YouVersion Logo
Search Icon

Жакан 1

1
Ыйса – Кудайдын адамга айланган Сөзү
1Адегенде Сөз болгон, Сөз Кудайда болгон жана Сөз Кудай болгон. 2Сөз башынан эле Кудай менен болгон. 3Кудай баарын Сөз аркылуу жараткан жана жаратылган нерсенин бири да Ансыз пайда болгон эмес. 4Сөз өмүрдүн башаты болгон. Ошол өмүр адамзатка жарыгын төктү. 5Жарык караңгыда жаркырады, караңгы болсо жарыкты жеңе албады.
6Кудай жиберген Жакыя аттуу бир адам болгон. 7Ал Жарыкка күбө болуп, бардык адамдарды Ошого ишендирүү үчүн келген. 8Жакыя өзү Жарык болгон эмес, ал Жарык тууралуу кабарлоо үчүн гана келген болчу.
9Ар адамга жарыгын төкчү чыныгы Жарык бул дүйнөгө келе жатты. 10Ал Өзү бул дүйнөдө бар эле, дүйнөнү Ошол жараткан болчу, бирок дүйнөдөгүлөр Аны тааныбады. 11Өзү тандаган элге келди, бирок алар кабыл алышпады. 12Ал эми кабыл алып, Ага ишенгендердин баарына Кудайдын балдары болуу укугун берди. 13Алар табигый жол менен же пенденин каалоосу менен эмес, Кудай аларга чыныгы өмүр бергендиктен гана Анын балдары боло алышты. Алар түп аталары ким болгонунан же адамдардын каалоосунан эмес, Кудай Өзү аларды балдары кылган.
14Сөз адам болуп, арабызда өмүр сүрдү. Ошондо биз Кудай Атанын жалгыз Уулунун чексиз улуулугун көрдүк. Кудайдын болгон ырайымы менен акыйкаты Анда эле. 15Жакыя Ал жөнүндө мындай деп жар салды: «“Аркамдан келе жаткан менден улуу, анткени ал мен төрөлө электе эле бар болгон” деген кишим ушул». 16Анын чексиз ырайымынан баарыбыз батанын үстүнөн батага ээ болуп келе жатабыз. 17Муса пайгамбар аркылуу мыйзам берилсе, Ыйса Машаяк аркылуу ырайым менен акыйкат берилди. 18Кудайды эч ким, эч качан көргөн эмес, Аны бизге Атасына эң жакын болгон жалгыз Уулу таанытты.
Жакыянын Машаяк тууралуу айтышы
19-20Иерусалим шаарындагы иудей башчылары тарабынан ким экендигин билип келүүгө жиберилген динкызматчылар менен лебиттерге Жакыя жооп берүүдөн баш тартпай:
– Мен Машаяк эмесмин, – деп ачык айтты.
21Алар:
– Анда сен кимсиң, Илияс#1:21 Кыямат сотуна чейин келет деп Ыйык Жазууда айтылган пайгамбар Малахия 4:5. пайгамбарсыңбы? – деп сурашты.
– Жок, ал эмесмин, – деп жооп берди Жакыя.
– Мүмкүн сен келе турган Пайгамбар#1:21 Кудай «жиберем» деп убада кылган Мусага окшогон өзгөчө Пайгамбар. Мыйз. 18:15. чыгарсың?
– Жок.
22Жиберген кишилерибизге жооп бергендей бололу. Сен өзүң жөнүндө эмне дейсиң?
23Ошондо Жакыя мындай деди:
– Мен, Ышая пайгамбар айткандай, «Эгебизге жолду түздөгүлө!»#1:23 Ышая 40:3. – деп чөлдө жар салган кабарчымын.
24Бул адамдар фарисейлер тобунан эле. 25Алар Жакыядан дагы:
– Эгер Машаяк да, Илияс да, келе турган Пайгамбар да болбосоң, эмне үчүн адамдарды Кудай жолуна чакырып сууга чөмүлдүрүү расмисинен өткөрүп жүрөсүң? – деп сурашты.
26Жакыя:
– Мен тек гана сууга чөмүлдүрүү расмисин өткөрүп жүрөм. Араңарда силер тааныбаган бирөө турат. 27Ал өз ишин менден кийин баштайт, ошентсе да мен анын бут кийиминин боосун чечүүгө татыксызмын, – деди.
28Бул окуя Жакыя чөмүлдүрүү расмисин өтөп жүргөн Иордан дарыясынын чыгышындагы Бейтани айылында болду.
Кудайдын курмандык козусу
