YouVersion Logo
Search Icon

Бийлер 8

8
Гидондун мидиян падышаларын колго түшүрүшү
1Эпрайымдар Гидонго:
– Сен неге мындай кылдың? Мидияндар менен согушканы аттанып баратканыңда эмне үчүн бизди чакырган жоксуң?! – деп катуу жемелешти. 2Гидон болсо аларга:
– Менин кылганым силердин кылганыңарга кантип тең келсин? Эпрайым уруусу терип алган жүзүм машагы Абиезердин алакандай уругу жыйнаган түшүмүнөн алда канча артык эмеспи! – деп жооп берди. 3– Мидияндардын эки аскер башчысы Ореп менен Зейепти Кудай силердин колуңарга салып берди. Силердин кылганыңардын алдында менин кылганым сокур тыйынчалык болбойт.
Ал ушинтип айтканда эпрайымдардын ачуусу басылды.
4Гидон 300 жигити менен Иордандын аркы жээгине өттү. Алар чарчап-чаалыгышса да, душманды кубалаганын уланта беришти. 5Гидон Суккотко жеткенде, калаа элине кайрылып:
– Оо, калайык! Менин жигиттериме нан берип койгулачы, – деп өтүндү. – Алар абдан алдан тайышты. Биз мидиян падышалары Зебак менен Салмундун артынан кубалап жүрөбүз.
6Бирок Суккоттун журт башчылары:
– Биз сенин аскерлериңе нан бергидей, сен Зебак менен Салмунду туткундап алдың беле?! – дешти.
7– Мейли, – деп жооп берди Гидон, – Жараткан Эге Зебак менен Салмунду менин колума салып бергенде, ушул кылганыңар үчүн какыр талаадагы төө тикен, чычырканак менен жонуңар тилингенче сабайм!
8Ал жерден Гидон Пенуэлге барып, ал шаардын жашоочуларына да ошол эле өтүнүч менен кайрылды. Бирок Суккот эли кандай жооп берсе, Пенуэлдин эли да ошентип жооп берди. 9Ошондо Гидон Пенуэл калаасынын жашоочуларына:
– Жеңиш менен кайтып келгенимде, мына бул мунаранын таш талканын чыгарам! – деди.
10Ошол убакта Зебак менен Салмун Каркордо эле. Чыгыш элдеринин кошуунунан кылычын жалаңдаткан 120 000 жоокер согушта курман болуп, 15 000 жоокери аман калган болчу. 11Гидон болсо Новах менен Жокбоханын күн чыгыш тарабындагы көчмөндөр жолу менен барып, бейкапар жаткан душман ордосуна кол салды. 12Ошондо Зебак менен Салмун качып жөнөштү. Гидон мидиян падышаларын кубалап жетип, аларды колго түшүрүп, мидиян кошуунун дүрбөлөңгө салды.
13Жааш уулу Гидон согуштан кийин Херес белин ашып келди. 14Жолдон суккоттук жаш баланы кармап алып, суракка алды. Бала ага Суккоттун төрөлөрү менен аксакалдарынан жетимиш жети кишинин ысымын атап берди. 15Гидон Суккоттун элине келип:
– Эсиңердеби?! «Сенин алдан тайган адамдарыңа нан бергидей, сен Зебак менен Салмунду туткундап алдың беле?» деп шылдың кылгансыңар. Мынакей, ошол Зебак менен Салмун! – деди.
16Анан Суккоттун төрөлөрүн карматып келип, төө тикен, чычырканак менен сабатты. 17Анан Пенуэл мунарасын да кулатып, шаар тургундарына кыргын салды. 18Ошондон кийин Гидон Зебак менен Салмундан:
– Силер Табордо өлтүргөн адамдардын келбеттери кандай эле? – деп сурады.
– Алар сен сыяктуу, баары падыша уулдарына окшош эле, – деп жооп беришти.
19– Алар менин энелеш бир туугандарым болчу. Жараткан Эге күбө, эгерде аларды аман калтырганыңарда, мен да силерди өлтүрмөк эмесмин, – деди.
20Анан тун уулу Жетерге кайрылып:
