын жардамчысы Нундун уулу Жашыяга Жараткан Эге мындай деди:
2– Менин кулум Муса көз жумду. Эми өзүң баш болуп бүт эл-журтуң менен мына бул Иордан дарыясынын аркы өйүзүнө – Мен Ысрайыл урпактарына бергени жаткан жерге өтүп бар. 3Мусага убада кылганымдай, таманыңар тийген жердин баарын өзүңөргө беремин. 4Түштүктөгү ушул чөлдөн түндүктөгү Ливан тоолоруна чейин, чыгыштагы Эфрат дарыясынан батыштагы Жер Ортолук деңизге чейинки жерлер жана хеттердин бардык жерлери силердин чегиңер болот. 5Өмүрүң өткөнчө эч ким сага каршы тура албайт. Мен Мусаны кандай колдосом, сени да ошондой колдойм. Сенден эч качан алыстабайм, сени таштабайм. 6Бекем, кайраттуу бол! Мен ата-бабаларына берем деп ант берген ошол жерди аларга сен алып бересиң. 7Сен тек гана бекем, кайраттуу бол, Менин кулум Муса берген мыйзамдын баарын сактап, так аткар. Бардык иштериң ийгиликтүү болуш үчүн, андан оңго да, солго да бурулба. 8Тооратта жазылгандар оозуңдан түшпөсүн, анда жазылгандардын баарын так аткарыш үчүн, алар жөнүндө күнү-түнү ой жүгүрт, ошондо акыл-эстүүлүк менен иш кылып, өркүнүң өсүп, ийгиликтүү болосуң. 9Мен сага буйрук кылам, бекем, кайраттуу бол. Эч коркпогун, көңүлүң да чөкпөсүн, анткени кайда барсаң да, Жараткан Эге, Кудайың сени колдойт.
Жашыянын элге берген буйругу
10Ошондон кийин Жашыя эл башкаруучуларына мындай деп буйруду:
11– Конушту аралап, элге: «Жол азык камдагыла, үч күндөн кийин ушул Иордандын аркы жээгине өтүп, Жараткан Эге, Кудайыңар силерге берип жаткан жерге ээлик кылуу үчүн киресиңер» деп буйрук бергиле. 12Ал эми рубен, гад урууларына жана менаше уруусунун жарымына Жашыя мындай деди: 13– Жараткан Эгебинин кулу Мусанын буйрук кылып айткан сөздөрүн эстегилечи, ал: «Жараткан Эге Кудайыңар силерге тынччылык тартуулап, ушул жерди берди» деп айткан. 14Аялдарыңар, балдарыңар, мал-мүлкүңөр Иордандын ушул өйүзүндөгү Муса силерге берген жерде калсын. Ал эми эр жүрөк жоокерлердин баары куралданып, бир туугандарыңардын алдында дарыядан өтүп, аларга жардам берсин. 15Жараткан Эгеңер силерге тартуулагандай, бир туугандарыңарга да тынччылык берип, Жараткан Эге Кудайыңар берген жерди ээлик кылып алганча, аларга жардам бергиле. Ошондон кийин Жараткан Эгенин кулу Муса силерге Иордандын күн чыгыш тарабынан энчиге берген жериңерге кайтып келип, отурукташасыңар.
Элдин Жашыяны колдошу
16Алардын баары Жашыяга:
– Бизге эмнени буйрусаң, баарын аткарабыз, кайда жиберсең, ошол жакка барабыз, – деп жооп беришти. 17– Биз Мусага кандай моюн сунган болсок, сага да ошондой моюн сунабыз. Мусаны колдогон Жараткан Эге, Кудайың, сени да колдосун. 18Сенин буйругуңа каршы чыгып, сөзүңө кулак салбаган ар бир адам өлүмгө өкүм кылынат. Болгону, сен бекем, кайраттуу бол!

Currently Selected:

Жашыя 1: КЫРИ

Highlight

Share

Copy

None

Want to have your highlights saved across all your devices? Sign up or sign in

YouVersion uses cookies to personalize your experience. By using our website, you accept our use of cookies as described in our Privacy Policy