YouVersion Logo
Search Icon

Жашыя Сөз башы

Сөз башы
Нундун уулу Жашыя китеби (ивр. יְהוֹשֻׁעַ בִּן-נוּן‎, Ехошуа-бен-Нун) – Танахтагы (Байыркы Келишим китептериндеги) алтынчы китеп. Бул китепте Муса пайгамбардын көз жумган убагынан баштап, Нундун уулу Жашыянын каза болгон күндөрүнө чейинки эврей элинин тарыхы жазылган (б.з.ч. 1276 – б.з.ч. 1244 жылдар). Эврейлер бул китептин автору Нундун уулу Жашыя өзү болгон деп ишенишет (китептин аягында Жашыянын өлүмү жөнүндөгү бир нече аяттарды гана Шамил пайгамбар жазган). Бул китеп Ыйык Жазууда Муса пайгамбардын Тоорат китебинен кийин орун алып, Тооратта баяндалган окуялардын уландысы катары аны менен тыгыз байланышта.
Жашыя китеби Кудай Ысрайыл элине беремин деп убада кылган жерди кантип ээлегендиги тууралуу айтып берет. Ал жер Канаан деп аталган.
Китеп өзү айтып берген окуялардын башкы каарманы Нундун уулу Жашыянын аты менен аталып калган. Муса пайгамбар көз жумгандан кийин ал Ысрайыл элинин эл башчысы болуп дайындалган болчу.
Жашыя китеби эки бөлүктөн турат. Биринчи бөлүктө (1-12 – бөлүмдөр) Ысрайыл эли Канаан жеринде көптөгөн шаар-кыштактарды басып алышы үчүн Кудай Өзү жардам берет. Кээ бир убактарда Кудай кереметтер аркылуу Өз элине кубат берет. Мисалы, Иерихон шаарын басып алууда, ошол шаардын дубалын уратып, ысрайылдар шаарга чабуул коюу үчүн жол ачып берет (6:20). Кийинчерээк, Гибон шаарын басып алууда Кудай асмандан таш жаадырып, жоону кырып салат. Андан кийин Эгедер асмандагы ордунда токтотуп коёт. Ысрайыл аскерлери ушундан пайдаланып, душманды толук кырып салууга үлгүрөт (10:1-15).
Бирок ысрайылдар Эгебизге гана табынып, Ага кызмат кылабыз деген убадасын бузган убакта, Кудай аларга жардам берүүдөн баш тартат. Мисалы, Ай шаарын багындыруу үчүн согушта, Ысрайыл аскерлери жеңилип калат, анткени эл Кудай менен түзгөн келишимди бузган эле (7:1-12).
Бул китептин экинчи бөлүгүндө (13-24 – бөлүмдөр) Ысрайыл калкынын урууларынын ар бири өз жерлерин кантип алгандыгы айтылат. Ысрайыл эли алгач Иордан дарыясынын күн чыгышындагы жерлерди басып алат. Басып алынган жерлер рубен, гад урууларына жана менаше жарым уруусуна бөлүп берилет.
Бирок Ысрайыл журтунун калган уруулары жер ала элек болчу. Ошондуктан, жер алган рубен, гад уруулары жана менаше жарым уруусунун эли калган уруулар да жерге ээ болушу үчүн, алар менен чогуу Иордандын батыш тарабындагы элдерге кол салып, алардын жерлерин ээлеп алууга милдеттүү түрдө жардам берет.
Иордандын батыш тарабынан ээлеп алынган жерлер Ысрайыл элинин калган урууларына өкчөмө таш ташталып бөлүнөт. Леби уруусун болсо Кудай Өзүнө кызмат кылдыруу үчүн тандап алгандыктан, ал урууга жер бөлүнүп берилбейт. Бирок алар жашашы үчүн бардык уруулар өзүнө тийген үлүш жерлерден шаар-кыштактарды ажыратып берет.
Китептин аягында Жашыя Кудайдын Ысрайыл элине кылган жакшылыктарын эстеп, эки жолу элге айтып берет. Сөзүнүн аягында Жашыя «Ошондуктан Кудай Эгеңерден коркуп, Ага берилип, ак ниеттен кызмат кылгыла. Дарыянын аркы өйүзүндө жана Мисирде ата-бабаларыңар ийбадат кылган кудайлардан баш тартып, өз Эгеңерге кызмат кылгыла» (24:14) деп айткан.
Мазмуну
I. Канаан жерине жортуул (1:1–5:12)
А. Кудайдын Жашыяны тандашы (1-бөлүм)
Б. Иерихондогу чалгынчылык иштер (2-бөлүм)
В. Иордан дарыясынан өтүү (3-бөлүм)
Г. Эстелик таштар жана Иордандан өтүүнүн аякташы (4-бөлүм)
Д. Ысрайыл элинин ыйыкталышы жана Азаттык майрамын майрамдоо (5-бөлүм) II. Канаанды басып алуу (5:13–12:24)
А. Кудайдын аскерлеринин аскер башчысы (5:13-16)
Б. Ысрайыл аскерлеринин ыйык казаттары (6-8-бөлүмдөр)
В. Канаандын түштүк элдерине каршы жортуул (9-10-бөлүмдөр)
Г. Канаандын түндүк элдерине каршы жортуул (11:1-15)
Д. Ысрайылдар ээ болгон жеңиштер (11:16-12:4)
III. Канаан жерин үлүштөргө бөлүштүрүү (13–21-бөлүмдөр)
А. Эки жарым уруунун үлүштөрү (13-бөлүм)
Б. Калептин энчиси (14-бөлүм)
В. Тогуз жарым уруунун энчисине жер бөлүштүрүү (15:1-19:48)
IV. Канаандагы кийинки жылдар (22-24-бөлүмдөр)
А. Чек арадагы өз ара түшүнбөстүктү иликтөө (22-бөлүм)
Б. Нундун уулу Жашыянын өмүрүнүн акыркы күндөрү (23:1-24:28)
В. Текстке кошумча маалымат (24:29-33)

Highlight

Share

Copy

None

Want to have your highlights saved across all your devices? Sign up or sign in

YouVersion uses cookies to personalize your experience. By using our website, you accept our use of cookies as described in our Privacy Policy