YouVersion Logo
Search Icon

Жашыя 2

2
Иерихонго чалгынчылардын жиберилиши
1Нундун уулу Жашыя Шиттим калаасынан эки кишини: «Барып, Канаан жерин, андагы Иерихон шаарын чалгындап келгиле», – деп жашыруун жиберди. Алар жөнөп кетишти да, Рахап аттуу сойку аялдын үйүнө келип, ошол жерде түнөп калышты.
2Ошондо Иерихондун падышасына: «Бүгүн түнү бул жакка жерибизди чалгындоо үчүн ысрайылдар келишиптир» деген кабар жетти. 3Иерихондун падышасы өз кишилерин Рахапка жиберип: «Үйүңө келген кишилерди сыртка чыгарып бер, алар жерибизди байкап, чалгындоо үчүн келишиптир», – деп айттырды. 4Бирок аял ал экөөнү тең жашырып койгон болчу.
– Ооба, мага чоочун бирөөлөр келишкен, бирок алардын кайдан келгенин билген эмесмин, – деп жооп берди аял. 5– Алар күүгүмдө, шаар дарбазалары жабылар убакта кетип калышкан. Кай тарапка кетишкенин билбеймин. Тезирээк алардын артынан сая түшсөңөр, кубалап жетерсиңер.
6Өзү болсо аларды тамдын үстүнө ээрчитип чыгып, ошол жердеги жайылган зыгыр боолорунун астына жашырып койгон эле. 7Куугунчулар Иорданга барчу жол менен алардын артынан кечүүгө чейин кубалап барышты. Алар чыгып кетери менен шаар дарбазалары жабылды.
8Чалгынчылар жата электе, аял үйдүн үстүнө чыгып барып, 9аларга мындай деди:
– Бул жерди Жараткан Эге силерге бергенин билемин. Бүт элибиз силерден коркуп, ындыны өчтү. 10Себеби Мисирден чыкканыңарда Жараткан Эге алдыңарда Камыш деңизинин суусун кургатканын, Иордандын аркы тарабындагы өзүңөр садага чаап салган аморлордун эки падышасы Сихон менен Окту силер эмне кылганыңарды укканбыз. 11Бул жөнүндө укканыбызда, силерден корккондуктан жүрөгүбүз мокоп, баарыбыздын ындыныбыз өчтү. Себеби силердин Жараткан Эге, Кудайыңар – жогорку көктүн да, төмөнкү жердин да Кудайы экен. 12-13Эми болсо, суранамын, мен силерге ырайым кылгандай, силер да атамдын үй ичине ырайым кылабыз деп Кудайды оозанып ант бергиле. Менин ата-энем, ага-иним, эже-сиңдилеримдин баарын үй-бүлөлөрү менен өмүрүн сактап, тирүү калтырабыз деп мага кепилдик бергиле. 14Тигилер ага:
– Сөзүбүздө турбасак, силердин ордуңарга биздин жаныбыз кыйылсын! – дешти. – Эгерде биз жөнүндө айтып, чыккынчылык кылбасаң, Жараткан Эге бул жерди бизге бергенде сөзүбүздө туруп, сага ырайым кылабыз.
15Анын үйү шаар дубалында жайгашкандыктан, аял аларга терезе аркылуу аркан менен төмөн түшкөнгө жардам берди. 16Рахап аларга:
– Куугунчулар силерди таап албашы үчүн, тоону көздөй кеткиле. Куугунчулар кайтып келгенче ошол жерде үч күн жашына тургула, андан соң өз жолуңар менен кетип калгыла, – деди.
17Тигилер болсо ага мындай дешти:
– Эгерде мындай кылбасаң, анда сага берген антыбыздан эркин болобуз: 18Бул жерге келгенибизде, бизди төмөн түшүрүп жаткан терезеңе ушул кызыл арканды байлап кой, ата-энеңди, бир туугандарыңды, атаңдын бүт үй ичин үйүңө чогулт. 19Эгерде кимдир-бирөө үйүңдөн сыртка чыкса, анын каны өз мойнунда болот. Ал үчүн биз күнөөлүү болбойбуз. Бирок эгер үйүңдүн ичиндегилердин кимисине болбосун биздин кишилер кол көтөрүп өлтүрсө, анын төгүлгөн канына биз айыптуу болобуз. 20Эгерде биз жөнүндө кимдир-бирөөгө ооз ачсаң, анда да сага берген антыбыздан эркин болобуз.
21– Жарайт. Силер айткандай болсун, – деп, аял аларды жөнөтүп жиберди. Алар кетери менен кызыл арканды терезеге байлап койду.
Чалгынчылардын конушка кайтып келиши
22Чалгынчылар тоолорду көздөй жөнөп кетишти. Куугунчулар жолдун баш-аягын тинтип, таппай кайтып келгенге чейин, ошол жерде үч күн жатышты. 23Ошондон кийин гана тиги эки киши келген жолуна кайра кайтты. Алар тоодон түшүп, Иордандын кечүүсүнөн өтүштү да, Нундун уулу Жашыяга келип, болгон иштин баарын айтып беришти. 24Алар Жашыяга: «Жараткан Эге ал жердин баарын биздин колубузга бергени чын экен. Ал жердин бүт жашоочулары бизден катуу коркуп, эси чыгып жатыптыр», – деп айтышты.

Currently Selected:

Жашыя 2: КЫРИ

Highlight

Share

Copy

None

Want to have your highlights saved across all your devices? Sign up or sign in

YouVersion uses cookies to personalize your experience. By using our website, you accept our use of cookies as described in our Privacy Policy