YouVersion Logo
Search Icon

Лука 24

24
Ыйсанын тирилиши
1Жуманын биринчи күнү таң азанда алиги аялдар даярдап коюшкан атыр менен жыттуу майларды алышып, көргө келишти. 2Келгенде, көрдүн оозун бекиткен таштын ордунан жылдырылып, алынып салынганын көрүштү. 3Алар ичине кирип, Эгебиз Ыйсанын сөөгүн табышпады. 4Эмне болгонун түшүнбөй аң-таң болуп турушканда, жаркыраган кийимчен эки киши пайда болду. 5Аялдар катуу коркуп, баштарын жерден ала албай турушканда, беркилер мындай дешти:
– Эмнеге тирүүнү өлүктөрдүн арасынан издеп жүрөсүңөр? 6Ал тирилип кетти, бул жерде жок! Ал мурда, Галилеяда жүргөнүндө айткан сөздөрүн эсиңерге түшүргүлө. 7Силерге: «Адам Уулун күнөөкөр адамдардын колуна кармап беришет, Аны айкаш жыгачка керишет, үчүнчү күнү болсо Ал кайрадан тирилет», – дебеди беле.
8Ошондо аялдар Ыйсанын бул сөздөрүн эстешти. 9Мүрзөдөн кайтып келип, бул тууралуу он бир шакиртке жана башкалардын баарына кабарлашты. 10Элчилерге бул кабарды жеткизгендер – магдалалык Мариям, Жахана, Жакыптын энеси Мариям жана башка аялдар эле. 11Бирок бул сөздөрдү элчилер куру сөз деп, ишенишкен жок. 12Петир болсо ордунан тура калып, мүрзөнү көздөй жүгүрдү. Жетип келип, эңкейип, көрдүн ичин карады. Ал кепиндердин гана жатканын көрүп, бул ишке таң калып, кайра артына жөнөдү.
Ыйсанын эки шакиртине көрүнүшү
13Так ошол күнү шакирттердин экөө Иерусалимден он чакырымдай аралыкта жайгашкан Эмаус деген айылды көздөй жол тартып, 14болуп өткөн окуялар тууралуу сөз кылып баратышкан. 15Бул окуяларды талкуулап, сүйлөшүп бара жатышканда, Ыйса жакындап келип, аларга кошулуп калды. 16Бирок алардын көзү байланып калгандыктан Аны таанышкан жок. 17Ыйса алардан:
– Эмне жөнүндө сөз кылып жатасыңар? – деп сураганда, шакирттер токтой калышты.
Алардын өңдөрү капалуу эле. 18Анан Клеоп аттуусу мындай деди:
– Иерусалимге келип, жакын арада эле анда болуп өткөн окуя жөнүндө билбеген жалгыз сен окшойсуң?
19Кайсы окуя? – деп сурады Ыйса.
– Назареттик Ыйса жөнүндөгү, – дешти алар. – Ал Кудайдын да, бүтүндөй элдин да алдында кудуреттүү иши жана сөзү менен таанылган пайгамбар эле. 20Биздин жогорку динкызматчыларыбыз менен эл башчыларыбыз өкүм чыгартып, аны айкаш жыгачка керип өлтүртүштү. 21Ал эми биз, Ысрайыл элин куткаруучу – ошол деген ишеним менен үмүттөнгөн элек. Анын үстүнө бул окуянын болгонуна мына бүгүн үчүнчү күн. 22-23Бирок арабыздан бир топ аялдар эртең менен эрте көргө барышып, анын сөөгүн таппай кайра келишип, бизди аябай таң калтырышты. Аларга периштелер көрүнүп, «Ыйса тирүү» дешиптир. 24Ошондо дагы башкалары мүрзөгө барып, аялдардын айтканындай эле Ыйсанын көрдө жок экенине ынанышты.
25Ошондо Ыйса аларга айтты:
– Эй, баамсыздар! Пайгамбарлар айткан сөздөрдүн баарына эмнеге дале ишенбейсиңер! 26Машаяк Өз улуулугуна жеткенден мурун ушул азаптардан өтүш керек эмес беле?
27Анан Ыйса аларга Муса жана башка бардык пайгамбарлардан тартып, Ыйык Жазуулардагы Өзү тууралуу айтылгандарды чечмелеп, түшүндүрүп берди.
