YouVersion Logo
Search Icon

Жакан 2

2
Ыйсанын тойдо көрсөткөн керемети
1Эки күндөн кийин Галилеядагы Каана деген айылда бир үйлөнүү тою болуп калды. Ыйсанын энеси ошол жерде болчу. 2Ыйса да шакирттери менен бирге тойго чакырылды. 3Шарап түгөнгөндө, энеси:
– Шараптары түгөнүп калыптыр, – деди.
4Ыйса энесине:
– Бул ишти Мага коюңуз. Кудайдын улуулугун көрсөтөр убакыт-саатым али келе элек, – деп жооп берди.
5Деген менен энеси малайларга:
– Эмне десе, ошону кылгыла! – деди.
6Ошол жерде иудейлердин диний салтына ылайык даарат алууга арналган, ар биринин ичине он чака суу сыйчу алты таш идиш турар эле. 7Ыйса малайларга аларды толтурууну буюрду. Малайлар идиштерди сууга мелт-калт кылып толтурушту. 8Ыйса аларга ошондон сузуп алып, тойбашыга алпарууну буйруду. Тигилер ошондой кылышты. 9Тойбашы шарапка айланган алиги суудан татып көрдү, бирок бул шараптын кайдан экенин билген жок. Муну суу сузуп алган малайлар гана билишчү. Тойбашы таң калды да, үйлөнүп жаткан жигитти чакырып алып:
10Баары адегенде шараптын жакшысын беришет да, коноктор кызып калган кезде начарын беришет. А сен болсо шараптын жакшысын ушул убакытка чейин сактаптырсың, – деди.
11Ушундайча Ыйса керемет-жышаандарынын алгачкысын Галилеядагы Каана шаарында жасап, Өзүнүн улуулугун көрсөттү. Шакирттери болсо Ага ишеништи. 12Андан кийин Ыйса энеси, бир туугандары жана шакирттери менен бирге Капарноом шаарына барып, ал шаарда бир нече күн туруп калды.
Ийбадатканадагы соодагерлерди кубалап чыгуу
13Иудейлердин Куткарылуу майрамы жакындаганда, Ыйса Иерусалимге барды. 14Ийбадаткананын короосунда өгүз, кой, көгүчкөн саткандарды жана акча алмаштырып отургандарды көрдү. 15Аркандан камчы жасап алып, соодагерлердин баарын кой, өгүздөрү менен кошо короодон кууп чыкты. Акча алмаштыруучулардын теңгелерин чачып, үстөлдөрүн оодарып таштады.
16Мунуңарды жоготкула бул жерден! – деди Ал көгүчкөн сатуучуларга. – Атамдын үйүн базарга айландырбагыла!
17Ошондо «Сенин үйүңдүн камын жеп, ичим өрттөнүп жатат»#2:17 Забур 68:10. деген Ыйык Жазуудагы сөздөр шакирттердин эсине түштү. 18Иудей башчылары:
– Мындай кылууга кандай акың бар? Аны кандай кереметтүү жышаан менен көрсөтө аласың? – дешти.
19Ыйса:
– Бул ыйык үйдү бузуп көргүлө, Мен аны үч күндө кайра тургузам, – деп жооп берди.
20Иудей башчылары айтышты:
– Бул ыйык үй кырк алты жыл бою салынган. Сен аны үч күндүн ичинде кайра тургузмакчысыңбы?
21Ыйса болсо «ыйык үй» деп Өзүнүн денесин айткан эле. 22Ошондуктан Ыйса өлүмдөн кайра тирилген кезде шакирттери Анын ушундай дегенин эстешип, Ыйык Жазууда жазылган жана Ыйса айткан пайгамбарлык сөздөргө ишеништи.
23Ыйсанын Иерусалимде, Куткарылуу майрамы маалында кылган кереметтерин көргөн көп адамдар Ага ишеништи. 24-25Бирок Ыйса бардык адамдардын ой-ниеттерин билип, аларга ишене бербеди. Адам баласынын көңүлүндөгүсүн Өзү деле билгендиктен, бирөөнүн адамдар тууралуу маалымат берүүсүнө муктаж да болгон жок.

Currently Selected:

Жакан 2: КЫРИ

Highlight

Share

Copy

None

Want to have your highlights saved across all your devices? Sign up or sign in

YouVersion uses cookies to personalize your experience. By using our website, you accept our use of cookies as described in our Privacy Policy