– Бери кел. Мына буларды өлтүрүп салгын, – деп өктөм айтты. Бирок ал жүрөк эти толо элек жигит болгондуктан, кылычын сууруп, аларды өлтүрүп салууга кайраты жетпей койду. 21Муну көргөн Зебак менен Салмун:
– Өзүң келип бизди өлтүр. Адамдын кайраты өзүнө жараша болот, – дешти.
Гидон Зебак менен Салмунду өлтүрүп, төөлөрүнүн мойнундагы асем буюмдарды чечип алды.
22Ушул окуялардан кийин ысрайыл эли Гидондун алдына келип:
– Сен бизди мидияндардын чеңгелинен куткарып алдың. Ошондуктан сен өзүң, сенин урпактарың бизге бийлик кылгыла, – деп айтышты. 23Бирок Гидон:
– Оо, элим! Силерге мен да, менин уулум да бийлик кылбайт. Силерге Жараткан Эге Өзү бийлик кылсын! – деп жооп берди. 24– Бирок силерден бир гана суранычым бар, алган олжоңордон бирден алтын сөйкө берсеңер ошого ыраазымын.
Анткени мидияндар да Ысмайыл урпактарынан болгондуктан алтын сырга тагынып жүрүшчү. 25Алар:
– Албетте беребиз, – деп айтышты да, бир чапанды жерге жая салып, олжолоп алган сөйкөлөрдөн ар бири бирден таштады. 26Чогулган сыргалардын салмагы 1 700 шекел#8:26 Шекел– болжол менен 12 г. алтын болду. Жарым ай асем буюмдар, жасалгалар, падышалардын кырмызы чапандары, төөлөрдүн мойнунан чечип алынган алтын чынжырлар бул эсепке кирген жок.
27Гидон ошол алтындан айкел жасатып, өзү жашаган Опра калаасына алпарып, коюп койду. Кийин бүт ысрайыл эли келип, айкелга табына турган болушту, ушинтип зына кылышты. Ал Гидонго да, анын урпактарына да салынган тузак болду.
Жеруп-Баалдын – Гидондун акыркы күндөрү
28Ошентип, мидияндар багынып, мындан ары алар ысрайылдарга каршы баш көтөргүс болушту. Гидон бийлик кылган мезгилде өлкөдө кырк жыл бейпилдик өкүм сүрдү.
29Анан Жааш уулу Жеруп-Баал үйүнө кайтып кетти.
30Ал жетимиш уулдуу болду, анткени анын аялдары көп эле. 31Шекемде жашаган токолу да ага уул төрөп берди. Гидон анын атын Абумалик койду.
32Жааштын уулу Гидон карылыгы жетип, дүйнө салды. Анын сөөгү Абиезер урпактарына таандык жердеги Опра шаарындагы саганага#8:32 Сагана – бир тукумдун маркумдары коюлчу күмбөз. Байыркы кездерде эврейлер маркумдун денесин кепинге ороп, аска боорундагы оюлуп жасалган бөлмөдөгү текчеге коюп, бөлмөнүн оозуна чоң ташты тиретип жаап коюшчу. Бир нече убакыттан кийин ошол бөлмөнүн оозун кайрадан ачып киришип, маркумдун чирип бүткөн денесинен калган сөөктөрдү чогултуп, кумурага салып, ошол эле бөлмөдө калтырышчу. Бошоп калган текчеге улам кийинки каза болгон адамдын денеси коюлуп турчу. Ар бир тукумдун өзүнүн саганасы болуп, ал жерге ошол тукумдун маркумдары гана коюлчу. коюлду.
33Бирок Гидондун көзү өтөрү менен, ысрайылдар жалган кудай Баал менен кайрадан зына кылып, Баал-Беритти кудай кылып алышты. 34Ысрайыл эли аларды айланасындагы душмандарынан куткарган Жараткан Эгени, өзүнүн Кудайын унутуп коюшту. 35Жеруп-Баал деген атка конгон Гидондун ысрайыл элине кылган жакшылыктарына карабай, алар анын урпактарына бир да жакшылык кылышкан жок.

Currently Selected:

Бийлер 8: КЫРИ

Highlight

Share

Copy

None

Want to have your highlights saved across all your devices? Sign up or sign in

Video for Бийлер 8