28Алар бара жаткан айылга жакындаганда, Ыйса жолун андан ары улай тургандай түр көрсөттү. 29Бирок шакирттер:
– Бүгүн биздикине конуп калсаңчы, анткени кеч кирип, күн батайын деп калды, – деп өтүнүштү.
Ыйса алар менен бирге калмакчы болуп, үйгө кирди. 30Алдыларына тамак келгенде, Ал Кудайга ыраазычылык келтирип, нанды сындырып, шакирттерине сунду. 31Ошондо гана алардын көзү ачылып, Ыйсаны таанышты. Бирок Ыйса ошол замат көздөн кайым болду. 32Шакирттер өз ара:
– Эсиңдеби, жолдо ал бизге Ыйык Жазуулардын маанисин ачып, түшүндүрүп жатканда, жүрөгүбүз от болуп жалындабады беле? – дешти.
33Ошол замат ордуларынан туруп, Иерусалимге кайтып келишти да, он бир шакиртти жакын адамдары менен чогулуп олтурушкан жеринен табышты. 34Алар Эгебиздин чындыгында эле кайра тирилип, Ысманга көрүнгөнүн кеп кылып жатышкан экен. 35Эки шакирт дагы жолдо болгон окуяны жана Ыйсаны нан сындырып жатканда таанып калышканын айтып беришти.
Ыйсанын шакирттерине көрүнүшү
36Алар ушундай деп сүйлөшүп жатканда, Ыйса алардын ортосунда Өзү пайда болду да:
– Ассалом алейкум! – деди.
37Жүрөгү түшкөн алар Аны арбак экен деп ойлошту.
38Ошондо Ыйса аларга айтты:
– Неге коркуп кеттиңер? Эмнеге шектенип жатасыңар? 39Колдорумду, буттарымды карап көргүлө, бул Мен Өзүммүн. Мени кармап көргүлө, анткени арбактын Меникиндей эти менен сөөгү болбойт.
40Ыйса ушундай деди да, аларга колдору менен буттарын көрсөттү. 41Алар кубанганынан ишене албай, аң-таң болуп турушту. Ошондо Ыйса:
– Жегидей бир нерсеңер барбы? – деди.
42Алар Ага куурулган балыктын бир үзүмүн сунушту. 43Ыйса аны алып, алардын көзүнчө жеди. 44Анан аларга айтты:
– Силер менен бирге жүргөн кезде эле: «Мусанын мыйзамында, пайгамбарлардын китептеринде жана Забурда Мен жөнүндө айтылгандардын бардыгы аткарылышы керек», – деп айткам.
45Ошондо Ал Ыйык Жазуулардын маанисин түшүнүүгө шакирттердин акыл-сезимин ойготту. 46Анан сөзүн улап:
– Дагы мындай деп жазылган: «Машаяк ушул азапты башынан өткөрүп, үчүнчү күнү өлүмдөн кайра тирилиши керек 47жана ниеттерин өзгөрткөн адамдардын күнөөлөрү кечирилет деп, Анын атынан Иерусалимден баштап, бардык элдерге кабар жарыялоо керек». 48Силер болсо буга күбөсүңөр. 49Мен силерге Атам убада кылган Ыйык Рухту жиберем. Силер болсо жогорудан келе турган ошол кудуретке толгуча Иерусалимде болгула! – деди.
Ыйсанын асманга көтөрүлүшү
50Ыйса шакирттерин шаардын сыртына алып чыгып, Бейтаниге жакын жерге ээрчитип келди да, колун жайып, батасын берди. 51Бата берип жаткан маалда алардан алыстап, көккө көтөрүлө баштады. 52Шакирттери тизе бүгүп, Ага таазим кылышты. Анан кубанычтары койнуна батпай, Иерусалимге кайтып келишти да, 53ар убакта Кудайды даңазалап, ийбадатканада жүрүштү.

Currently Selected:

Лука 24: КЫРИ

Highlight

Share

Copy

None

Want to have your highlights saved across all your devices? Sign up or sign in

YouVersion uses cookies to personalize your experience. By using our website, you accept our use of cookies as described in our Privacy Policy