29Кийинки күнү Жакыя өзүн көздөй келе жаткан Ыйсаны көрүп:
– Карагыла, Кудай жиберген курмандык козу ушул! Бул адамзаттын күнөөсүн мойнуна алат. 30«Менден кийин келе жаткан менден улуу, анткени ал мен төрөлө электе эле бар болгон» деп, ушул тууралуу айткан элем, – деди. – 31Мен муну таанычу эмесмин, бирок Ысрайыл элине тааныштырып, адамдарды чөмүлдүрүү расмисинен өткөрүү үчүн келдим.
32Жакыя Ал жөнүндө дагы мындай деди:
– Мен Ыйык Рухтун көгүчкөн кейпинде көктөн түшүп, Ыйсага конгонун көрдүм. 33Аны мурда чындап эле таанычу эмесмин, бирок мени сууга чөмүлдүрүү расмисин аткарууга жиберген Кудай: «Рухтун кимге конгонун көрсөң, Ыйык Рухка чөмүлдүрүүчү Ошол», – деген эле. 34Мен көрүп, Ыйсанын Кудай Уулу экенине күбө болдум.
Ыйсанын алгачкы шакирттери
35Эртеси күнү да Жакыя эки шакирти менен ошол жерде турган эле. 36Ал өтүп бараткан Ыйсаны көрүп:
– Карагыла, Кудай жиберген курмандык козу ушул! – деди.
37Эки шакирти Жакыянын айтканын угары менен Ыйсаны ээрчип жөнөштү. 38Ыйса артына бурулуп, алардын келе жатканын көрдү да:
– Эмне керек эле? – деди.
Алар:
– Рабби (устат дегенди билдирет), каерде турасыз? – дешти.
39Ыйса:
– Келип, көрүп кеткиле! – деди.
Алар барып, Ыйсанын турган жерин көрүшүп, ал күнү Аны менен бирге болушту. Бул түштөн кийинки убак эле.
40Жакандын сөзүн угуп, Ыйсанын артынан ээрчиген экөөнүн бири Ысман-Петирдин иниси Идрис болчу. 41Ал биринчи бир тууган агасы Ысманга барып:
– Биз Машаяк ким экенин билдик! – деди.
42Анан аны Ыйсага ээрчитип келди. Ыйса Ысманга карап:
– Сен Жакан уулу Ысмансың. Мындан ары атың Кефа#1:42 Кефа деген арамей сөзү грекче – «Петир». («таш» дегенди билдирет) болсун, – деди.
43Эртеси күнү Ыйса Галилея аймагына бармакчы болду. Ал Филипке жолугуп:
– Жүр, Мага кошул, – деди.
44Филип да Идрис менен Петир турган Бейтсайдадан эле. 45Филип болсо Натанайылга барды.
– Биз Муса Тооратта жазган жана башка пайгамбарлар да өз жазмаларында айтып кеткен Машаякка жолуктук! – деди ага Филип, – ал – Назареттик Жусуптун уулу Ыйса!
46Бирок Натанайыл:
– Деги Назареттен жакшы бир нерсе чыкмак беле? – деди.
Филип:
– Анда бар да өзүң көрбөйсүңбү! – деди.
47Ыйса келе жаткан Натанайылды көргөндө:
– Ичинде эч бир кири жок, накта ысрайылдык мына ушул, – деди.
48Сиз мени кайдан билесиз? – деди Натанайыл буга таңыркай.
– Мен сени Филип чакыра электе эле анжир дарагынын түбүнөн көргөм.
49Ошондо Натанайыл:
– Устат, сиз чындап эле Кудай Уулу экенсиз! Ысрайыл падышасы сиз экенсиз! Буга эми көзүм жетти, – деди.
50«Сени анжир дарагынын түбүнөн көргөм» дегениме эле ишенип жатасыңбы? Али мындан да зор нерселерди көрөсүң!
51Ыйса дагы мындай деди:
– Силерге бир чындыкты айтып коёюн: эми силер көктүн ачылганын көрөсүңөр. Ал жерде Кудайдын периштелери асманга чыгып, асмандан Адам Уулуна түшүп турушат.

Currently Selected:

Жакан 1: КЫРИ

Highlight

Share

Copy

None

Want to have your highlights saved across all your devices? Sign up or sign in

YouVersion uses cookies to personalize your experience. By using our website, you accept our use of cookies as described in our Privacy Policy